Аймак

Королеванын ую (Аңгеме)

Королеванын ую (Аңгеме)

 7,027 Бардыгы /

Тимур жердин түпкүрүнө жайгашкан,  болгондо да түз эле аскалуу  тоого барып такалган  жаңгактуу токой ичиндеги мындай айылга туш келем деп үч уктаса да түшүнө кирген эмес. Район борборунан жүз чакырымдай алыстыкта жайгашкан Акжар айылына түн ортосунда, эл жайлаар маалга кирип келишти.

– Мына айылга да жетип келдик, бүгүн меникинде конок болосуң,- деди шопур Аскар. Тимур чоң чемоданын көтөрүп, Аскардын артынан эрчиди.

– Сайкал, конок алып келдим, биздин мектепке жаңы мугалим келди,- деди Аскар.

– Куш келипсиз, үйгө кириңиз,- деди башына гүлдүү жоолук салынган элеттик чырайлуу келин.

– Айылыбыз менен эртең жарыкта таанышасың, бул жер сага жагып калаарына ишенемин. Көрөсүң, бир аз жашагандан кийин бул жерден түк кеткиң келбей калат,- деди Аскар.

Узак жол жүргөнгө эзилип чарчап чаалыгып калгангабы, Тимур ойгонгондо күн аркан бою кыйла көтөрүлүп калган экен. Сыртка чыккан Тимур көргөн көзүнө ишене албай, бир ордунда селейип каткан боюнча туруп калды. Аскардын кең короосунда кызыл, сары, көкмөк болгон алма бактары шактарын көтөрө албай ийилип турду. Ал эми кашага тосмонун ары жагында алмалары бир аз майдарак келген жапайы алма дарагы, кызыл, саргыч жана карамтыл көгүш тарткан жапайы алчалар, дарактын алпы болгон жаңгактар дүпүйүп, айлананы кенен ээлеп, курчап турду. Тимур «Арстанбап – жердин бейиши, жаңгак  көп өскөн ар кыл аралаш дарак токойлорунун керемет мекени» деп айткан дека Сапарбаевдин сөзүн эстеди. Токой ичинен миң түркүн куштардын безеленип сайраган үндөрү шаардан келген Тимурдун кулагына бир башкача жагымдуу жаңырып турду. Эки-үч үйдөн кийинки көчөдөгү калган үйлөр дарактардын көптүгүнөн жана бийик өскөн жаңгактардан улам көрүнбөй турду.

Чай ичилгенден кийин Аскар Тимурду мектепке алып келди. Жаңы окуу жылы башталарына саналуу күн калгандыктан мектеп мугалимдеринин баары – он бири тең мектепте экен.

– Келгениң абдан жакшы болуптур. Алыскы айыл дешип негедир жаш мугалимдер бизге анча келе беришпейт,- деди элүүлөр чамасындагы көз айнек тагынган мектеп директору Касымбек агай.

– Мага сенин келээриңди күн мурунтан айтышкан. Бүгүн жашай турган жериңе алпарып, сени Кайрынса эне менен тааныштырайын. Эртеңден баштап мектепке келе берсең болот,- деди директор. Мектептин кире беришинде №18 Катар-Жаңгак орто мектеби деген жазуу бажырайып илинип турду.

Кайрынса кемпир жетимишти таянып калыптыр. Эки кызы турмушка чыгып, колунда 6 класста окуган небереси Айбек бар экен. Тимурга үйүнүн жанына салынган чакан эки бөлмөлүү үйдү даярдап коюшуптур.

Сентябрь айы кирип келип, жаңы окуу жылы башталып кетти. Тимур 5 класстан тартып, 10 класстардын окуучуларына англис тилин окута баштады. Университеттен алган билимин, окуткан мугалимдердин берген кеп-кеңештерин жана практика учурунда үйрөнгөн усулдук ыкмаларды балдарга сабак өтүүдө кеңири колдоно баштады. Англис тилин кошумча окутуу боюнча атайын кружок да ачып салды.

– Балдар, кыздар, эне тилибиз болгон кыргыз тилинен сырткары орус, англис жана башка чет тилдерди жакшылап үйрөнүп алсаңар анын эч зыяны болбойт. Канча тил билсең, ошончо дил билген болосуң. Чет тилин үйрөнүп алсаңар турмушта анын пайдасы сөзсүз тийбей койбойт,- дейт Тимур балдарга сабак өтөөр алдында. Тимурдун аракети болдубу, же чындап эле окуучулардын англис тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуулары ойгондубу, айтоор жылыштар акырындап сезиле баштады.

Тимур мектепте чет тилин окутуу менен эле чектелип калбастан, айыл турмушу, анын эли менен жакындан тааныша баштады. Кээде колу бош болуп калганда шопур Аскардын үйүнө барып, бир топко чейин чер жаза сүйлөшүп олтуруп келет. Аскар болсо «мен сени ушул жерден үйлөп, алып каламын, Сайкал жакшы кыздардан караштыра бер» деп аялына тамаша сөз ыргытат. Анда Сайкал «агайдын өзүнүн сүйлөшкөн кызы болсо керек»,- деп калат.

Кайрынса кемпирдин тушундагы үйдө 3 жаш кызы жана бир баласы бар аял жашайт. Чоң кызы Сайрагүл 6 класста, андан кийинкиси Кайыргүл экинчи класста, 6 жашар Нургүл менен 3 жашар көкүрөк күчүгү Талант али жаш бала. Бир ирет Кайрынса кемпир, небереси Айбек болуп чай ичип олтурушканда Тимур кемпирге кайрылды:

– Эне, тигил туштагы кошунаңыздын күйөөсүн такыр көрө элекмин, башка жакта иштейби?,- деди Тимур.

– Аа, шоруң каткыр Зымыратты айтып жатасыңбы? Күйөөсү колунан көөрү төгүлгөн уста жигит болчу. Тамын салып бүтөөрү менен каттуу ооруп, төшөктөн турбай жатып калды. Доктурга деле алып барышты, жардам болбоду. Ооруканадан жаны үзүлүп калды. Кайын- журту деле өп-чап жашашат окшойт деп калдым. Анан калса ар кимдин өзүнүн тиричилиги бар эмеспи. Зымырат болсо тың келин, бечара. Балдарымы бутуна тургузушум керек деп жан алы калбай, тырмалаңдап тынбай тырмышып иштеп келет. Чиедей жетиле элек балдарын бечара өзү эптеп жалгыз багып келе жатат. Жетим жетилет дейт, эртең эле кыздары чоңойуп калса, апасынын оорун колдон, жеңилин жерден алып калышаар. Кыздары менен баласына кудайым ылайым өмүр берсин, кыздары абдан эстүү жана элпек. Өлгөндүн өзүнүн эле шору дегендей кишинин момуну болгон Калдарбай уста болсо кете берди. Зымырат балдарына жарыбаган пособие алат. Ал кийимине жетеби же тамагына жетеби?,- деген кемпир анда оор үшкүрүнүп.

Тимур бир күнү кружогун өткөрүп, үйгө кечирээк кайтты. Кемпирдин үйүндө бакылдаган адамдын үнү угулуп жатты. Бир маалда Айбек баш багып, тамак ичүүгө Тимурду чакырып кетти. Тимур кемпирдин босогосуна келгенде мал доктур Ашырбай кемпир менен небересине уй туурасында астейдил аңгеме дүкөн куруп жатыптыр. Ичип, бир топ кызып калган кишинин үстүнө киргенге негедир Тимурдун буту тартпай турду. Мал доктур Ашырбай болсо бакылдап сүйлөп жатты:

– Эне, биз кыргыздар, чын-чынына келгенде уй жаныбарды анчалык кадырлап сыйлабайбыз, этибарга албайбыз. Анын баркына жетпейбиз. Уйду индия эли сыйласын. Алар уйду тим эле өздөрүнүн кудайындай ыйык көрүшөт. Огородуна кирип калса кууп айдап чыкпайт, качан кенен тоюп, өзү чыкмайынча тим коюшат. Көчөдө жатса анын тынчын албай адамдар гана эмес, машиналарын дагы бипилдетпей айланып өтүшөт. Индиялыктар уй сүт бергени үчүн терең аздектешет. Уй дегениң, ойлоп көрсөң энекебай, өзүнчө эле тирүү басып жүргөн завод эмеспи. А биз, кыргыздар эмне кылабыз? Кашагадан эле өтүп калсын бешилик менен курсагын жара тарткандан кайра тартпайбыз. Индияда жашаган уйлар гана чындап абдан бактылуу,- деген мал доктур Ашырбай пияладагы арагын лак эттирип жутуп жиберип, бети-башын кызыктай тырыштырып туруп, башындагы эски калпагын жыттап калды.

– Эне, мен сизге айтып коёюн, индиялыктар уйдун этин такыр жешпейт. Алар дегениң, уйду өздөрүнүн кудайындай ыйык көрүшөт деп айтпадымбы. Индиянын уйлары чындыгында жолдуу, анан калса ооматтуу жаныбарлар. Ал эми биз кыргыздар эмне кылабыз, биз уйдун этин былчылдатып жыргап гана чайнап жейбиз. Эт саткан касапчыларга баш баксаң кой менен жылкынын этине караганда уйдун эти арбын. Кыргызстандагы уйлар накта шору каткандар экен деп койдум, энекебай. Байкасаңыз, уй деген жаныбар чынында касиеттүү, өзүнө урмат-сыйды талап кылган мал эмеспи. «Бир уйду мүйүзгө чапсаң, миң уйдун мүйзү зыркырайт» деген сөз жөн жеринен айтылбаган. Уйлар союлган малдын канын туюп калышса тим эле барбы, ал жерди айланчыктап кетпей топтолуп алышып, мөөрөп боздошчуудай болсо барбы, адамдардын өкүрүгү шоона эшпей, бул жакта эле калат. Муну кыргыздар аңдашпайт, индиялыктар жакшы билишет, алар уй менен кошо кайгырышат,-  деди мал доктур Ашырбай.

– Койсоңчу, кайдагы шумдукту айтасың, тобоо келтир!,- деди кемпир жакасын карманып.

– Ай жарыктык, мага ишенбесеңиз мугалим жигиттен сураңыз?

– Эй, балам, агайыңды тамак ичкенге чакырдың беле?,- деген кемпир небересине кайрылды. Мен калп эле жөтөлүмүш болуп, үнүмдү кыра жасап, босогону аттап кирип келдим.

– Мына мугалим бала өзү дагы келип калды,- деген  Ашырбай мал доктур ордунан турбай мени менен кол алып учурашты.

– Иним, бул караңгы жарыктыкка индиялыктар уйду кандай сыйлаарын айтсам, түк түшүнбөй жатат?,- Дегинкиси кемпирде да күнөө  жок, аны түшүнсө болот, билими болбосо, өмүр бою ушул айылдан сыртка чыкпаса, билимсиз караңгы болсо кайдан билсин,- деп койду Ашырбай мал доктур. – Ии, баса, индиялыктар жалаң англис тилинде сүйлөшөт, туурабы иним?,- деген ал мага кайрылды.

– Туура, Ашырбай аке, Индия 300 жыл бою Англиянын колониясы болгондуктан англис тили аларда мамлекеттик тил катары саналат,- дедим.

– Мына, көрдүңүзбү эне, илимдин адамы бары-жоктон кабардар болот. Ка-аап, мен Индияда жашаганымда кандай бактылуу адам болоор элем. Алардын кудайындай кастарлаган уйларын дарылап, кадыр-барктуу, анан эң башкысы акчалуу бай адам болуп жашамакмын!- деди мал доктур Ашырбай.

– Мына мени эле алалы, бүгүн мен өз жанымдан энемин уюна укол сайдым, ал болсо бир шише арагын куюп, колума беш сом карматты. Бул деген адилеттүүлүккө жатпайт. Анын ордуна индиянын кемпири болгондо колума беш миң рупий карматмак, туурабы иним?-  деди менден колдоо күткөндөй Ашырбай мал доктур. Мен “ооба” дегендей башымды ийкедим.

Ушул саам Тимур Габриэль Гарсиа Маркестин «Жалгыздыктын жүз жылы» аттуу романындагы:

– «Төлдөгүлө, уйларым,- деп кыйкырып жатты Аурелиано Екинчи кубаныч менен шаттыктын жагымдуу талмасы астында. – Төлдөгүлө – өмүр ансыз деле өтө кыска!» деген саптарын эстеп, жылмайып койду. Негедир ушул саам Ашырбай мал доктур Аурелиано Екинчиге аябагандай окшошуп турду.

–  Жер жүзүндө эң бактылуу уйлар – бул индиянын уйлары. Индиянын эли гана уйду чындап кадырлап-барктап жана терең сыйлай билишет, аны биз гана баалабайбыз! Ашырбай кеткенден кийин Айбек  мага кайрылды:

–  Агай, индиянын эли чындап эле уйду ушунчалык катуу сыйлашабы?,- деди.

–  Ооба, индиянын калкы уйду дүйнөдөгү эң ыйык мал деп санашат,- дедим.

–  Индиянын эли жалаң англис тилинде сүйлөшкөндөрү дагы ырасбы?,- деди Айбек.

– Индияда англис жана хинд тилдери бирдей мамлекеттик тил катары колдонулат,- дедим Айбекке.

 

*                        *                          *

 

Айылдагы окшош күндөр билинбей өтүп жатты. Тимур берген англис тили окуучулардын сүйүктүү сабагына айланды. Кружокко жазылгандар улам көбөйүп жатты. Мектеп директору Касымбек агай калган мугалимдерди да Тимурдан үлгү алгыла деп уяткарчу болду.

– Англис тилин канчалык мыкты өздөштүрбө математиканы жакшы билмейин, сен эч ким эмессиң!- деген Сооронбай чычалап калчу болду.

– Сага эч ким каршы эмес, сен дагы окуучулардын математикага болгон кызыгууларын, анан алардын математикага болгон сүйүүлөрүн ойгото бил. Бир сабакты экинчи сабактан өйдө койгонду сенден экинчи укпагыдай болоюн!- деген мектеп директору Сооронбайды катуу кагып койду.

Жаңы жыл жакындап, балаты майрамына катуу даярдыктар көрүлө баштады. Башталгыч класстардын окуучуларына райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюздук уюмунан колдоо көрсөтүлүп,  ар кыл татуулар менен мөмө-жемиштерден атайын белектер даярдалды. Жаңы жылга үч күн калганда мектепте жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Эң кызыгы жана эң башкысы буга чейин мектептин турмушунда болуп көрбөгөн өзгөчөлүк, жаңылык болду. Окуучуларды Жаңы жыл менен бир гана Аяз ата менен Аяз кыз гана куттуктабастан Санта Клаус кошо куттуктаганында болду. Аяз ата менен менен Санта Клаустун ортосундагы бир гана айрымачылык: Аяз атада узун тон болсо, экинчисинде кыска кышкы тон болду. Анан дагы бир өзгөчөлүк Аяз ата ата-энелер менен окуучуларды кыргыз тилинде куттуктаса, Санта Клаус болсо окуучуларды жана келген меймандарды англис тилинде куттуктады. Жаңы жылдык балаты майрамына Санта Клаустун келиши  коноктор менен окуучулар үчүн күтүлбөгөн, эсте калаарлык унутулгус окуя болду. Санта Клаус жогорку класстын окуучуларына англис тилинде суроолорду берип, ошол тилде жооп бергендерге дептер, ручка жана китептерди белек катары тартуулады. Күн мурунтан даярдалган программа боюнча кыргыз. орус жана англис тилдеринде ырлар ырдалып, майрамдык кече өтө шаңдуу, абдан кызыктуу өттү. Ошентип, окуучулар кышкы каникулга тарап кетишти.

 

*                         *                           *

Көп балалуу Зымырат мектепте пол жуугуч болуп иштейт. Эртең менен таң заарында жана кечинде ал мектепте болгондуктан, кээде анын кенже балдары апасы мектептен келгенге чейин Кайрынса кемпирдикинде болушат. Тимур жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүп үйүнө келсе Зымыраттын орто кызы Кайыргүл  менен баласы Талант кемпирдикинде экен. Кайрынса кемпир баш болуп, баары чогуу чай ичкен соң, Тимур Кайыргүл менен үкөсүн өзүнүн бөлмөсүнө чакырды. Экөөнө бирден момпосуй карматкан соң ал Кайыргүлгө кайрылды:

– Кайыргүл мен эртең шаарга кетемин. Каникул учурунда ата-энем жана бир туугандарым менен учурашып келейин деп чечтим. Сага бир сыр айтсам, эч кимге айтпайсыңбы?- деди Тимур Кайыргүлгө.

– Жок, агай, эч кимге айтпаймын,- Кайыргүл агайына таң калгандай суроолуу карады.

– Мен бир сырды жакшы билемин, аны сага гана айтып жатамын. Улуу Британияда Елизавета деген королева жашайт. Аны Англиянын эли «Биздин королева» дешип абдан катуу сыйлашат. Анын ата-бабалары Улуу Британияны тээ илгертен бери башкарып келишкен. Королдук бийлик улуттун символу жана салты катары аларга ата-энелеринен мурас катары укумдан-тукумга  биротоло сакталып калган. Ал эми ар жыл сайын жаңы жыл алдында дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчунан балдар менен кыздар королевага ыймандай  сырларын баян эткен каттарды жазышат. Балким сен дагы Англиянын королевасына кат жазып жүрбө, буга кандай дейсиң?

– Королева Елизавета кайрылгандардын баарынын өтүнүчүн аткарабы?- деди Кайыргүл.

– Жок, Кайыргүл, бирок ал келген  каттарды сөзсүз өзү окуп чыгат. Анан кимге жооп берүүнү өзү гана чечет. Сага бир болгон окуяны айтып берейин. Бир ирет королеванын үй-бүлөсү түшкү тамакка чогулуп калышат. Баары келишет, бир гана королева негедир кечигет. Бир топтон кийин анын үй кызматынын башчысы королеванын иш бөлмөсүнүн эшигин каккылап, анан баш багат. Кирсе, көзүң жамандыкты көрбөсүн, Улуу Британиянын королевасы Елизвета  иш ордунда ыйлап олтурган болот. Мындай көрүнүшкө таң калган кызматкери ага кайрылат:

– Улуу урматтуу королевам, сизге эмне болду? Деги бейтаптап, сыркоолоп ооруп калган жоксузбу?!- дейт. Анда королева мындай дейт:

– Жок, Ричард, мен сопсоомун. Африкадагы Конго өлкөсүндө жүздөгөн балдар ачкачылыкка дуушар болушуптур, аны азыр эле радиодон уктум. Алар ачкачылыктан кыйналып жатышса  анан мага кантип тамагымдан тамак өтсүн? Урматтуу Ричард, сенден абдан суранамын, менин маянама тамак-аш азыктарын сатып алып, ошол балдарга тез жеткирүүнү камсыздай көргүнүң, сенден муну абдан өтүнөмүн?!- деген экен. Көрдүңбү, ал кандай кайрымдуу, абдан боорукер жана күйүмдүү аял. Кайыргүл бир саамга  ойлоно түштү, анан Тимурга кайрылды:

– Арзыбаган иштер менен королеваны алагды кылуунун кажети жок, агай. Анын жумушу бизсиз деле жетиштүү болсо керек,- деди Кайыргүл.

– Албетте, ал сенин ыктыярың, бирок, мен сенин ордуңда болгонумда, тобокелге салып, королевадан уй сурайт болчумун,- деди Тимур.

– Өзүбүздүн уюбуз  болгондо абдан жакшы болмок деңизчи. Эч кимден сүт менен айранды сурабай калат элек,- деген Кайыргүл мээримин төгө инисине карады.

– Бул өтүнүчтү аткаруу королевага ыңгайсыздыкты жаратпас бекен, кандай дейсиз агай?,- деген Кайыргүл Тимурга кайрылды.

– А сен кат жазып көр, балким окуп калаар. Ал деген Улуу Британиянын королевасы! Албетте, мен дагы толук кепилдик бере албаймын. Ошентсе да мындай деп сүйлөшөлү, сен эч кимге көрсөтпөй королевага кат жазып, эртең мага алып келгиниң. Мен аны королеванын тилине которуп, шаардан салып жиберемин. Балким жолубуз болуп калар, сүйлөштүкпү, бул кат тууралуу экөөбүздөн башка бир дагы жан билбегидей болсун, макулбу?  Кайыргүл ооба дегендей башын ийкеди.

Эртеси таң азандан Кайыргүл агайына королевага жазган катын алып келди. Анда мындай деп жазылыптыр.

«Урматтуу Улуу Британиянын улук даражалуу королевасы Елизавета. Мен сизге Кыргызстандан жылуу салам жолдоймун жана сизди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктаймын. Сизге ыймандай сырымды айтууну эп көрдүм. Апам өзү жалгыз үч кыз, бир уулун багып жатат. Эжем экөөбүз мектепте окуйбуз, ал эми сиңдим менен үкөм али кичинекей. Апам кээде кыялданып, уй сатып алсак жакшы болоор эле деп бизге айтып калат. Бирок, уй сатып алганга чарк-чамабыз жок. Айылда элдин көбүнүн ую бар, бизде болсо жок, андыктан ую барлардан сүт менен айран сурап калган учурлар көп болот. Урматтуу королева, мен сизге бир өтүнүч менен кайрылайын дедим, эгер колуңуздан келсе бизге уй тартуу кыла алар белеңиз? Кийин мен чоңоюп, өз алдымча иштей баштаганда сизге уйду кайтарып сатып берүүгө убадамды беремин. Кайыргүл Турдумаматова, №18 Катар-Жаңгак орто мектебинин 2- классынын окуучусу, Акжар айылы, Кыргызстан.»

Кайыргүлдүн көз алдында анын катын англис тилине которгон Тимур ошол эле күнү шаарга жөнөп кетти. Ал туура эле балдар үйүндө бирге тарбияланып өскөн досу Александрдын үйүнө барды.

– Кел, досум, аман-эсен жүрөсүңбү, кеткен боюнча дайның чыкпай  кеттиң го?!,- деген Саша аны кулач жайып тосуп алды.

– Ишенсең досум, иштерим аябай көбөйүп кетти. Анын үстүнө алыскы айылдагы мектепке бөлүнгөн эмесминби. Каникул баштаалары менен бул жакка чаптым. Саша, мен иштеген айылды көрсөң тим эле барбы, өзүңдү чыныгы жомок дүйнөсүнө түшүп калгандай туясың. Табияты тим эле укмуш керемет, кооз жер. Колуңду созсоң эле башынан ак кар, көк муз кетпеген тоонун аскасына урунат. «Арстанбап жер соорусу, бейиштин төрү экендигине толук ынандым. Арстанбапта болбогон адам бул турмушта жашадым дебей эле койгону оң»,- деген деканыбыз Сапарбаев эң туура айткан экен. Кудайым буйруса быйыл жайында Наташа экөөңөрдү сөзсүз конокко чакырамын!- деген Тимур Акжар айылы, Арстанбап, мектеби жана элет элинин карапайымдыгы менен меймандостугу туурасында чечилип сүйлөп олтурду.

Александрдын жубайы Наталья да Тимурдун келгенине жетине албай сүйүндү. Тамак үстүндө үчөө балдар үйү, анын директору Жапар Садыковду, анын аялы Сонунбү эжекейди эскерип олтурушту. Бир убакыт таап, балдар үйүнө барып, өздөрүнө билим жана таалим-тарбия берген агай-эжейлери менен тарбиячылардан кабар алууну чечишти.

– Саша, Наташа силер менин эң жакын адамымсыңар. Силерден жашыра турган эч нерсем жок. Мен бир маселе боюнча силер менен акылдашып, кеңешейин, оюңарды угайын деп келдим,- деген Тимур Кайыргүлдүн катын Сашага сунду. Саша катты окуп чыгып, анан келинчеги Наташага сунду. Үчөө балдар үйүндө гана бирге тарбияланбастан, университеттин чет тилдер факультетинде да чогуу окушкан. Болгону Наталья  француз тилинин адиси. Жубайлар кыргыз тилинде кадимкидей түш жоорушат.

– Достор, эмне дейсиңер?- Тимур аларга кайрылды.

– Се ля ви, (Турмушуң кургур ушундай – франууз тилинде) дегин Тимурчик!- деди Наталья. – Мен оюңду түшүндүм, сени толук колдоймун. Королева Елизаветаны да тынч жаткырбайт окшойсуң,- деп күлдү Наталья.

–  Сенчи Саша, сен эмне дейсиң?- Тимур эми Александрга кайрылды.

– Менин периштем колдоп жаткан соң мен кайда бармак элем. Эмкисинде Тереза апага кат жазып келбесең болгону,- деди тамашага салган Александр.

– Ырахмат досторум, мени колдооруңарга бөркүмдөй ишенгенмин, иштин калганын мен силерге өзүм түшүндүрөмүн,- деди Тимур.

 

*                         *                    *

Арстанбаптын чок ортосунда жайгашкан Акжар айылына Тимур кышкы каникул бүтөрүнө бир күн калганда келди. Майда барат белек бечкектерден сырткары Айбекке “Кыргыз-англис тилинин” сөздүгүн, Кайрынса кемпирге гүлдүү чоң жибек жоолук тартуулады.

– Жоолукту сизге апам берип жиберди,- деди Тимур.

– Ырахмат, садагаң болоюн,  ата-энең, бир туугандарың аман-эсен, тынч жатышат бекен балам?- деген Кайрынса кемпир алар туурасында Тимурдан ар нерселерди сурап, зерикпей божурап сүйлөп олтурду.

Бир жолу мындай окуя жүз берди. Күнгө жекшемби болчу. Айбек менен Тимур уйларды сыртка чыгарып байлап, аларга чөп салып, сарайдын ичин мал кыгынан тазалашты. Кыш чилдеси болгондуктан күндүн табы анча болбосо да уйларга бир маал сыртка чөп салып, түшкө чукул сугарганы дарыя тарапка айдап жиберишет. Түш оой алар суукта үшүп калбасын үчүн кайрадан чөп салып, сарайга киргизип коюшат. Айбек мал сарайды тазалап бүтөрү менен телевизор көргөнү үйгө кирип кеткен. Күн дагы бүркөлүп, кар жаачудай бозоруп турду. Теребелди тегиз аппак кар басып, жер бети тоңголок.

Бир маалда Тимур көчө тараптан ыйлаган баланын үнүн укту. Бул ким болду экен деп дарбазаны ачкан Тимур жогору жактан ыйлап келаткан Кайыргүлдү көрдү.  Апасынын чоң жибек жоолугуна чулганган анын колунда үч литрлик капкактуу сары сатил идиш. Суукка тоңуп, кыйла үшүп калгандыктан  бети колдору кызарып, көз жашын көлдөтүп, тим эле боздоп  ыйлап алыптыр.

Алдын торой баскан Тимур ага  эки-үч кадам калганда ага кайрылды.

– Кайыргүл, сага эмне болду, үшүп калдыңбы, эмнеге ыйлап жатасың?- деди Тимур. Аны эми гана байкаган  кыз ансайын эчкирип, озондоп күчөп ыйлап кирди.

-Үү-үү, апам камыр жууруганга сүткө жөнөткөн болчу, жолдо тайгаланып кетип, сүттүн баарын төгүп алдым, эми апам мени жемелеп  урушат! – деген Кайыргүл ансайын эчкирип, шолоктоп ыйлап кирди.

– Кой, Кайыргүл, кейибе, ошого дагы ыйлачу бекен. Болбогон нерсе турбайбы, азыр Кайрынса энеңден сүт сурап беремин,- деген Тимур аны колунан алып,  үйгө жетелеп кирди.

– «Элдүү түлкү ач калбайт» демекчи Зымыраттын кыздары дагы жетилип, булардын да жакшы жашар күндөрү келет,- деди кемпир. – Мындай  суукта сени көк муштум кылбай эжелериңди жиберсе болбойт беле?- деген кемпир кызга кайрылды. Кайыргүл үн катпады.

– Эжелери айыл ичин кыдырып, сүт сурагандан уялышат!- деди Айбек.

– Сен шүк олтур, сенден эч ким сураган жок!- деген кемпир небересин кагып койду. Анан кызга чай берип, жылыткан соң, идишине толтура куюлган сүттү кемпирдин буйругу менен Айбек Кайыргүлдү жетелеп үйүнө жеткирип келди. Зымыраттын өзүнүн ую болбогондуктан сүт менен айранды кез-кез айылдаштарынан сурап алып турчу. Ал эми кышында ую барларда деле сүт азайып калчу. Мындайда ак ичкиси келген балдарынын талабын аткаруу кыйла оорлой түшчү.

*                           *                         *

Ызгардуу кычыраган кыш да кетип, көк көтөрүлүп жаз да кирип келди. Дарактар жалбырактарын чыгарып, Арстанбап аймагы жашыл ааламга чулганып чыга келди. Элеттиктер эгиндерин эгип, картошкаларын олтургуза баштады.  Алма, алча, долоно тегиз гүлдөй баштады. Куш-парандалар бак-дарактарга уяларын салып, табият тирүүлүктүн, жашоонун улуу симфониясына бөлөнүп жатып калды.

9-май майрамынан кийин Тимур сабагын өтүп бүтүп, түштөн кийинки кружокко даярдык көрүп жаткан. Бир маалда англис тил кабинетинин эшиги шарт ачылып, катуу чуркап келгендиктен улам энтигип, алактап алган Айбек шашыла кирип келди.

– Агай, Зымырат эжеге бир англичан музоолуу уй алып келиптир. Агайыңды тез чакырып кел деп мал доктур Ашырбай мени сизге жөнөттү, тез келсин дейт!

– Койсоңчу, англичан экендигин кантип билдиң?

– Сиз сабак өткөндө кандай сүйлөсөңүз ал киши да кудум ошондой сүйлөп жатат,- деди Айбек.

– Жүр анда, баралычы, музоолуу уйду эмнеде алып келиптир, аны жетелеп келдиби?- деди Тимур.

– Жок, агай, аны борту бар машинага жүктөп келди. Аябагандай чоң карала уй экен, музоосу да кудум энесиндей карала!- деген Айбек Тимурга жанаша басып, быдылдап тынбай сүйлөп келе жатты.

– Агай, уйдун да, музоосунун да мойнунда кызыл лентага байланган коңгуроолору бар экен. Уй менен музоо басканда же баштарын бурганда коңгуроолор жагымдуу  үн чыгарат экен,- деди Айбек.

Алар Зымыраттын үйүнө жеткенде ал жерде бир топ адамдар топтолуп калыптыр. Арасында мал доктур Ашырбай, Кайрынса кемпир, Зымырат кыздары менен жана жакынкы коңшулар үймөлөктөшүп туруптур.

– Мындай асыл тукум уйду ушунча жыл ветеринар болуп иштеп жүрүп, биринчи жолу көрүшүм. Ой-тообо, жаныбардын сөлөкөтүн карасаңар, биздин уйлар мунун алдында эчки эле болуп калат!- деген Ашырбай уйду айланчыктап, тимеле суктанып карап жүрөт.

– Мына, биздин тилмечибиз да келип калды, байболгур иним, бул меймандын эмне деп чулдурап жатканына түк түшүнсөм майнеке болоюн, өзүң сүйлөшчү?- деди Ашырбай Тимурга.

– Биздин айылга куш келипсиз, урматтуу мейман,- деп Тимур чоочун жат кишиге англис тилинде кайрылганда ал аялы эркек бала төрөгөндөй аябай кубанып кетти.

– Саламатсызбы, кудай жалгагыр, келгениңиз абдан жакшы болбодубу, королеванын аманатын ээсине кантип тапшырарымды билбей, башым маң болуп калды эле,- деди эжигейдей сапсары болгон англичан. Экөө бир топко дейре сүйлөштү. Мейман колундагы портфелинен бир барак кагаз сууруп чыгып, аны Тимурга узатты. Ал кагазды окуган Тимур башын ийкегилеп, экөө кайрадан  айылдыктар үчүн ныпым түшүнүксүз болгон чоочун элдин тилинде, улуу Шекспирдин тилинде ээн эркин сүйлөшүп, кең-кесири баарлашып жатышты. Бир маалда жылмайган Тимур апасынын жанында турган Кайыргүлдүн жанына басып келип, анын кулагына акырын шыбырады:

– Улуу Британиянын королевасы Елизавета уй менен музоону силерге жөнөтүптүр,- деди. Заматта, күтүүсүз сүйүнүчтөн кыздын көздөрү чырактай болуп балбылдап жана түштү. Капилет келген кубанычы койнуна сыйбаган кичинекей Кайыргүл бирде уй менен музоону, бирде аны алып келген мейманды, бирде апасын, бирде Тимурду күлмүңдөй жылмая карагылап, балалыктын тунук сүйүнүчү жаш денесине батпай, толкуп ташып чыкты. Анын кубанычы ушул саам ааламга сыйбагандай чексиз болчу.

– Зымырат эже, Кайыргүл экөөңүздөр жүрүңүздөр, мейман силерди чакырып жатат?- деген Тимур аларды келген конок тарапка ээрчите басты. Элдер улам көбөйүп, карала уй менен музоону тамаша кылып жатышты. Төртөө сөздөрү элге угулбай турган жерге жеткенде мейман менен Тимур кайрадан апасы менен кызына түшүнүксүз болгон тилде сүйлөшүп киришти. Анан Тимур Зымыратка кайрылды.

– Зымырат эже, Кайыргүл Англиянын королевасына кат жазган болчу. Мен аны которуп, Жаңы жылдын алдында салып жибергенмин. Ал эми бул киши королеванын аманат белегин сиздерге тапшырып, эртерээк жолго чыгайын деп жатат. Кайыргүл,  сен мобур эки жерге атың менен фамилияңды жазып, анан бүгүнкү күн менен жылды жазып кой. Ал эми королеванын сага жазган катын бул байкең сага таштап кетет. Аны мен кийин окуп беремин. Мейманды чай ичип кетиңиз десем такыр көнбөй жатат,- деген Тимур Кайыргүлгө кайсыл жерге жазыш керектигин көрсөттү. Кагазды колуна алган англичанин Кайыргүлдү көкүл чачынан сылап, ага жапжаңы кооз конвертти сунду.

Деги эмне болуп жатканын жакшы аңдап түшүнө албай турган Зымырат эми гана эсине келгендей пайпаластап шашып калды.

– Эч болбосо нан алып чыгайын, ооз тийсин!- деди ал Тимурга карап. Ал келген мейманга анын тилинде кайрылып, Зымыраттын өтүнүчүн айтты. Ал жылмайып, Зымыратка өз тилинде ыраазычылыгын билдиргендей болду.

– Зымырат эже, мейман мен абдан ыраазымын, жол кыйла узак экен, эртерээк кайтайын деп жатат.

Англичанин Кайыргүлдүн жанына келип өз тилинде сүйлөдү эле, аны Тимур которуп берди.

– Королеванын катында баары жазылган дейт. Мейман уй менен музоону жүктөп келген машинанын кабинасына олтуруп, кайра шашыла жөнөп кетти.

– Зымырат эже, бул уй менен музоону королева тартуу кылганын үчөөбүздөн башка эч ким билбей эле койгону оң. Сурагандарга жакшы адамдар беришти деп коюңуз. Мейман адам менден ушуну силерге айтып коюумду өтүндү. Королева кайрымдуулук багытындагы жакшылык иштерин жарыя кылганды эч качан жактырбайт. Эми королеванын Кайыргүлгө жазган катын окуп берейин,- деген Тимур Кайыргүлдүн колундагы кооз конвертти алып, аны аярлай этияттап  ачты.

«Менин кичинекей, сүймөнчүктүү кызым, Кайыргүл. Мен сенин катыңды алып, аябай кубандым. Ишенсең, мен Кыргызстандан биринчи жолу кат алып жатышым. Көрсө, мен Улуу Британия элинин гана королевасы эмес, сенин дагы королеваң экендигиме аябай сыймыктанып, кубандым. Бул үчүн сага терең ыраазычылыгымды билдиремин. Сенин катыңды окуп чыгаарым менен Кыргызстан жөнүндө баарын-баарын билүүгө сабырым кетип, аябай  ашыктым. Сенин өлкөң мени өтө таң калтырып, абдан суктантты. Көк асман тиреген Тянь-Шань, Памир тоолору, касиеттүү Ысык-Көл эмне деген гана керемет жер. Айтмакчы, СССРдин космонавты Алексей Леонов «Ысык-Көлдү космос мейкиндигинен карасаң, ал кудум эле адамдын жүрөгүнө окшоп көрүнөт» дегенине мен толук ынандым. Ысык-Көл картадан деле адам жүрөгүнө окшошуп турбайбы.

Менин сүймөнчүктүү, кичинекей Кайыргүлүм, сенин «мен чоңоюп, иштеп калганымда сизге уй сатып беремин» дегениңе мен миң мертебе ыраазымын. Ушул сөзүңдүн өзү эле мага канчалык күч кубат менен каниет алып келгенин билгениңде эле! Королевалар өздөрү тартуу кылган белегин эч качан кайра артка кайрып албаган. Мындай жорук королевага, анын улуу даражасына туура келбейт. Бул менин сага тартуулаган белегим деп кабыл алгын. Мен сенден суранаарым жакшы окугун, ар дайым апаңдын тилин алгын, эжелериң менен үкөлөрүңө ар дайым кайрымдуу жана мээрман болгун. Мен терең ишенемин, Кыргызстандын таза абасы менен кооз жер шарты сенин уюң менен музооңо сөзсүз жагат. Сенин королеваң Елизавета»

Зымыраттын күтүүсүз жерден музоолуу уйлуу болуп калгандыгы айыл ичине чагылгандай тез тарап, бир айга жакын элдин баары ушул туурасында гана кеп кылып калышты. Ал түгүл алыскы коңшу айылдардан адамдар атайын жол арытып, уй менен музоону көргөнү келип жатышты. Бирок, кызыккандар канчалык такып сурамжылабасын,  уйду ким бергендигин, анын кайдан келгендигин билген бир дагы жан болбоду. Мал доктур Ашырбай күн мурунтан эле айткандай уйдун сүттүүлүгү жергиликтүү уйларга караганда алда канча көп экендиги Зымырат  алгач сааганда эле анык болду. Уйдун жооштугунда кеп жок эле.

– Бул жөнөкөй кашеки мал эмес, муну асыл тукум жаныбар деп коёт. Колдон келсе мунун тукумун көбөйтүүнүн аракетин ойлонушубуз керек. Атаңдын көрү,  мал болбосоң коё кал, башыма чач чыкканы мындай көөш жана сүттүү малды көрбөгөнмүн!- дейт мал доктур Ашырбай.

– Ай, Зымырат,- деди бир күнү таң заарынан келген Кайрынса кемпир.

– Адамдын аласы менен көздүүсү ичинде болот дейт. Алдагы шылдыраган коңгуроолорду алып салып, ордуна көз мончок тагып койсоңчу? Келгендер эле көп болуп жатат. Балдарыңдын ырыскысы буулуп калбасын!- деди. Ошол эле күнү Зымырат кызыл лентаны шыңгыраган коңгуроосу менен кошо алып салып, эч ким байкабагандай кылып, уй менен музоого көз мончок тагып койду. Апасы менен тырмактай болгон кызы королевага жараткандын куттуу күнүндө узун өмүр тилешип, ага чын дилдеринен чыккан алкоолорун жана ыраазычылыктарын айтышат. Ал эми чынында ушунун баарын жасаган балдар үйүндө тарбияланып өскөн томолой жетим, эне сүтүн тоё эмбеген, ата-эне мээримин көрбөгөн, таштанды, мугалимдик кесибин алгач ушул Акжар айылынан баштаганьТимур экендигин эч ким аңдаган да жок, ойлоп дагы койбоду. Королеванын каты, уй менен музоонун мойнуна байланган кызыл лента менен коңгуроо Натальянын ойлоп тапкандыгын, анын кылыгы экендигин Тимур башында эле туйган болчу…

 

Жалал-Абад шаары, Жолдошбай Осмонов

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17