Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СЫНАК. Ачы токой кызматы токой аянтын ижарага берет
ЖАРЫЯ. Аксы районундагы Авлетим токой чарбасы жаңгак аралаш токой аянттарын ижарага берет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ОТУН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ ЖАРЫЯЛАЙТ.
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
СЫНАК
СУЗАК РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ЖУМУШКА ЧАКЫРАБЫЗ!
КЫРГЫЗ СОМУНА 25 ЖЫЛ. СЫНАК
Аукцион
Сынак. БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
МОГОЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН БОШ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨ БОЮНЧА С Ы Н А К ЖА Р Ы Я Л А Й Т
Жарыя. ЖАЗУУЧУЛАРГА СЦЕНАРИЙ ЖАЗУУ БОЮНЧА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ
Продается участок под бизнес в г. Жалал-Абад цена 200000 сом 0777444401
Тендер
ДЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Жарыя
Акция!!! Биринчи жолу Жалал-Абадда!!!
СЫНАК
АУКЦИОН

ЦЫГАН КЫЗ АЛЬБИНА (Махабат баяны)

ЦЫГАН КЫЗ АЛЬБИНА  (Махабат баяны)

3,243 просмотров всего, 9 просмотров сегодня

Дөңгөлөк чимирилип айланат, жеңил машина канаттуу куштай учат, жеп ичилген даңгыр жол закымга айланат. Жолоочунун жол аңгемеси баарыбызды ойго салды. Ала-Бел ашуусуна көктөн төгүлгөн апакай ак карды тиктеп телмирип бараттык. Жүрөк титиреткен домбуранын муңдуу күүсү, казактын чексиз созулуп, бозоруп жаткан боз шыбактуу, шамалдуу талаасы, ак боз атын ак булуттай чууртуп чаап бараткан казак  кызы көз алдыга келет. Зыпылдап учуп бараткан жеңил машинеде термелип, Суусамырдын керемет табиятын тиктеп,ойго батканым менен тээ алыс, алыс калган 60-70- жылдардагы жаштык жылдардын дооруна сиңип, ошол бир узун күндөргө барып, кайра кайтпас махабат лаззатына арбалып, ак жолукту цыган кызы Албинамды эстегенимде буркурап ыйлап жибердим го…

“…Кагылайын каралдым ай, кайдасың?… Кай жердесиң?…Жер бетинде барсыңбы?…Бар болсоң кабарыңды билгизбейсиңби? Мени Кудай алат дейсиңби, баягы Кыргызстандамын да. Сени издеп Алтай крайындагы Бийск шаарына бардым. Сени ал жерден таппай калдым. Табор андан ары сапарын улаптыр. Сенин  таборуңдун кеткен багыты бей дарек эле Албина!…”

Лып, лып этип ак кар тыбырап төгүп туру.

Мына кызык, Олжобай менен Кишимжандын сөөгү көмүлгөн бийик аска-тоолуу өрөөндү көптөн бери байырлап калган. Кереметтүү табият сырына айла жок. Эки ашык Олжобай менен Кишимжанды жоктогонсуп батыш тараптан агылып келген жүндөй самсаалаган кара булуттар эки аска-зоонун ортосуна чогулуп  өргү алып кайдан, жайдан, алыс, алыстан агып келген кара булуттар үйүлүп, көбөйүп, саамга дымып турат да, анан эле зоонун ичи капкара түнгө баткансып асман түнөрүп, чагылган жалт-жулт көрүнгөндө асман кулак тундура дүңгүрөп, андан соң көнөктөп жаан төгүлөт. Жүндөн тытылган кара булуттар жаанды төгүп, өзү менен ызгаар борошолуу шамалын айдактап, жымжырт жаткан теребелди тоз-тополоң, будуң чаңга бөлөп, жөө боз туманын кошо айдактап чыгыш тарапка сүрүлүп жөнөйт.

…Мен да көзүмдөн жашымды мончоктотуп төгүп, буркурап ыйлап отурам…Тээ илгерки Фрунзе шаарында дал ушундай жаандуу күндө шөмтүрөп сууга чылансак да Дзержинский булвардын бактуу жолун аралап цыган кыз экөөбүз бири бирибизден айрыла албай, бири, бирибизди кыя албай, айрылуу, ажырашуу, бөлүнүү мезгил, түн кирип келатса жүрөгүбүз ачышып, жөө тумандай агылган убакыт шамга токтосо экен деп тилечүбүз. Цыган кыз экөөбүз эч бири бирибизден айрылгыбыз келчү эмес. Айла канча күн кечтегенде аны үйүнө жеткирип, мен квартирама кирип кетчүм.

Цыган кыз Альбина жашаган үйгө биз жакын коңшу жашачубуз. Эки үйдүн ортосун болгону жыгач кашаа гана бөлүп турчу. Бир кездеги кибирейген кичинекей кызды мен сүйүп калам деп үч уктасам түшүмө да кирген эмес эле. Мектепти бүтүп, Фрунзедеги сүрөтчүлүк окуу жайына тапшырып жүргөн кезимде кичинекей цыган кыз жолумду тозуп акидей асылып, болбой атып алаканыңды көрсөтчү, төлгө ачам деп жабышып алды.

Мен болсо каткырып күлүп, анын сөзүнө ишенбей баласынтып мурдунан чымчып эркелетип, так көтөрүп боорума кысып, бетинен өөп, тармал чачынан сылап, бар ойно чоңоё бер, анан төлгө ачасың деп шылдыңдагансып квартирама кирип кеттим. Ошол, ошол болду мен цыган кызды унутуп калгам. Кийин сүрөтчүлүк окуу жайында окуп жүрдүм. Жатакана жок. Көрүнгөн жерде жашап, бир күнү Аня энеге кокустан жолугуп калдым. Баягы өзүң жашаган үй, келе бер, баламдай болуп калдың эле. Жалгыз башым менен беш бөлмөнү ээлеп отурам. Сен келсең квартирант алалы. Студент кыргыз балдарды тап деди. Ошентип баягы цыган кызга кошуна Аня эненин үйүндө жашап калдым.

Этюткамды асынып шаарга жакын тоолорго чыгып, сүрөт тартканы жөнөгөм.

-Алик абайлачы…

Мөлтүр булактын коңгуроолуу шыңгыр, назик үнүндөй шаңшыган абаз үн арт жагыман угулду. Жалт бурулсам, тармал чачы шамалга сапырылып, желкеден ылдый жаба төгүлүп, каз моюну койкоюп, чаа жаак, кырдач мурун, оймок ооз, бакыраң көз, иймек каштуу кыз жай басып келатыптыр.

-Салам,-деди кыз.

-Салам:-дедим мен.

-Сени менен барсам болобу, – деди ал.

-Кайда, эмнеге?

-Жөн эле, сени менен бир болгум келет.

-Кызыксың да Альбина, мен тоого барып тоолордун сүрөтүн тартып келем. Сага эмне бар?

-Алик кантип түшүнбөйсүн. Сага эч тоскоол болбойм, сүрөтүңү тарта бер. Мен жаныңда карап отурсам болду.

-Мейли өзүң бил, ата-энең урушпаса болду- дедим.

Альбинанын ушунчалык сулуу экенин кызгалдактарды аралай чаап жүгүрүп баратканда көрдүм. Көңүлүм сүрөт тартканга чапкан да жок. Чоктой кызыл кызгалдактарды аралай жүгүрүп, жер жаңыртып каткырып күлүп бараткан цыган кызды артынан кууп жеттим. Күү менен экөөбүз кулап гүлдөргө көмүлдүк. Ысык дем… Алоолонгон отун жалын… Кыздын назик эриндери… Солкулдаган тал чубук денеси кучагыма жыландай оролуп, тамак кургап, көз тунарып, делебе козголуп, жүрөк дүкүлдөп калтырак басып, өзүмө өзүм ээ боло албай, кара күчкө салып, олдоксон кыймылга өттүм…

  • Алик… Аа… Алик тийбечи… Аа…аа..а…па..

Кыздын кылыктуу кынкыч үнү элес угулгансыды.

…Сууга түшкөн чычкандай экөөбүз эки жерде соолуп жаттык. Кыздын көзүн карай албай, бетине тике тиктей албай шөлбүрөп отурдум. Чоң күнөө иш кылдым да…

Күн кызарып уясына батып баратты. Цыган кызды аяп боорума кысып, кызгалдактуу ээн талаада экөөбүз соксоюп отурабыз. Үйгө кайталы десем цыган кыз ата-энесинен коркуп, үй-бетин көргүсү келбейт.

-Альбина жүрү үйгө кетели. Ата-энең кабатыр болуп жаткандыр.

-Алик эмине кылганыңды түшүнөсүңбү… Ушу бетим менен үйгө кантип барам, жанагы экөөбүздүн акыл-эсибизден тандырган жалындуу оттуу махабат оюндан кийин мен сенин катының болдум, калдым. Чынында Алик мындан башка жол жок болчу. Билесиңби, мен секелек кезде так көтөрүп бооруңа бекем кысып, бетимен өпкөндөн кийин бир кызык сезимде калгам. Ал сезим сүйүүгө айланды. Сени сүйүп калдым. Сени издедим, эч жерден таба албадым. Тагдырды карачы, айланып өзүң келдиң. Ушундай ооматты кантип колдон чыгарам.  Алик!…Алик!

Биздин цыгандардын салты жаман каардуу, каргашалуу. Бөтөн элге кыз бербейт, кыз албайт. Табордун законун бузган кайгылуу өлүм менен аяктайт. Сен кыргыздын баласы, мен цыгандын кызы эмне үчүн кыргыз жигитин сүйбөшүм керек, эмнеге жакшы көрүүгө акым жок… Мен цыган кызы болгонум үчүнбү? Акыры тили, дили башка болгону  менен жер бетинде бирге коюндашып жашаган адам баласыбыз го. Азыр сен экөөбүздүн ушинтип отурганыбызды көрсө табордун башчылары өкүмсүз эле союп, муздап, өлтүрүп кетишет. Бирок мен сенден айрылгым келбейт. Башымды канжыгага байлап, сүйгөн жигитимдин катыны болуш үчүн тикелей өлүмгө бардым. Сенчи Алик?…

-Мен дагы Альбина, сени эч кимге бербейм. Өлүмгө да даярмын Альбина. Ишен жаным.

Төбөдө ай сүттөй жарык. Теребел жымжырт. Түнкү мээлүн айдарым жел бети колду аймалайт. Альбина көөдөнүмө башын коюп ургулайт. Кызгалдактуу ээн талаада гүлгө оронуп ширин уйкуга азгырылып бара жатканыбызды сезбей да калдык.

-Алик мен сенин закондуу, никелүү аялың болгум келет. Цыгандардын салты менен никелешип койсок цыгандар да, таборлор да унчуга албайт.

-Кантип?

-Бычагың барбы?

-Бар.

-Алып кел анда.

Этюткамдын ичинде жүрчү бычакты алып кыздын колуна карматтым. Альбина өзүнүн сол колун кошуу кылып тилип кан чыгарды, мен оң колумду кошуу кылып кан чыгарып, экөөбүздүн колубуз кандуу жерге жабыштырылып кошуп бириктирилди.

-Алик экөөбүздү эми өлүм гана ажыратат.

-Ооба Альбина сен экөөбүз түбөлүктүү биргебиз.

Чыкты №31-санга

…Ак, караны ылгабаган сүйүү ай, көз тунарып, көз бозоруп, эртеңки азаптуу күндү ойлобогон жаштык, мастык, цыганка кыз менен кыргыз баласынын ак сүйүүсүнүн эртеңкиси эмне болот? Кандай күн, түн, тагдыр күтүп турат? Баары биздин ширин, бактылуу ой-кыялыбыздай болобу, жокпу? Балалык сүйүү жылт эткен учкун экенин кайдан билдик, кайдан туйдук. Сүйүүнүн көзү сокур, кулагы дүлөй, укпаспы? Цыган кыз, кыргыз баласы ушу жарык, жалган дүйнөдө табышып, сүйүшүп, махабат лаззатына чөмүлүп, дене кумарына чаңкоолору канбай, күнү-түнү лаззат ширин деңизинде чабак уруп сүзүп жүрүп эки ай өткөнүнүн сезилбегенин кара. Сүйүү, махабатка мас эки жаш эки айды эки күндөй сезгенин кара. Ушу махабаттуу күндөрдүн азабын кийин өмүр бою тартарыбызды цыган кыз да, мен да ойлобоптурмун.

Кереметтүү кооз тоолордун койнунда сулуу цыган кызды кучагыма кысып эртең, бүрсүгүнү наадан адамдар бактылуу ордобузду бузуп, Альбина экөөбүздү айныбас азапка саларын кайдан билдик. Ай  адамдар ай, биз силерге эмне жамандык кылдык. Биздин үй-бүлөлүк уябызды бузбай, назик сүйүүбүздүн ташын талкан кылып талкалабай тынч койбойсуңарбы акыры!….

Зымырап закымга кошулуп машина учат. Төө Ашуудан өтүп Кара- Балтанын катмарланган аска-тоолорун суктанып тиктегеним менен дагы деле тээ 60-70чы жылдардан арыла албай, тармал чачтуу келинчегим Альбинаны ойлогонумда, эсиме түшкөндө жүрөгүм ачышып, көзүмөн жаш тыйылбайт. Өксүп-өксүп көөдөнгө сыйбай, батпай, буулуккан сагыныч, кусалык, көөдөн тээп, фонтандай атырылып чыкты.

…Уктарымда жаш баладай эркелетип, дагарадагы ыссык жылуу сууга буттарымды жуучу. Анан алдыма отуруп эркелеп, акмамык төшөккө кулачу элек… Ах чиркин ай, кыздын жыпар жытына мас болуп махабат лаззатына чөмүлгөнүбүздө таңдын атканы, күндүн батканы сезилчү эмес эле…

Парпыраган цыган көйнөгүн кийип, мени ээрчип “Ала -Тоо”, “Россия” кинотеатрга барганыбызда сейил бакта эс алып отурушкан орус аялдары “Вот да, красивая пара” – деп бизге угуза айтып тамшанып  калышар эле. Дагы бир кызык, жаңы баш кошуп жашап калган жылы Альбина бир эле чыныга тамакты куюп мага берип, өзүнө тамак куйбай мени карап тиктеп отурчу. Өзүңө тамак куюп келбейсиңби же чыны жокпу  дечүм. Ал анан ичем дечү. Бир айдай тамак ичпей арыктап да кетти. Негедир мен жокто ыйлаганын байкап калдым. Эки көзү кызарып чыкчу. Бир жолу ыйлап отурганын көрүп калдым. Эмнеге ыйлайсың, ооруп калган жоксуңбу? Доктурга баралыбы? Көп ыйлабачы, сен ыйласаң өзүмдү коёрго жер таба албай жатам. Себебин ачык айтчы десем деле унчукпайт. Ого бетер өксүп, көөдөнүмө башын коюп буркурап ыйлайт. Эки, үч күндөн кийин курбу кызы келип калды. Экөө сүйлөшүп отурган. Бир маалда курбу кызы мени сыртка чакырып чыгып ээнирээк жерге барып адегенде эле кесе сурады.

-Алик  Альбинаны сүйбөйт экенсиң го?

-Койчу, кантип, сүйгөнүм үчүн цыгандардын башыма салган азабына чыдап, өлүмгө башымды байлап Альбинага үйлөнбөдүмбү. Мен сүйбөсөм, Альбинаны жакшы көрбөсөм эчак эле куйругумду түйүп качмакмын. Ким айтса бекер айтат. Альбина менин балалык  наристе  сүйүүм дедим.

-Чын сүйсөң эмнеге тамагыңдын кешигин бербейсиң? Цыгандарда эркек сүйүктүүсүнө ичкен тамагын ашырып, кешигин берет. Сен болсо тамагыңдын кешигин бербейт экенсиң. Карасаң бир айдан бери тамак ичпей арыктап кетиптир,- деди курбу кызы .

-Ээ, кеп биякта дегин. Мен силердин андай салтыңарды кайдан билиптирмин,- деп күлдүм.

Анан Альбина чыныга тамак куюп алдыма койгондо кичине ичкен болуп анан “менин сүйүктүү келинчегим, тамакты ичип ал” деп кешигимди ага сундум. Байкушум сүйүнүп ичип алчу. Кийин тез оңолуп, келбети сулуу болуп кетти.

…Түн ичи кучагымда эркелеп жатып, башын жалт көтөрүп мени узакка тиктеп туруп уялыңкы жылмайды:

  • Алик менин боюмда бар!

Күтүүсүз сүйүнүчтү укканда оболу дабдырай түштүм.

-Чынбы Альбина?

-Чын, апам айтты, доктурга алып барып көрсөтсө кызыңдың боюнда бар дептир.

-Сен апа, мен ата… Чын эле жаш туруп….

Экөөбүз тең каткырып күлдүк. Кийин кыздуу болдук. Бизден да Альбинанын ата-энеси жалгыз кызым эле эми небере менен эки кыздуу болуп калдык дешип аябай сүйүнүштү. Кайната, кайненемдер кызыбыздын атын Чолпонай коюшту. Анда ошо балалык сүйүүмдөн пайда болгон Чолпонай  кызымдан бөлүнөрүмдү кайдан билдим…  Ай атиң ай…

Дөңгөлөк чимирилет, закымча айланып мезгил өтөт. Кечээ эле цыган кыздын колунан жетелеп эл журттан жашынып, караан көрсө бекинип, тоону аралай качып, баш паана тапсак, ошо жердин паанасын түнөп кылып жашар кез кайда калды. Оокат жок ач калганга да кайыл болуп, неси болсо дагы бири бирибизден айрылбай жетелешип жүргөнүбүзгө шүгүрчүлүк кылар күндөр алыс калып кетти го. Бир үзүм нан, бир кесе ыссык тамак табылган күн майрам эле го. Бир үзүм нанды сен же, сен жечи дечү боорукерлик ойгонгон күндөр закымдын түпкүрүнө сиңип кетти го. Кийимдерибиз эскирип ач жыңалач калсак да, кара курсактын азабын тартсак да, өзөк үзүлгөн, көз бозоргон, көз тунган ачарчылыктын азабын тартсак да кайра чыйралып, бири-бирибизге болгон боорукерлик  күчөп, ыссык сезим от алып, жапайы дүйнөнүн эрке уул-кызына айланган кызык таң калыштуу сонун күндөр кайда, кайда, кайда…

Ээн жер, ээн токой, ээн зоона, жапайы дүйнө. Мына бу аска-зоолорго бекинип, жашырынып жашасак да адамдардан кутула албайт экенсиң го чиркин. Бизди өлтүрүп коёт деп Альбинанын ата-энесинен, цыгандардан, деги эле табордун каардуу сотунан безе качып кол кармашып, ээн жердин эрке эркин уул- кызына айланганыбыз менен деги эле адамдардан жашына албадык го чиркин.

Күз да кирип келди. Теребел кызыл сары, күрөң боёкторго сүртүнүп, кусалануу сезимди ойготкон күздүн чыйрыктырма боз тумандуу жааны үч күндөн бери төгүп турган. Таш корумдагы отуна боюнда Альбина экөөбүз ысынып отурганбыз. Алачыгыбызга капыл-тепил мергенчи чал кирип келди. Жонундагы куржунду алдыбызга коюп, өзү жаныбызга үн-сөз катпай отурду. Альбина андан коркуп менин артыма бекинди.

-Коркпо кызым, мен деле силерге окшогон кишимин. Мергенчимин, көптөн бери силерди байкап  жүрөм. Андан көрө куржундагы эт, каймак, айран, нанды алып курсак тойгузгула. Калганын оокаттан кийин сүйлөшөлү, — деди.

Эчен күндөн бери эт, бешбармак, май каймак, айран ыссык чай көрө элек эле. Байкушум ай, Альбина мага сыгыла жөлөнүп дасторкон толо тамактан улам бирден алып, мени карап жылмайып коюп аптыгып жеп жатты. Ушундай жапайылык азаптуу күнгө бөлөгөн ачуу тагдырга ичим ачышып, каңырыгым түтөп, көзүмө жаш тегеренди… Баятан бери бизден көзүн албай тиктеп отурган мергенчи чал оор күрсүнүп алды.

-Бери карачы, уулум, ушундай сулуу кызды ала качып алган чыныгы эр азамат экенсиң. Болгондо да зайыбың бөтөн улуттан го. Ээ жаштар ай, эртеңди ойлобойсуңар да… Мен да жаш болгом. Мен да жашымда ашык болгом. Азыркы кемпириме өтө ашык болуп, эринин койнунан сууруп ала качып келгем. Кой балам, мен көргөн азапты сен көрбө… Эртең кыш болот, тоңуп каласыңар. Куруңду мойнуңа салып кайнатаңдын  алдына чөгөлө, кечирим сура… Кечирер. Калганын мага кой, цыгандар менен мен өзүм сүйлөшөйүн… Кой балам, бирөөнүн аймончоктой кызын ээн тоодо ала качып жүрүп көп кыйнаба балам. Бирөөнүн келинчегине ашык болуп, ал да мени сүйгөн, ала качып дайынсыз жоголуп, ушу тоолордун ичинде жападан жалгыз жашадык. Ооба өкүнбөйбүз, эки ашык табыштык, кошулдук. Бирок бала көрбөдүк… Баса атың ким балам?

— Алик

— Келиндинчи?

— Альбина.

— Мындай эмесе Алик, Альбина бир эки ай силерди жакшылап багайын. Кийим кечегиңерди оңдоюн. Анан кемпир экөөбүз силерди ата-энеңердин алдына алып баралы,- деди.

Чиркин дүйнө, Жоодарбешим мергенчи чал ата болгонун айт, Сонунбү эне, эне ордуна эне болгонун айт. Кыз калыңы деп минип жүргөн күлүк аргымак, кара кашка атын бергенин айт, цыган кыздын ата-энеси баш, табор башчысы цыган кемпири төш болуп, тирелип турган журтка Жоодарбешим абам экөөбүз курубузду моюнга чөгөлөп кечирим сурап турчу кез кайда. Оо, ошондогу окуяны азыр эстеп  төбө чачым тик турат.

Кайран киши мээр тил менен цыгандарды ийитип, кыздын атасынын алдына жасалгалуу, токулгалуу атты бура тартып, кыздын атасын атка мингизип, ушул эки жашка бата бергиле, көшөгөсү көгөрүп, өнүп-өсүп, бала-бакыралуу болсун деп эки колун көккө жайып, бата сурап турган Жоодарбешим абам менен Сонунбу эне азыр каерде, кайда?

ххх

Альбина экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуздун шаанисине цыгандардын кары-жашы дебей чоң өттү. Тегеренип, чимирилип бийлип, эки  күн оюн тамаша өткөн мезгил кайда. Ошол күндөр өттү да, кетти… Кечээги солкундаган жаш жигит, эми минтип чоочун жерди, тоолорду аралап, зымырап бараткан жеңил машинада соксоюп жалгыз баратпайбы. Жанында баягы сулуу цыган кыз жок. Бей дарек, белгисиз жоголгон….

Ким ойлоптур баарынан айрылып соксоюп жапжалгыз калам деп…

ххх

…Жай айы. Ошко ата-энемди көргөнү жөнөдүм. Алар менен акылдашып  келинчегимди Ошко алып бармак элем. Ал убак Фрунзендеги эски аэропорт болчу. Альбина кызын көтөрүп, мени узатканы кошо келди. Менден карыш алыстабай ээрчип, эркелеп жүрчү келинчегиме Ошко бараташым оор тийди окшойт. Көзүнүн жашын төгүп ыйлайт, ыйлайт. Калп күлгөн болот. Баягысындай көөдөнүмө башын жөлөп кызыбызды ортого алып, мотураңдаган күлкүсү чыгып калган Чолпонайды мага көрсөтүп, атабызды бат кел дечи… Ошко барбай эле кой дечи… Бизди жалгыз таштаба дечи… Ата сен кетсең…

-Альбина Оштон тез эле келем. Анан кызым экөөңү Ошко алып кетем… Ыйлабачы Альбина,- дедим.

Карасам жаныбызда кайын энем менен Альбинанын курбусу Ира туруптур. Алар менен шашылыша коштошуп, кызымды эки бетинен өөп Альбинаны сыга кучактап, эриндерин узакка шимип турдум. Жол карасам эл самолётко түшүп бүтүп калышыптыр. Шашып калдым.

-Альбина кабатырланба, тез эле келем. Жакшы кал, көрүшкөнчө, –дедим.

-Алик?…

Альбинанын ачуу чыңырыгы жерди солк эттиргенсиди. Жалт бурулуп, каккан казыктай бир оорунда жылбай туруп калдым катып.

-Алик таборду изде!… Алик…Алик… Сени кызың экөөбүз күтөбүз!…

-Альбина түшүнбөдүм, эмине дейсиң?…

-Ай жүргүнчү болуңуз тез…

Улам, улам кылчактап тепкич менен көтөрүлүп баратып. Самолёттун ичине кирерде артымы жалт карасам, Альбина кызын бооруна кысып, башындагы ак жоолугун булгап турду. Саамай чачы төгүлүп, колундагы ак жоолук айдарым шамалга дирилдеп турду…

Арстанбап тоо  өрөөнү. Аска таштын чокусуна отуруп алып батыштан агылгылап келген ак булуттарды узата тиктеп, ойго тунуп отура берем. Батыштан учуп келген ак булуттар чыгышты көздөй сүрүлүп, жаныман учуп өткөндө тээ илгерки, сагынычтуу, куусалуу сезимдер көөдөн тээп сыртка атырылганда көздөрүмөн жаш шорголоп агылат. Альбина менен болгон бактылуу күндөрүм көз алдыма үзүлүп, үзүлүп өтө берет…

…Фрунзе шаары Россия  театрына киного киргенче эс алмак болуп, Альбина мени колтуктап алар эле. Мен кызымды көтөрүп элди аралап баратсак, өзгөчө орус калкы, орус улгайган аялдар бизди суктана узата карап калышчу. Кээ бирөөлөрү атайын токтотуп сурашчу.

-Сен го цыганкасың, сенчи, монголсуңбү?- дешчү мени.

-Ой кокуй жок, кыргызмын. Оштукмун.

-Бул сенин келиңчегиңби?

-Ооба, менин келинчегим Альбина, кызым Чолпонка.

-Оо, жакшы, жакшы… Бай, бай… Таң каларлык. Бактылуу болгула ылайым…

…Көктөгү бир узун булут менин төбөмө келип токтогонсуп жылбай Альбинанын ак жоолугундай дирилдеп туруп калды…

-Альбина! Аа аа а…

Бакырып ыйлап жибердим…Альбина! Альбина барсыңбы, кай жердесиң… Деги жер бетинде тирүүсүңбү. Бар болсоң бир дайыныңды билдирсең болбойу…

Өксүп, өксүп бакырып ыйласам, боздогон ыйым тоолорго жаңырып, тоолор мени менен кошо ыйлап жатты.

Акыркы жылдары жүрөгүм сыгылып жан дүйнөм дүрбөлөңгө түшүп калганда бүтүндөй баарын жыйыштырып, тоолорго чыгып кетмей адат таап алдым. Жашоо мага кызыксыздай. Өмүр бою издегеним цыганка Альбина, кара чечекей кызым Чолпонай…

Чокуга конуп, байыш тарапты телмире тиктеп ойго чөмүлүп, өзүм менен өзүм болуп, тээ илгерки балалык кезге азгырылып кетем.

Он эки, он үчтөгү секелек цыган кыз табак салынган бир нан, бир шиңгил жүзүм, бир ыстакан суюк каймак көтөрүп жетип келет.

-Алик курсагың ачкандыр жеп алчы. Кана алсаң…

Цыган кыз экөөбүз кашаанын түбүндөгү узун үстөлгө отуруп, табактагы азыктарды ортого коюп чогуу жегенге өтчүбүз. Жүзүмдү бирден үзүп оозума сала берчү. Ой боюма койчу эмес. Эмнегедир дамат менин курсагымды бакканды жакшы көрчү… Менин алдыма отуруп мойнумду кучактап, эркелеп беттеримен өпкүлөчү. Мен секелек кыздын бул кылыгын тыйып уят болот десем, каткырып күлүп ою бетер асылчу эле.

Бүгүн да адатынча мойнумду кучактап эркелеп отуруп, капилет чочугансып төлгө ачайын, тагдырыңды көрөйүн дебеспи.

-Алик колуңду берчи, тагдырыңды көрөйүнчү.

-Койчу Альбина төлгө ачканга али жашсың. Дагы кичине бойго жет, анан.

-Мен балапан кезимен шаман энем төлгө ачканды үйрөтүп келген. Жок дебе, көрөйүнчү.

-Мейли анда, көрсөң көр, -деп колумду сундум. Альбина алаканыма көпкө үн катпай тигилип, алаканымды тиктеген калыбында бышыктап ыйлап жатты.

-Ой Альбина, сага эмне болду. Деги тынччылыкпы?…

Цыган кыз чочугансып тикесинен тура калып жашы төгүлүп турган көздөрү менен мени узакка тиктеп туруп:

-Ах, жинди,- деп ачуу чыңырып жаагыма бир чапты. Жаагым тыз этип ачышып чыкты. Цыган кыз бетин чүмкөгөн тармал, узун чачын артка бир силкип, үйүн көздөй жүгүрдү… Мен болсо эмне болуп кеткенине эч бир түшүнбөй дендароо болуп отуруп калдым.

Ошол күндөн тартып цыган кыз эч бир менин көзүмө чалдыкпай жүрдү. Өзүн менден алып качып калды. Капилет, калпыс бет орой жолуга калсак, шарт бурулуп мени карабай жер тиктеп качып жөнөйт. Мен болсо бу цыган кызга эч түшүнө албайм.

Бир жолу кечке жуук  көчөгө чыксам Альбина эки -үч кыз менен ойноп отурган экен. Байкатпай жанына жеттим, мени көрүп таңкала тиктеп туруп анан шарт качарында колунан кармап калдым.

-Эй тентек кыз, сага эмне болду. Эмнеге менден качып калдың. Тагдырым мени ойго салды. Төлгөчү болсоң ачык айтпайсыңбы.

-Айтпайм, колум ооруп кетти кой берчи Алик.

-Тагдырымы качан айтасың?

-Коё бер, болбосо кыйкырам…Мама….

Мен цыган кыздын колун коё берип узаганча шаштым.

Арадан бир эки ай убак өттү-кетти. Баягы секелек цыган кызды унутуп деле калгам. Бир күнү кечке маал Аня эненин небереси бөлмөгө шашып кирип келди.

-Алик, сени жолдо Альбина күтүп турат, тез чыга калсын деди. Мыногу баштык толо жүзүм, шабдалы, помидор, каймак, нан, кеседе лагман. Сага берип ийди.

Эх, ушу секелек цыган кыздын кылыгы өттү — деп сүйлөнүп жолго чыксам Альбина мени күтүп турган экен.

-Ия тентек кыз, менден качпай калыпсың го.

Цыган кыз бир саамга башын жерге салып, анан капилет жарк күлүп:

-Менде акча бар, киного алып барчы.

-Чын элеби.

-Чын Алик…

-Альбина Россиягабы же Ала-Тоого баралыбы?

-Бүгүн киного кирбей, сейил бакка барып сүйлөшүп отуралычы?!

Сейил бактагы гүл зарлуу, бийик арчалуу аянт арасындагы бир ыңгайлуу бош скамейканы тандап отурдук. Үстөлгө учуп кетчүдөй конуп отурган цыган кыз бет маңдайыбыздагы скамейкада кыналып биринин башы бирине кийилип, өбүшүп отурган орус жигит менен орус кызды узакка таңыркай тиктеп турду да — элден уялышпайт ко… Алик мен бойго жетип чоңойсом ушинтип өбөсүңбү…

Мен аргасыз кыз сөзүнө каткырып жибердим.

…Ай тентек кыз ай, оболу чоңойчу…

…Сен эмне Алик, мени кичине дейсиңби. Керек болсо экөөбүздүн тагдырыбызды билем.

Цыган кыз кабагын салып жер тиктеп отуруп калды. Мен да күлкүмдү тыйып олуттуу болдум.

-Альбина, ал эмне деген тагдыр?

-Алик мен сенден кыз төрөйм….

Цыган кыздын сөзүнө чочуп кеттим . Кантип ишенмек элем. 12-13төгү секелек кызга ким ишенсин…

-Койчу тамашаңды, кайдагы сөздү!

-Ишенбесең келе колуңду, тагдырыңа мен жазылып турам го.

Цыган кыздын көзүнүн жашы төгүлдү. Буулугуп ыйлап отуруп, тагдырыбызды айтып жатты.

… Сенин тагдырыңа жазылган цыган кыз мен Альбинамын, экөөбүз эл журттан безип, качып табышабыз. Ах, махабаттын ширин лаззатына  бөлөнүп, бактылуу күндөр өтөт. Биздин сүйүүбүздүн бүчүрүнөн сулуу кыз жаралат. Мен сенден кыздуу болот экем. Биздин сүйүүбүз ушунчалык ысык, бактылуу, бирок кыска. Мына эки ача айрылыш жол, бул жалгыз аяк жол менен жалгыз кетесиң. Мен бул айрылыш жол менен кызым экөөбүз табор менен кетебиз. Таборду издеп таап, кызың экөөбүздү алып калсаң алып калдың. Биз өмүр бою бирге чогуу бактылуу жашайбыз. Таборду таба албасаң, сен өмүрүңдүн аягына чейин арманда өтөсүң. Бизди да оор тагдыр күтүп турат Алик…

Ххх  ххх

Катмарланган аска-зоолорду аралап  ийи-буйру жыландай соймоңдогон асфальт жол менен канаттуудай сызган жеңил машина закымга айланып бараткансыйт. Тээ илгерки 60-70чи жылдарды артка калтырып, ошо жылдардан алыстагандан алыстаса да, ошондогу махабаттуу күндөрдүн элеси көктөгү ак булуттардай көктөн көрүнүп турат.

12-13 жаштагы секелек цыган кыздын айтканын анда этибарга алган эмес элем. Тагдырым кыз айткандай эле болду го. Цыгандардын шаман сыйкырчы, көзү ачык кемпир энеси Альбинаны шакирт кылып тарбиялаган турбайбы.

Эки чылбырды-таборду, бийликти, шаман-сыйкыр- төлгөчүлүктү бир кармаган Сайбира сыйкырчы кемпир менен секелек кыз Альбинанын сөзү цыгандарга өтүмдүү окшобойбу. Цыгандар бөтөн элге кыз бербейт, кыз албайт, сөөк жаңыртпайт, кан тазаланбайт. Цыгандар жакын туугандарынан кыз алып, кыз берип жашай берет. Түпкүлүгү бир кан, сөөк бир болгондугунан цыгандар майдаланып баратат, кем акыл, мунжу, арык-торук төрөлгөндөр көп- көп эле. Альбина секелек болсо да мына ушул маселеден качып сөөк жаңырткысы, кан алмаштыргысы келип, курама темирден курч чыгат деп өзүнүн кызын, уулун алп денелүү, узун бойлуу, сулуу, өтө акылдуу кылгысы келип, бөтөн элдин, болгондо да мусулмандын баласы мени тандаганын анда кайдан билдим. Табордун мыйзамына каршы башын өлүмгө сайып ушул жолго түшкөн турбайбы. 12-13төгү секелек кыз шаман сыйкырынын, магиянын керемети менен мага ар кандай тамак бере берип, мени сыйкырга бышырып бүткөн турбайбы. Он алтыга али толо элек кыз жүр качтык десе качып, айткан жагына кете берип, жетелеген жагына жетеленип жүргөн турбаймынбы. Азыр да секелек цыган кыздын дубасы мени дагы деле коё берген жок.

Ошондогу 12-13 жаштагы секелек Альбина өз элинин глобалдуу тагдырын ойлоп, майдаланып жок болуп бараткан цыган элинин эки тамчы болсо да жаңы кан кошуп, эки тамчы сөөк жаңыртып, кыргыздан төрөлгөн  кызы менен уулун эртели кеч цыгандар менен аргындашарын жакшы билет. Альбинанын кызы бойго жетип күйөөгө чыкса, уулу цыган кызга үйлөнсө, алардын уул-кыздары акылдуу, узун бойлуу сулуу болуп жетилет. Ошо кездеги секелек Альбина мына ушуну ойлогонуна эми менин акылым жетип отурбайбы.

Ошко жөнөр түнү Альбина төшөк кумарына өлө канып, жыңалач көөдөнүмө башын коюп:

-Алик боюмда бар. Уул болотко дегени эсимде. Ырас Альбинаны табор алып кеткенде кызымды гана көрүп калгам да.

Узак жылдап мына ушу бүдөмүк ойлор мени азапка сала берет, ойлонтот, өкүнтөт, кайгыртат.

Дөңгөлөк чимирилип тегеренет, жеңил жаңы машина закымга айланып бизди алып учат. Радиодо комуз күүсү муңдуу боздойт. Жок жоготуп какшап ыйлайт, какшап боздойт, армандуу зарлайт. Комуздун муңдуу күүсүнө арбалган жан-дүйнөм деңиз толкунундай кур-шар этет. Түпкүрүнөн түрүлүп келип көккө сапырылып, көк чапчыган ак көбүктүү толкундар жээктеги аскага күү менен чабылып, өпкө кагып, өксүп кайра артка карай тартылат…

Ошондо Оштон учуп келип сагындырган кызым Чолпонай менен сүйүктүү жарым Альбинаны табалбай, жер сыйпап отуруп калганымды эстеп ботодой ыйлап бара жаттым. Биз жашаган үй аңырайып бош, Альбина менен кызым эч жерден көрүнбөйт.

-Альбина…Чолпонай!… Кайердесиңер? Мына мен келдим Альбина!…

Шашкалактап бардык бөлмөлөрдү тытып чыктым, короо-жайларды карадым. Альбина, кызым да эч жерде жок.

  • Альбина!…Альбина!…

Үй болсо ээн, аңырайып бопбош. Бирок көрөн-жерен баары ор-ордунда… Мүмкүн Альбина атасына кеткен чыгар…  Дарбазанын кыйч этип ачылганы эшитилди. Үмүт оту жылт жана түштү. Көчө тараптан Альбина кызын көтөрүп киргендей сезилди. Сыртка атып чыктым. Дарбазадан кирип келаткан Альбинанын курбу кызы менен тиреше түштүм

-Альбинаны көрдүңбү?

-Альбина табор менен кетти

-Кайда, каякка, эмнеге?…

-Ай Алик, цыгандарды билбейсиңби, бүгүн биерде, эртең тиерде. Өмүрү жолдо… жашоосу жолдо… Ыр, бий, оюн-тамаша болсо болду.

-Лена! Лена менчи? Мени эмнеге таштап кетти Альбина, кызымчы?… Альбина акыры менин аялым го…Оу…Ох..оо…оу…

— Алик өзүңдү бас. Альбина мына буну сага калтырып кетти. Берип кой деди.

Лена түйүндү чечип дамамат башына салынып жүрчү Альбинанын чоң ак жолугу менен кызым тарбалаңдап ойноочу мамалагын карматты.

-Алик буларды көргөндө мени менен кызын эстей жүрсүн, -деди эле Альбина аманатын мага карматып…

Альбинанын ак жоолугу менен кызымдын аюу мамалагын бетиме жапканымда Альбина менен кызымдын наристе жыты буркурай түштү. Ак жоолук менен аюу мамалакты кайра- кайра жыттагылап бук түшүп, буркурап ыйлап жаттым, ботодой боздоп жаттым… Мага Альбинанын курбу кызы Лена – орус кыз ыйлап турду.

…Ай атиң дүйнөм түгөл, жашоом тынч, сулуу келинчегим койнумда, жыпар жыттуу кызым көөдөнүмдө эркелеп ойноп “папа, папа”- аталап кыт кылыктап күлүп турганда шаарым бүтүн, айылым тынч жаным, бир заматта бороон чапкын, куюн учуруп алып кеткенсип ээн, ач-жылаңач куру талаада тентип калганыма заманам таарып боздоп турдум…

Чаламандын чак түшүндө аба-ырайы айнып, кайдан жайдан кара булуттар пайда болуп асман түнөрүп, бороон-чапкып алаамат түшүрүп, теребел тоз-тополоң, көктө чагылган чартылдап, от бүрккөн чагылган жыландай соймоңдоп, күн күркүрөп, алай-дүлөй түшүп, күн нөшөрлөп жаап кирди. Чагылган чартылдап, күн күркүрөп, аба жарып учуп өткөндө жарык нур жерге агып түшүп “Алик таборду изде” –деген  ачуу үн жаңырып, теребелге тарап жатты.

-Эмне дейт?

Лена уккан кулагына ишене албай сурады. Үн дагы кайталанып, көктөн ачуу жаңырганда Ленанын көздөрү алайып коркуп мага жабышты.

-Алик таборду изде?

Ленаны жыга түртүп, ордуман атып туруп көккө кучак жайып, үнүмдүн баарынча кыйкырдым.

-Альбина! Альбина кайдасың, каердесиң. Кызым кана!

Заматта күн басылып, кара булуттар дарексиз жоголуп, күн чайыттай ачылып, теребел мемирей жымжырттыкка бөлөндү.

…Цыгандардын табору кеткенине үч эле күн болду,- деди алтайлык кыргыз.

-Цыгандардын ичинде бөтөнчө сулуу келин менен колунда кызды көрө алдыңызбы?

-Көрмөк түгүл алар менин үйүмдө ата-энеси менен чогуу жашап турдугой. Ай сенин атың Аликпи и я.

-Ооба аксакал, атым Алик.

-Күйөөм издеп келет, аты Алик, кыргыз жигит келсе ушул сүрөттү берип коюңчу деп аманатын мага калтырып кетти. Ме, ал балам аманатыңды…

Сүрөттө Альбина мени тиктегенсип карап, сүрөттөн көрүп тургансып күлүп турат. Баягысындай чоң ак жоолук салынып алыптыр.  Болтойгон сулуу кызы апасына башын жөлөп мотурайып мени тиктеп турат. Келинчегим менен кызымды тиктеп туруп көздөрүмөн жаш куюлуп ыйлап ийдим. Каап, үч күн эрте келгенимде табордун үстүнөн чыкмак экем. Алыс жол, өмүрүмдө Алтай крайын көрбөсөм. Бийик шаарын укпасам. Альбинанын курбусу Ленага салган дилгирем менен издеп араң жетип келбедим беле!…

-Арба Алик, издеп келериңди билгем. Жолдо кыйналбадыңбы. Сен бизди сагынгандырсың. Алик сени аябай сагындым, кызың дагы аябай сени сагынды. Кыргызча аталап сени издей берет… Алик, сенин өң-түсүңдү бир көрсөм арманым жок эле. Алик, баягы кыргыз жери гүлдүү талаада кубалашып ойноп жүргөн талааны сагындым. Гүлдүү талаада коюндашып жаткан айлуу түндү сагындым. Баарынан да сени абдан сагындым. Сени менен жолугушар күн болор бекен? …

Алик кечир!… Табордон  бөлүнө албайм… Кызымдын тагдырын ойлойм. Сенден бүткөн боюмдагы наристенин келечек өмүрүн ойлойм. Эгер балдарым болбогондо табордон качып, мен өзүм сага учуп бармакмын. Табор эч кимди, эч жакка бөөдө бөлбөйт. Закону катаал… Түшүн  Алик… Табор баш аягы жок, узак сапарга чыкты. Кайда барат, кайда токтойт белгисиз. Кош көрүшкүчө Алик.

Алик таборду изде!…

Кулагыма жаңырган үндөн көөнүм азып, эс учум жоголуп кулап түшкөнүмдү сезбей калыптырмын. Эсиме келип көзүмдү ачсам керебетте жатам. Алтайлык Абакылай аба үстүмө үйүлүп түшүп, дары дармек берүү менен убара. Кемпири жойлолоп башыма суу тегеретип чачат. Уул, кызы алдыма дасторкон жайып түрдүү даам төгөт. Мен эс алып, дасторкондун жанына тегеренип отурган алтайлыктардын арасына келип отурдум.

-Ай балам, алдагы сүрөттөгү келин, кыз сенин үй-бүлөңбү. Эмне болуп аларды жоготуп отурасынгой.

-Эй ава, -дедим да көзүмдүн жашын көлдөтүп төгүлткөн бойдон муңдуу дастан айткансып Альбина экөөбүздүн балалык, секелек күндөн башталган улуу тун сүйүүбүздү бир четинен айтып жүрүп отуруп кыз цыган болсо да, мен кыргыз болсом да сүйүү-махабат деген үмүт ылгабайт экенин зар-зарлап айттым. Альбина жөнөкөй кыз эмес, бу жалган дүйнөгө кокусунан адашып келген, миң бир жаралар сыйкыр-касиеттүү кыз экенин баяндадым бар болгону. Бир кыздуу болуп эки жылга жетеринде каргашалуу табордун көчмөн жашоосу күч алып дүйнө кезип, мен үйдө жок кезде сапар жолго чыгышканда келинчегим табордон бөлүнө албай кошо кеткенин айтып жаттым…

Эртеси Абакалый аба поездга салып жөнөтүп жатып башын чайкап, муңдуу күлүп, деди го:

-Таң кала турган сүйүү дастаны, сүйүу тагдыры.  Илгери мен мындай улуу сүйүүнү китептен окучу элем, эми сүйүү дастанындагы каармандагы кыз-жигитти өз көзүм менен көргөнүмө ишене албай жатырмынгой. Ай атың Алик дейсиңби, буну келинчегиң тили келбей жеңил Алик деп алса керек кой, азан чакырып койчу өз атыңды мага айтып коюп кетчи каралдым.

-Адыл.

-Ээ ушундай дебейсиңби, Адыл кыргыз элине салам айтып кой. Кош көрүшкөнчө.

Поезд аста-секин жүрүп, улам-улам жүрүмү күчөп, катуулап ылдамдыгы арбаган сайын Абакылай абамын кол булгап турган карааны кичирейгенден кичирейип, акыры көрүнбөй калды.

Жан алым калбай жете келип, бирок сүйгөн жарым, келинчегим, цыган кыз Альбина менен сүйүктүү кызым Чолпонайды табалбай, дидарларын бир көрө албай ичим ачышып, көзүмдүн жашы тыйылбай өксүп, өксүп ыйлап бараттым.

-Альбина!…

(уландысы бар)

 

Абдыразак ОМОРОВ, журналист, жазуучу

 

 

 

 

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
     12
24252627282930
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17