Аймак

«КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ»

«КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ»

 6,762 Бардыгы /

Жаштыгыман  китептер дүйнөсүндө  акылмандар  ааламында , окумуштуулар  сөзү  менен  чоңойдум .

Рухий  азыгым ,жашоодогу  талабым , жан дүйнөмдүн  байлыгы  китептер   болчу .  А  эгер  өмүр  керемет  болсо  мен үчүн  китептер  менен  гана  керемет   болуучу .

Ошол  кереметти  көрүү – оттой  ысып ,көлдөй тереңдикке  чумкуп , алтындай ылайдын  арасында  жылтырап махабаттын майлуу машакатына , турмуштун  түрдүү соккуларына окуган  китептерим  жардам  берет  деп  ишеничим  бийик  болуп  өзүмдү  эркин  сезчүүмун .

Ал эми  үйдө  апам  « – дилиң  аллада,колуң  эмгекте  болсун  » – деп дайым  эскертип  турчу . Врач  болуу  тилегим  ишке  ашпаса да биолог  мугалим  болуп  ишке  кирдим  . Тилчи  мугалимге  турмушка  чыктым . Канчалык  китепти   көп   окусамда  ,  талабым  дагы  да  бийик  болчу.  /й  толо  себиме  берилген  буюмдардын  арасында  белек  бечкектер  көңүлүмү  бир шкаф  китептердей  өзүнө  тартчу да ,  көңүлүмү көтөрчү да эмес .

Бир күнү  жолдошум  пайдасыз  билимден  кудай  өзү  сактасын деди …

Окугандарыбыз  жөнүндө   маектешкенди  жакшы  көрчүүбүз . Бул бизге  адат  болуп калды.

Жыл   үч  төрт  жолу  айланып  баратса  да  бөбөк  жытын  жыттай  албай   кыжаалат  боло  баштадык … Окугандарыбыздын  уккандарыбыздын  турмушта кандай  пайдалана  аларыбыздын  сыноосу  келдиби  дейм .  Теңирге  телмирип ,  врачтарга  кайрылып ,  күнү түн  дебей бата кылып  жакшылыктан  үмүт  үзбөдүк  .   «- Эй  роббимбизгеөзкучагыңанпакизаперзентатайкөр , албетте  адамдардын  тилегин  угуп  аткаруучу  өзүңсүң  эй  алла»   Кудайым  бизге  татынакай  таттуу  кыз  берди .  Кызыбыз  үйүбүзгө  бейиштей   жылуулукту  алып  келди.  Биз  күтүү  менен  өткөргөн  күндөрдү  унутта  калтырдык .

Бир  куну  эле  үйүбүздү  формачандар  келип   интүү өткөрдү .Ошол  эле  күнү жолдошуму  камакка  алды.

Кийин   билсем  жолдошум  студент убагында жашыруун  топтордун   таасири  стында  болгон  экен.

Чечкиндүү  алал  инсан  экендигин  билчүүмүн  , бирок…  .

Сот  чечими  угулуп  6   жылга  эркинен   ажырады . Катуу  коркуп  кеткеним  үчүн  көкүрөгүмон  сүт  чыкпай  кызымды  малыш  берип  бага  баштадым .

Кыйын  күндөр   башталды ,  кайрадан  жаратканга  жалбардым . Коркунучка  басындым , буга  сабырым  жетеби  эй  алла,

Эх  ошол  күнгө  чейин  ыйманымды  бекемдей  көр . Китептерден маани  издейм.  Колумдан  келгени  ушул.

Жолдошум   алыста  мусапыр   болчу. 3  айда  3  күнгө  жооп  берип  турчу.

Сагыныч  эмне  экенин  билгиң  келеби ,

Көңүл  түпкүрүн  көргүң  келеби ,

Кыштан  жазды  сурагың  келеби,

Бир  жолу  мусапыр  болуп  көргүн анда  сен.

/й- бүлө   кадырын  алардан  сура ,

Махабат  кадырын  алардан  сура ,

Тагдырдын  ташын  алардан  сура .

Бир  жолу  мусапыр  болуп  көргүн  сен.

Мусапыр  болмоюнча  мусулман  боло  албайсың.

Барып   жолукканда  окугандарыңан  айтчы  деп  калат .

…Жылаңачты  жүз  киши  тоной албайт  , Бийик  терек  мурда  кулайт ,   Өзүмчүл  киши  өзгөгө  жакпайт ,  Талапсыз  өмүр  ,  эч  нерсеге  жарамсыз  өмүр , Татыктуу  бакыт  чоң  кайгынын  артында болот … .

Таң  сүрөт , үч  күн  үч  жылга  татыйт ..Барарда  сагынуу  менен  билинбегени  менен,

кайтууда  жол  бир  узун  сезилсе ,  бир  машакаттуу  сезилет.

Арада  кызыбыз  да  чоңоюп ,акылын   таанып , кайра- кайра  атасын   сурайт .  Жумушта  иштейт  деп  алаксытам  да  өзүм  ыйлап   жиберем .

Кызым  кээ  күндөрү  ысытмалап ,ооруп  кыйнаса  да   көбүрөөк  мени  кайгымдан   алаксыткан  медерим   болду.

Убакыт   өкүмүн  жүргүзүп 3  жашка  толуп , бакчага  берип , өзүм  мектепке  жумушка  кирдим.   Айланадагылар  ар  кандай  кино сериалдар ,жаңы  модадагы  кийимдер  жонүндо  сүйлөшүшөт  .  Активдүүлүгүмөн – « эри  жок да  азыр»- деген  сөздөрдү  угуп  калам .

Арыктап – азып ,жүдөп  калыпсың  деген  туугандарымын  кабатыры  бар .Көңүлүмө  тынчтык  ,журөгүмө   салкындык , денеме  кубат  берген – китептер .

Китептерден  себеп   издейм .Дагы  жаратканга  кайрылам .

-«  Кийизди   кагуу  үчүн  келтектешет ,  жазалоо  үчүн  эмес , тазалоо  үчүн . Турмуштун  сага  болгон   соккулары  сени  жазалоо  үчүн  эмес  балким  сени  сыноодо  тазалайт  , кайгырба .  Мындай  залкар   ойлордон  улам  жаңыланамын . Бул  машакаттар . күтүү азаптар   дилими  тазаласа   көңүлүмү  жарытса  ,  жүрөгүмү агартса  миңден  бир   ыраазымын …

Кызым  чоңогон   сайын  түрдүү  суроолорду  берет.  Атасын  сураганда   тамагыма  бир  нерсе  тыгылып   калат .Алыста  иштейт  деймин  да  кабагым  бүркөлөт . Кезектеги   жолугууга  өзүм  менен  кошо  алып  бардым  атасын   көрсүн деп . Кайтканыбызда   эмне  үчүн  атамдын  ишинде  милициялар  турат  дейт . Банкта  иштеген  тайэжесин   эстеттим ,  ал  жерде  деле  милициялар  турат ко деп.

-Анда  неге үйгө  келбейт

– Жумушу  ушундай   деймин.

Бекем   кучагыма  басамын ,көзүмөн  аккан  жаштар  кызымдын   бетин  жууп  түшөт.

– Атам  келсинчи  апа

– Жакында   келет,  сага  көп  белектерди, таттууларды  алып .

– керек   эмес  таттуу   белектер ,  атам  келсин .

–  макул  кудайдан   сурайлы   кызым

– кудай  ким ,  үйү  каякта

Болушунча жонокой  кылып  түшүндүрдүм.

… Кызым  бир  күнү у  ктаардын  алдында  : – « Апа  түшүңүздө  атамы   көрүп  сүйлөшүп  алың  десе  болобу .

Түн  бир  оокумга  чейин  уктай  албай   буулугуп  ыйлап   чыктым .Эрте  менен   анын : -« Кудайыыыым  атам   эртерээк   келсинчи»- деп  өзүнө   өзү  сүйлөп   жатканын  угуп  эт   жүрөгүм  эзилип  кетти.   Жылуу  кийинтип  бакчага  жеткирип  мектепке  келдим.   Кыш  мезгилине  анча убакыт  бар  болсо да аябай суук  түшүп  калгандай сезилип  жан дүйнөм  кошо  муздап  баратты. Класска  кире  электе  телефонум   шыңгырап. жолдошум  мөөнөтүнөн  алдын эле  эркиндикке  чыккандыгын  айтты.  Кантип сабак  өткөнүмдү   билбейм . Периштемин  сураганын  кудайым  өзү  берди  деп  улам  көңүлүмдө  кайталап   жаттым.

Кудайга  шүгүр  биз  бактылуубуз.  Ар күнү  китептер  жөнүндө  сүйлөшөбүз.  Биздин катарыбызга  периштем  да  кошулган.

Бир күнү  теңтуштарым  менен  отуруп   калдык .Топто  өзүмү жат  адамдай  сездим.  Башкы  тема  дайымкыдай  эле тагынуучу буюмдар, үй  жай  машина, арада  кайын  эне, жолдошуна  нараазы   болгондор.

Теңириме   ыраазымын .  Биздин  башыбыздан  өткөн  күндөргө  ыраазымын. Ал  күндөрдү  түшүмдөй  эскеремин . Анткени  өткөн  күндөр   рухуму  саяпкердей   таптап, көөдөнүмү  пакизалады. Тынчтык ,  үй  бүлөлүк  бакыттын   кадырын  бизден  сурасын  эми. Чыныгы  жашоо ,  татыктуу  өмүр сүрүү  үчүн  дагы  да  болсо  жаратканымын  келтектерине  муктаждыгыбыз  бар  экенин  терең  түшүндүм .  Мындан  ары  менин  жашоодо  арманым  бар  дебеймин.  Тескерисинче  арманыма  карап  менин  жаратканым  бар  деймин.

Мындан ары ыйык  махабаттын  казанында  жүрөктөрүбүз   кандай  кайнабасын ,  куурулбасын  маанилүүсү  алар  дайым  бирге . Сөз  менен  сүйүү  тартуулабайбыз   бирок  жүрөктөрүбүз  бүтүндөй  бириккен.   Сиз  да  өмүр  бою  махабаттын  нурларына  чөмүлүүнү  кааласаңыз   анда  сөз  менен  амалды  айкалыштырып  жашап  көрүң,  коркуп  үмүткөр  болуң .  Сүйүүдү  безеп  сайраган  булбулдардан  эмес , сырдуу  сансыз  жан  берген  өзүнөн  сураң !

 

 

№30  Кара Үңкүр  орто  мектеби, биолог  мугалими Кулишева . А. Ала – Бука  району .

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17