Аймак

ЧЫГАРМАЧЫЛ ЧЫГААН МУГАЛИМ

 9,555 Бардыгы /

Абдусаминова Зухрахон Шарофидиновна,1973-жылы 17-октябрда Ош (азыркы Жалал-Абад) областынын Ала-Бука районундагы Достук айылында мугалимдер үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Абдусаминов Шарафидин физика мугалими, апасы Нарматова Раънохон өзбек тили жана адабияты мугалими болуп көп жылдар мектеп өкуучуларына үзурлүү таалим-тарбия беришкен.   1981-жылы №15 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепке 1-класска кабыл алынып, 1991-жылы 10-классты «алтын медаль» менен ийгиликтүү бүтүргөн.

Мектепти аяктагандан кийин 1991-жылы НамМУнын физика жана техника факультетине кирип, 1996-жылы физика жана химия адистиги боюнча окуну бүтүргөн. 1996-жылдан 2003 жылга чейин Наманган политехника институтун  Академик лицейинде физика жана химия мугалими болуп эмгектенген. 2003-жылдан азыркы учурга чейин Ала-Бука районунун Достук айылындагы №16 А.Навои атындагы орто мектепте физика мугалими болуп эмгектенип келет.

Абдусаминова Зухрахон жетиштүү билимге ээ болгон педагог болуп эсептелет. Ал жаш муундарды тарбиялоодо ар түүрдү окутуунун алдынңкы тажрыйбаларын жайылтып, өзүнүн педагогик жетишкендиктеринен чеберчилик менен пайдаланып келет. Абдусаминова Зухрахон жетиштүү билимге ээ болгондугу, сабакты уюштурууда ар  түрдүү интерактив усулдардан пайдаланып, окуучулардын билимин өркүндөтүү үчүн аракет кылат. Ал сабак өтүүдөгү өзгөчөлүгү, чеберчилиги, өз пикирин көпчүлүккө жеткире алуусу менен айырмаланып турат.

Абдусаминова Зухрахон окуткан класстарда окуучулардын билими ар тараптан көзгө көрүнүп турат. Ал өз ишин устасы, окуучулардын билим сапатын ашыруу боюнча тынбай изденет. Ар бир кече, педагогикалык жана усулдук кеңешмелерде өз пикирин ачык баяндайт. Мектепте өткөрүлгөн иш чараларга такай катышат, ачык сабак, класстан тышкары иштерди мугалимдерге үлгү болоорлук деңеелде изденүүчүлүк менен өткөрөт.

Абдусаминова Зухрахон 2017-жылдын январь айында Ош билим берүү институтунда Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунан өтүп сертификат алган.

Абдусаминова Зухрахон сабак өттү менен чектелип калбай, физика боюнча класстан тышкары иштерди уюштуруучусу. Ал ар түрдүү «Кызыктуу физика», «12-апрель Космонавтика күнү», «Физика биздин айлана чөйрөбүздө», «Атом дүйнөсү» жана башка физикалык кечелердин өткөрүүчүсү.

Абдусаминова Зухрахон сабактарын көргөзмөлүү жана алдыңкы мугалимдердин тажрыйбаларынан пайдаланып өтүүгө көңүл бурат. Ал сабак учурунда Манастын жети осуятынан пайдаланып окуучуларды учурдун талабына ылайыктуу тарбиялап келүүдө. Окуткан окуучулары өткөрүлгөн райондук, областык жана республикалык олимпиадаларда байгелүү I, II, III орундарга ээлеп келип жатышат. Мисалы, физика предметинен 2013-2014 окуу жылында 10-класстын окуучусу Абдуллажанова Зилола райондо I, областа III орунду ээлеген, III даражалуу дипломго татыктуу болгон. 2014-2015 окуу жылында ушул 11-класстын окуучусу Абдуллажанова Зилола олимпиаданын райондук жана областык этабында I орунду ээлеп, Бишкек шаарында өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын Респупликалык олимпиадасында IV орунду ээлеп Билим Берүү жана илим министирлигинин диплом жана сертификатына ээ болгон.

Анын жүргүзөн иштери, өткөн сабактары «Эң жакшы» деп табылып райондук масштабда жайылтылган. 2016-жылы 5-февралда өзүнүн жеке автордук семинарын, окутуунун интерактивдуу усулдарын колдонуу менен жогорку деңгээлде өтүп берди. Автордук семинар ийгиликтүү жыйынтыкталып Ала-Бука районунун түрдүү мектептеринден келген мугалимдер Зухрахон эжекеге каалоо-тилектерин айтышып, ыраазы болуп кайтышты.

Абдусаминова Зухрахон мектеп жана Ала-Бука РБББнүн Ардак грамоталары менен ыйланган. «Жылдын мугалими-2013» райондук конкурсунда 2-орунду ээлеп II даражадагы диплом менен сыйланган.

Зухрахон эжеке үйдө кадырлуу эне, мектепте окуучуларынын сүйүктүү мугалими. 3 кыз жана 1 уулдун мээримдүү энеси. Күйөөсү Камилбаев Алимжан №16 А.Навои атындагы мектебинде тарых мугалими болуп иштейт.

 

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – Акпаралиев Бакытбек Узакматович 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17