Аймак

ҮЙ – БҮЛӨ, ТЫНЧТЫК ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮЛҮК

ҮЙ – БҮЛӨ, ТЫНЧТЫК ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮЛҮК

 12,088 Бардыгы /

Кыргыз эли ак карлуу, чокусу бийик тоолордо, черлүү токойлордо, шар аккан суулардын боюнда канча бир мезгилден бери жашап келүүдө.

Биз мына ушундай абасы таза, суусу тунук жерибиз менен чексиз сыймыктанабыз, кереметтүү өлкөбүздүн табият тартуулаган сулуулугуна, жер алдындагы кен байлыктарына, ырыскыга толгон токойлоруна, улуттук нарк насилибиздин көрөңгөсү болгон жерлерине дагы бир ирет таазим этип, барктап, алардын маани – маңызын жалпы журтка жарыялоого милдеткербиз.

Үй–бүлө – коомдун бир бөлүгү болуп саналат. Ар бирибиздин ата мекенибиз мына ушул үй-бүлө.

Кайда жүрбөйлү, кандай абалда болбойлу туу тутуп, сыйынарыбыз да ушул кичи мекенибиз.

Өлкөнүн, мекендин башкаруучу бийлик башчылары бар сыңарындай эле үй – бүлөнүн да башчысы бар. Ал адам кийинки келечектин, мекендин тынчтыгы үчүн туура тарбия, багыт берүүчү адам. Демек, тарбия  башаты да ошол үй–бүлөнүн  башчыларына тийиштүү. Башкача айтканда, үй-бүлө – бул бир мамлекет. Ал эми ынтымак жана кечиримдүүлүк үй – бүлөнүн, мындайча айтканда мамлекетибиздин тынчтыгы.

Биздин кичинекей өлкөбүз көп улуттуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошол ар улуттун өкүлдөрү ушул кезге чейин ынтымакта жашап, өлкөнүн келечеги үчүн бирдиктүү тейде аракеттенишүүдө.

“Агаинде ынтымак болсо – ат көп

Абысында ынтымак болсо – аш көп,” – демекчи, ар түрдүү улуттар ага–инидей болушуп, жогун беришип, барын ашырышууда. Мына ушундай биримдикти, ынтымакты сактаган эл ак сакалдары, улуулары жана даанышман, сөзмөр атуулдары.

Үй-бүлөдөн туура тарбия алган адамдар эч убакта бирөөгө жамандык ойлоону, көрө албастыкты, чыр-чатакты, урушту каалабайт. Туура тарбия алып, туура чечим чыгарууга үйрөнгөн адам дайыма кечиримдүү, ийкемдүү, раскөй, чечкиндүү адам болот. Ошондой тарбияны алган адамдар эч убакта ойлонбостон кадам таштабайт. “Кошуңаң тынч, сен тынч” дегендей, тынчтыкты самайт.

Ар бир улуттар биригип жашасак да бир үй–бүлөдөй болуп, ынтымак менен алдыга кадам шилтешибиз керек. Мекендин коопсуздугу үчүн ар түрдүү ушактарга ишенбей, ар түрдүү болор-болбос агымдарга кошулбоо керек.

“Баштаган бирөө, жабырын тарткан көпчүлүк” болуп, ушул улуттар аралык ынтымактын бузулушуна жол койбойлук. Келечек муун үчун жаштарга туура тарбия берели.  Суунун башы кайда кетсе, агымы да ошол тарапка кетет. Суунун башы туура кеткидей кылып, зыянсыз болушу үчүн, жээгинде жайнап өскөн нерселерди бузбай, туура агышы үчүн арыкты жакшылап иштейли. Кийинкиде ал зыянсыз болсун. Бизден кийинки жаш муун үчүн өзүнүн зор пайдасын тийгизсин.

Ошол шар аккан агым суунун  ичиндеги ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта, бир үй– бүлөдөй болуп, бири-бирибизге арка-жөлөк болуп, жашап жаткан жерибиздин нан–тузуна түкүрбөй, терс карабай, кечиримдүү болуп, бакубат жашоо үчүн бирге аракеттенели. Бириккен колду адам өзү кааламайынча, эч ким үзө албайт. Акысы да жок. Бириккен колдор үзүлбөсүн. Оорчулукта, кыйынчылыкта түртүшпөйлү, терс карап баспайлы. Бир үй-бүлө экенибизди унутпайлы.

Кылымдар бою өзүбүздүн каныбызга сиңген тарыхтуулугубузду туу туталы.

Үй-бүлөдө тынчтык болсо, мекенде тынчтык болот. Тынч үй-бүлө ынтымактуу жашайт. Ынтымактуу эл кечиримдүү болот.

 

Тынчтык болсун дайым менин элимде,

Ынтымакта кечиримдүү бололу.

Жакшы жашап, жыргал ушул заманда,

Бузбайлычы биримдигин элдердин.

Үй-бүлөлөр дайым болсун бейкапар,

Күлүңдөсүн наристелер кубанып.

Тынчтыкта эл кадам шилтеп шаңдансын,

Муң баспасын энелердин жүрөгүн.

 

                                                                                   Жалал-Абад областы  Ала-Бука                       

                                                            району №40 Ч. Айтматов атындагы     

                                                            орто мектебинин кыргыз тили жана

                                                        адабияты мугалими Жоробаева Нурийла

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17