Аймак

АКЫЛ ОРДО

АКЫЛ ОРДО

 64,705 Бардыгы /

Саламатсыздарбы!!

Бүгүнкү “Акыл ордо” – интеллектуалдык оюнубузду улуу ойчул  Гольфиндин сөзү менен баштасак:

Китеп билим булагы,

Китепти сүйө билгиле.

Ал турмушуңарды жеңилдетип,

Ой пикириңердин, сезимдин, окуялардын чиеленишин чечүүгө жардам берет.

Башкаларды жана өзүн – өзү урматтоого үйрөтөт деген экен.

Китепти көп окуп, терең билим алууга үндөө менен №37 Үч-Терек жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну ачык деп жарыяланат.

Акылы бар билимди самайт,

Акылы жок кийимди самайт  демекчи.

Акыл миң күндүк,

Кийим бир күндүк экендигин аныктаган алты окуучу биздин алдыбызда турат.

Кылычты ар ким байланат,

Чабарына келгенде кандай жигит шайланат демекчи менин колумдагы кубокту жана китепти ким алып кетерин билгиңиз келсе алдыңкы мүнөттөрдө биз менен болуңуз.

Анда бүгүнкү катышуучулар менен таанышсак. Окуучулар өздөрүн тааныштырат. Баардыгы “Акыл ордого” билимин сынаганы катышат, ал эми кээ бир окуучулар билимине билим кошкону катышат экен. Азаматсыздар таанышканымдан абдан кубанычтамын. Анда эмесе биринчи тур оюнун баштасак.

1-тур. Тесттик суроолор.

  1. Белгилүү аймактагы өсүмдүктөрдүн жыйындысы эмнени түзөт?
  • Флораны
  • Фаунаны
  • Бентосту
  • Фитонду
  1. Камбийдин сыртынан жайгашкан механикалык ,өткөрүүчү жана негизги ткандардын комплекси – бул эмне?
  • Була
  • Пробка
  • Сөңгөк
  • Өзөк
  1. Ядро:…
  • Клеткада заттардын жылышын камсыз кылат
  • Клетканын бөлүнүшүнө катышат
  • Клеткага форма берет
  • Клетканы коргоо функциясын аткарат
  1. Ткань бул-
  • Пияздын чел кабыгы
  • Элодеянын жалбырагынын бөлүкчөсү
  • Жемиштин эттүү бөлүгү
  • Түзүлүшү бирдей, белгилүү функцияны аткарган клеткалардын тобу
  1. Кайсыл өсүмдүктөрдө негизги тамыр жакшы өрчүгөн?
  • Мохтордо
  • Эки үлүштүүлөрдө
  • Бир үлүштүүлөрдө
  • Балырларда
  1. Жалбырактан сабактан өсүп чыккан тамыр эмне тамыр деп талат?
  • Каптал
  • Негизги
  • Кошумча
  • Аба
  1. Картофель түймөгү түрү өзгөртүлгөн кайсыл орган болуп саналат?
  • Тамыр
  • Жалбырак
  • Сабак
  • Гүлү
  1. Дарак өсүмдүктөрүнүн сабагынын ички түзүлүшү кандай?
  • Камбий катмары жок
  • Эпидермис, була, камбий, сөңгөк, өзөк
  • Була катмары жок
  • Сөңгөктүн түтүкчөлөрү жок
  1. Бир вегетациялык мезгилде камбий аркылуу пайда болгон сөңгөктүн катмары?
  • Була
  • Камбий шакекчеси
  • Пробка
  • Жылдык шакекче
  1. Бакча кожогатын кантип көбөйтүшөт?
  • Сабак калемчелери аркылуу
  • Мурутчалары аркылуу
  • Жетеленмелер аркылуу
  • Түймөктөрү аркылуу
  1. Кайыңдын жалбырагынын формасы кандай?
  • Канаттай айчыктуу
  • Тегерек
  • Канаттай терең айчыктуу
  • Сызыктуу
  1. Бир үлүштүүлөрдүн жалбырагынын тарамыш алышы кандай?
  • Салаача
  • Дого
  • Торчо
  • Сызыктуу
  1. Жалбырак кандай функцияны аткарат?
  • Сууну буулантуу
  • Температураны үнөмдөө
  • Фотосинтез, газ алмашуу, терморегуляция, органикалык заттарды топтоо
  • О2 ни бөлүп чыгаруу
  1. Кайндай жалбыракты кыналган жалбырак дейбиз?
  • Жалбырак пластинкасы өркүнгө бекилет
  • Жалбырак сабакка сабы аркылуу бекийт
  • Жалбырак сабакты айланта кыналат
  • Жалбырактын түбүндө пленкалар түпчөлөр бар
  1. Клетканын кайсыл органоиддери фотосинтезди ишке ашырат?
  • Хлоропласттар
  • Лейкопласттар
  • Хромопласттар
  • Хромосомдор
  1. Үт клеткалары көпчүлүк учурда жалбырактын кайсыл жагында жайгашкан?
  • Эки клетканын ортосунда
  • Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жалбырагынын астынкы бетинде
  • Каттмарлуу же катмарсыз
  • Үт клеткалар жалбырактын үстүнкү бетинде
  1. Транспирация деген эмне?
  • Жалбырактын сууну буулантышы
  • Сууну сиңирип алуу
  • Температураны жөнгө салуу
  • Газ алмашуу
  1. Өсүмдүктөрдүн жалбырагында фотосинтез жүрүүчү негизги шарт болуп эмне эсептелет?
  • Суу
  • Буу
  • Жарык
  • Жер семирткич
  1. Мөмө демейде эмнеден өрчүйт?
  • Чаңчадан
  • Таажычадан гүл коргонунан
  • Мөмөлүктөн
  1. Кайсыл өсүмдүктүн уругунда май көп?
  • Жүгөрү
  • Фасоль
  • Күн карама
  • Картошка

2-тур. Аралаш суроолор.

  1. Томирис ким болгон?
  • Перстерди башкаруучусу
  • Хундардын шанүйү
  • Усундардын күнбагы
  • Сактардын башкаруучусу
  1. Сактардын негизги кесипчилиги эмне болгон?
  • Карапа жасоо
  • Жер иштетүү
  • Кооздук буюмдарды жасоо
  • Көчмөндүү малчылык
  1. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги качан кабыл алынган?
  • 1999-жыл
  • 1992-жыл
  • 1995-жыл
  • 1989-жыл
  1. Кыргыздын улуттук валютасы – сом качан чыгарылган?
  • 1999-жыл 19 – июнь
  • 1993-жыл 10-май
  • 1983-жыл 11-июлда
  • 2000-жыл 16-мартта
  1. Шамалдын багытын өлчөөчү прибор эмне деп аталат?
  • Флюгер
  • Термометр
  • Барометр
  • Динамометр
  1. Организмдин кычкылтекти өзүнө тартып алуусу эмне деп аталат?
  • Бөлүп чыгаруу
  • Фотосинтез
  • Дем алуу
  1. Кыргыз элинин баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин кичи мекени кайсы областа жайгашкан?
  • Нарын
  • Талас
  • Чүй
  • Баткен
  1. Санды бөлүүдөн келип чыккан жыйынтык кандай деп аталат?
  • Айырма
  • Сумма
  • Тийинди
  • Көөйтүндү
  1. “Мүнүшкөр” деп кыргыздарда кимди аташат?
  • Ат таптаган адамды
  • Куш таптаган адамды
  • Аңчылык кылган адамды
  1. Титаник кемеси кайсыл океанга чөккөн?
  • Тынч океан
  • Атлантика
  • Инди
  • Түндүк муз океаны
  1. Манастын ысымын ким койгон?
  • Жакып
  • Акбалта
  • Думана
  • Чыйырды
  1. Экиге бөлүнбөгөн сандар кандай деп аталат?
  • Так сандар
  • Бөлүнбөс сандар
  • Калдыксыз сандар
  • Жуп сандар
  1. Фудбол оюнунда 1 тайм канча убакытка созулат?
  • 1 саат
  • 45 мин
  • 90 мин
  • 20 мин
  1. Токтогул Сатылгановдун сүрөтүн канча сомдук купюрадан кезиктирүугө болот?
  • 20 сом
  • 100 сом
  • 1000 сом
  • 1 сом
  1. Бул атрибуттардын кайсынысы “ Ордо” оюнунда колдонулат?
  • Чүко
  • Топ
  • Жоолук
  • Жыгач жумур
  1. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кыргызстандагы тоо?
  • Тянь-Шань
  • Сулайман-Тоо
  • Тескей Ала-Тоо
  • Күнгөй Ала-Тоо
  1. Эмомоли Рохмон кайсыл өлкөнүн президенти болуп саналат?
  • Өзбекстан
  • Таджикстан
  • Түркменистан
  • Азербайжан
  1. “Бөлтүрүк” деп кайсы жаныбардын баласын аташат?
  • Түлкү
  • Карышкыр
  • Аюу
  • Сүлөсүн
  1. “Жарамазан” ыры кайсы айда айтылат?
  • Рамазан айында
  • Чилде түшкөн айда
  • Эң кыска айда
  • Жай айларында
  1. Текстин эң кичине бирдиги болуп эмне саналат?
  • Сүйлөм
  • Сөз
  • Абзац
  • Тамга

3-тур. Категориялар.

  1. Табышмактар
  2. Мектеп
  3. Жайлоо оюндары
  4. Күн желеси
  5. Дасторкон
  6. “ И” тамгасы менен башталган сөздөр.
  7. Табышмактар.
  8. Австралия талаасын ,

Саякаттап табасың.

Чөнтөгүндө баласын,

Көргөндө таң каласың.

Эки колун көтөрүп,

Буту менен кетет ал.

Муну кимдер чече алат? (кеңгеру)

  1. Жыл мезгилин ылгабас,

Кышдыр жайдыр кургабас. (арча)

  1. Муун – муун муунчак,

муун ала түйүнчөк.

сегиз кыздын энеси,

селкилдеген келинчек.

узун –узун бою бар,

курамалуу тонубар. ( камыш)

  1. тап табышмак,

Күндүзү көрөм.

Түндөсү көрбөйм. (күн)

  1. Алты көкүл атасы Аалам көркүн ачып турат,

Күмүш нурдуу карындашы көлөкөлөп качып турат

Атасы айланып жүрөт, карындашы байланып жүрөт.(күн, жер, ай)

  1. Атасы молдо,

Апасы жорго.

Кызы бийчи,

Баласы ырчы.(көпүрө, суу, балык, бака)

  1. Аталат адам ысымы,

Эсиңде болсо эми айтчы.

Болгонго 3000миң жылдыгы. ( сулайман –Тоо)

  1. Белгилүү эне мекени,

Билебиз Датка энени.

Ажалга тике караган,

Камчыбек бектин мекени. (Алай)

  1. Ийне сайсаң илинбейт,

Чыккан жери билинбейт. (шамал)

  1. Менин болот жагым үч,

Чокум дагы билгин үч.

Атымды менин айтканда,

Биринчи болот дайым үч. (үч бурчтук)

 

 

  1. Мектеп
  2. Жети жаштан жогорку балдарга билим берүүчү жай?
  • Мектеп
  1. Бул нерсенин үнү окуучуларды сабакка чакырат?
  • Коңгуроо
  1. Билим күнү качан белгилент?
  • 1-сентябрь
  1. “ маша жана аюу” мультфильминде Машанын мугалими?
  • Аюу
  1. Орто мектептин бүтүрүүчүсүнө мамлекет дал ушул кагазды тапшырат?
  • Аттестат
  1. Класстык журналдагы сандар, булар-?
  • Баалар
  1. Узундукту өлчөө үчүн колдонулган мектеп куралы?
  • Сызгыч
  1. Тарбия кени мектеп, ал эми билим кени?
  • Китеп
  1. “Канаттандыраалык” баасы сан түрүндө канча деген бааны түшүндүрөт?
  • 3
  1. Окуучуларга арналган мектептеги бөлмөлөр?
  • Класс
  1. Башталгыч класстардын бүтүрүүчүлөрү деп канчанчы класстын окуучуларын айтабыз?
  • 4-класс
  1. Бул кесиптин ээсин “мөмөлүү даракка” салыштырып келишет?
  • Мугалим
  1. Канча деген баа окуган окуучуну “отличник” деп атайбыз?
  • 5
  1. Совет бийлиги орногонго чейин, кыргыздардын кат сабатсыздыгын ким жойгон?
  • Молдолор
  1. Балдардын ден – соолугуна кам көргөн мектептеги сабак?
  • Денетарбия
  1. Фигуралардын касиеттерин иликтеп үйрөтүүчү математиканын бөлүгү болгон сабак?
  • Геометрия
  1. Жайлоо оюндары
  2. Кайсы тойдо жаңы басып баштаган балага арнап жарыш уюштурулат?
  • Тушоо кесүү
  1. Топ таш оюнун канча таш менен ойнолот?
  • 5
  1. Кыздар таш менен ойногон оюн эмне деп аталат?
  • Беш таш
  1. Ыр кесе оюнуна катышуучулар эмнени кезек берип бири- бирине сунушат?
  • Кесе
  1. Упай оюнунда бир басым деп канча чүкө аталат?
  • 3
  1. Көкбөрү оюну дагы кантип аталат?
  • Улак тартыш
  1. Кыз куумай оюнун баштоодо кыз менен жигиттин кимиси алдыраак турат?
  • Кыз
  1. Ак терек, көк терек,бизден сизге…
  • Ким керек
  1. Айлуу түндө кайсыл оюн ойнолот?
  • Ак чөлмөк
  1. Тогуз коргоол оюнунда канча үй бар?
  • 9
  1. Аркан тартышмай оюнунда катышуучулар бири – биринин кайсыл жеринен кармашат?
  • Белинен
  1. Ордо оюнунда хан чүкө канча чүкөгө бааланат?
  • 2
  1. Чүкөлөрдүн эң мыктысы кандай аталат?
  • Сака
  1. Чүкө кандайынан түшкөндө көбүрөөк упай берилет?
  • Алчи
  1. Тогуз коргоолду канча адам ойношот?
  • 2
  1. Селкинчек оюнунун дагы бир аталышы кандай?
  • Алты бакан
  1. Күн желеси
  2. “Шрек” мультфильминдеги негизги каармандын өңү кандай?
  • Жашыл
  1. Жаңы келин алганда кыргыздар ушул түстөгү жолук салышат?
  • Ак
  1. Казакстандын желеги ушул өңгө боёлгон?
  • Көк
  1. “Кызыл алма” кинотасмасындагы “Бей тааныш кыздын” ролун жараткан актриса?
  • Татыбүбү Турсунбаева
  1. Күз мезгилинде кандай төөнүн карды жарылат?
  • Ак
  1. Жөө жүргүнчүлөргө арналган  светафордо автоунааларга арналган  светафордон айырмаланып  кайсы түстөгү жарык  жок?
  • сары
  1. “Бутагыңа конойун, кыштын жолун торойун” – деп, Алыкул Осмонов кайсыл даракка кайрылган?
  • Ак кайың
  1. “Көгүлтүр от” көрсөтүүсүн кайсы майрамда көрө алабыз?
  • Жаңы жыл
  1. “Көк жал” деп кыргыздарда кайсы жаныбарды аташат?
  • Карышкыр
  1. “ак илбирстин тукуму” кинотасмасындагы башкы каарман?
  • Кожожаш
  1. Кайсыл жаратылыштын кубулшунан биз бир эле убакта жети өңдү көрө алабыз?
  • Күн желеси чыкканда
  1. Орусия Федерациясынын желегинен канча түстү кезиктирүүгө болот?
  • 3
  1. Дасторкон
  2. Эжигей азыгы эмнеден жазалат?
  • Сүт
  1. Жаңы төрөлгөн ымыркай ушул азык менен оозанат?
  • Сары май
  1. Алысты жакын кылган кыз, ал эми тамакты таттуу кылган?
  • Туз
  1. Ата- энесинен качып барып түлкүгө жем болгон жомок каарманы?
  • Көмөч
  1. Малдын өпкөсүнө сүт жана май кошуп даярдалган тамак кандай аталат?
  • Ололо
  1. Кайсы азык эң улук деп саналат?
  • Нан
  1. Чай кайнайт, ал эми айранчы?
  • Уйуйт
  1. Кымыз ачытуу үчүн пайдаланылуучу идиш?
  • Саба
  1. Эмгекчил аарылар бизге кайсы азыкты беришетр?
  • Бал
  1. Бул тамак Нооруздун көркүн ачат?
  • Сүмөлөк
  1. Сүткө таттуу кошулмаларды кошуп, тоңдурууда балдардын сүйгөн азыгы пайда болот?
  • Бал муздак
  1. Жар боорунда салаалап кыздар көзүн күйгүзгөн жемиш?
  • Бүлдүркөн
  1. Колдогу кайсы манжаны кыргыздын улуттук тамагынан кезиктирүүгө болот?
  • Беш бармак
  1. Буудайды унга айланткан жер эмне деп аталат?
  • Тегирмен
  1. Боз үйдүн ичиндеги ашкана эмнен деп аталат?
  • Чыгдан
  1. Макалга ишенсек, бербестин эмнеси бышпайт?
  • Ашы
  1. Максым жасоодо пайдаланылуучу негизги азык?
  • Талкан
  1. Нандан ачытылып жасалган, орус элинин улуттук суусундугу?
  • Квас
  1. “ И” тамгасы менен башталган сөздөр.
  2. Бүт дүйнөнү бириктирип турган желе?
  • Интернет
  1. Илептүү сүйлөмдүн аягына эмне коюлат?
  • Илеп белги
  1. Ээсине ашыкча берилгендиги үчүн Японияда дал ушул үй жаныбарына эстелик коюлган?
  • Ит
  1. Жуманын алтынчы күнү кыргызча кандай деп аталат?
  • Ишемби
  1. Бул буюмду чимирип, апаларыбыз жүндү жипке айлантат?
  • Ийик
  1. Көпчүлүк жомоктор ушул сөз менен башталат?
  • Илгери – илгери
  1. Милиция кызматкерлери баш ийген министирлик?
  • Ички иштер министири
  1. Ар улуттан курулган үй- бүлөнү кандай үй – бүлө деп аташат?
  • Интенациональный
  1. Жай бою ырдап, бийлеп кышында кумурскага баш калкалоону сураган жандык?
  • Ийнелик
  1. Бишкек шаарынын гербинде ушул жырткычтын сүрөтү тартылган?
  • Илбирс
  1. Билим алууну ушул нерсе менен кудук казганга салыштырышат?
  • Ийне
  1. Илимий иштер менен алектенген адам?
  • Илимпоз
  1. “Кимдин? Эмненин? деген суроолорго жооп берген жөндөмө?
  • Илик
  1. Мурда комуздун кылы жаныбарлардын ушул органынан жасалчу?
  • Ичеги
  1. “ Винни Пух” мультфилиминде туулган күнүн белгилеген каармандын аты?
  • Ия
  1. Улуу саясатчы Махатма Гандинин мекени?
  • Индия
  1. Кайсы мамлекеттин фудбол командасы 2012 – жылда өткөн фудбол боюнча Европа чемпионатында жеңүүчү аталды?
  • Испания
  1. Айтматовдун бул каарманы “Долондо канатын кайрып алган”?
  • Иляс

4-тур. Логикалык суроолор.

  1. Аки таштан там ак болобу?
  • Болот
  1. Байдын үйү менен кедейдин үйү күйүп жатат, милиция кимдин үйүн биринчи өчүрөт?
  • Милиция өрт өчүрбөйт
  1. 1ди өзүнө 1000 жолу көбөйтсө канча болот?
  • 1 болот
  1. Теңдемеде жана өсүмдүктө бар нерсе бул эмне?
  • Тамыр
  1. 1 күндө канча минута бар?
  • 1440 минута
  1. Төөнүн 2 көзү, 4 туягы болгон. Азыр анын 1 көзү сокур, 1 буту аксак. Төөнүн канча көзү,канча туягы бүтүн?
  • 1 көзү, 3 туягы
  1. Столдун үстүндө 3 шалгам 4 алма турат. Бала келип бир алма алды. Столдо канча жемиш калды?
  • 3 жемиш
  1. Кайсыл айда аялдар аз сүйлөйт?
  • Февраль
  1. Эки чымчык бири түндүктү, бири түштүктү карап олтурат, экөө бири – бирин кантип карашат?
  • Чымчык олтура албайт конот
  1. Кайсыл жерде аттын буту болбойт?
  • Шахматта
  1. 202 көз канча адамга таандык?
  • 1 адамга
  1. Кайсыл идиш – аяктан тамактанганга мүмкүн эмес?
  • Бош идиш аяктан
  1. Эң чоң казанга эмне батпайт?
  • Казан канчалык чоң болбосун ага өзүнүн капкагы батпайт
  1. Адамдын кайсыл органы 800 ысыкка чыдай алат?
  • Ооз
  1. Жарык бөлмөдөн эмнени көрүүгө болбойт?
  • Караңгылыкты
  1. Оштон Бишкекке самолёт 1 саат 20 минутада учуп барат,Бишкектен кайра Ошко 80 минутада келди. Эмнеге мындай болду?
  • 80 мүнөт менен 1 саат 20 мүнөт бирдей
  1. Бир жумуртка 10 минутада бышат. Анда 5 жумуртка канча убакытта бышат?
  • 10 минута
  1. Эрте менен биз кайсыл тамакты ичип жей албайбыз?
  • Суюк тамакты
  1. Биздин огоротубузда кайсыл ноталар өсүшөт?
  • Фасоль
  1. Сиз автобуз айдап баратасыз, 1чи астановкадан 7 кыз чыкты. Андан кийинкисинде 2 бала түшүп 3 кыз чыкты акыркы остановкада баары түшүп кетти. Ошондо айдоочунун жашы канчада?
  • Сиздин жашыңыз канчада болсо ошончодо, себеби башында сиз деп айтылды.

 

 

№37 Үч-Терек жалпы билим берүүчү орто мектеби

 

 

 

 

 

 

 

 

“Акыл ордо”

интеллектуалдык оюну.

 

6-7-8-класстар

 

Билеги күчтүү бирди жыгат,

Билим күчтүү миңди жыгат.

 

Даярдаган: Сатикеева А.Н.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17