Аймак

“АБИЙИРИҢДИ ЖАШЫҢДАН САКТАГЫН, АДАШЫП ЖАМАН ЖОЛГО БАСПАГЫН”.

“АБИЙИРИҢДИ ЖАШЫҢДАН САКТАГЫН, АДАШЫП ЖАМАН ЖОЛГО БАСПАГЫН”.

 29,046 Бардыгы /

 

“Кыргыздын тээ алыскы жылдары, таза болчу абийри” – деп бир акындын кайгырып-капаланып, өкүнүп жазган ыр саптарынан улам артка кайрылып өткөн кеткенге бир көз жүгүртүп карап көрөлү.

 

Мен карап туруп бул жөнөкөйлүк, сулуулук, кийген кийимдин жарашыктуулугу, сүйлөгөн сөздөгү сылыктык, өзүн алып жүрүшү, маданияттуулук мунун баарысы тарбияга келип такалат. Мунун баарысы абийир. Абийириңди жашыңдан сакта, биздин мектептеги жүрүм-турумубуз, алган билимибиз, окуучуларга жана мугалимдерге  жасалган мамилебиз бул биздин абийирибиз болуп саналат. Бир даанышман өз устатынан сурайт – “Дүйнөдөгү эң жакшы адам ким?” – деп. Устаты:  “Абийриң таза сактап, жамандыкка барбаган адам” деп жооп берет.

Адептүү дегендин өзү кеңири түшүнүк. Ал сенин сылыктыгың, тартиптүүлүгүң, элпектигиң жана ал сенин абийириң. Ушул төмөндө санап өткөн жалпылап айтканда адамдагы бардык жакшы сапаттар кошулуп келип адептүүлүктү жана абийирди түзөт. Ала-Бука районуна караштуу Келте айыл аймагында жайгашкан Р.Кулуев атындагы №11 жалпы орто билим берүүчү мектебинде 9-10-11-класстардын катышуусунда  “Абийириңди жашыңдан сактагын, адашып жаман жолго баспагын” деген темада тегерек стол болду. Тегерек столду мектептин соц педагогу С.Токторбаева- мен карап туруп бул жөнөкөйлүк, сулуулук кийген кийимдин жарашыктуулугу, сүйлөгөн сөздөгү сылыктык,  өзүн алып жүрүшү, маданияттуулук мунун баарысы тарбияга келип такалат. Мунун баарысы – абийир деп тегерек столду жүрүшүн ачып берди.

Абийриңди жашыңдан сакта. Биздин мектептеги  жүрүш-турушубуз алган билимибиз,  окуучуларга жана мугалимдерге  жасаган мамилебиз бул биздин абийирибиз болуп саналат.

Бизге мамлекет түзүп берген шарттар бар. Ар бирибиз татыктуу билим алышыбыз керек. Себеби Кыргызстандын  келечеги жаштардын  колунда, биздин колубузда  сен канчалык деңгээлде билимдүү болсоң, жакшы жүрсөң, мына ушул сенин абийириң.

Жаман жол дегенде барыбыз эле түшүнгөндөй – бузукулук, уурулук, ичип-чегүү, рекетчилик дин бузукулугу  жана башкалар.  Жаңылбаган ооз, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт – дегендей ар бир адам жаңылат деп кезекти кино тасмага берилди.

Кино тасма мектептеги окуучулардын жүрүм-туруму, рекетчилик жөнүндө болду. Бул кино тасманы аягына чейин көрүп бүтүп, балдардын ортосунда кызууң талкуу башталды.

Талкууда окуучулар, мугалимдер мисалдарды келтирип, адам баласы ишенчээк болот эмеспи, көбүнчө өспүрүм балдар. Бирөөлөрдүн  сөзүнө ишенип, жаман жолго кирип кетет. Андан соң ал жолдон чыгып кетүүсү кыйын болот. “Уяда эмнени көрсөң  учканда ошону аласың” демекчи биздин таалим тарбиябыз алгач эле үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөдө ата-эне кандай болсо  бала ошого карап тарбияланарын , ата-эненин жүрүш-турушу, сүйлөгөн ар бир сөзү чоң таасирин тийгизерин баса белгилеп өтүштү.

Тарых мугалими Жумаханов Зариф  Бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип, жаман жолго кирип кетет. Андан соң ал жолдон чыгып кетүүсү кыйын болот. Абийрин төгүп алат жана тарбиясы бузулат. “Уяда эмнени көрсөң, учканда ошону аласын” – демекчи биздин таалим тарбиябыз алгач эле үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөдө ата-эне кандай болсо, бала да ошого карап тарбияланат. Баланын тарбиясына да ата-эненин жүрүш-турушу, сүйлөгөн ар бир сөзү чоң таасирин тийгизет.

Мектебибиздин кыздар комитетинин төрайымы А.Акматова – ар кандай улуттун ажары да, касиети да, кыз да, энеде , чоң энеде, таенеде. Ошондуктан биздин ата-бабаларыбыз аялзатынын улуулугуна баш ийип, таазим этүү менен энени, аялды ыйык тутуп, үй-бүлөдө аларды культ катары көргөндүгүнө  Каныкей, Айчүрөк, Жаңылмырза, Кишимжан, Акыл Карачач жана башкалардын көркөм  элесин далилдеп өттү. “Кыздын кырк чачы улуу” деп ага өтө урматтап мамиле кылуу менен катар  “Кыздуу үйдө кыл жатпайт” , “Кызга кырк үйдөн тыюу” , “Эшигин көрүп төгө өт, энесин көрүп кызын ал” деп кыз тарбиясына токтолуп өтүү.

Тегерек столдун аягында соц. педагог жыйынтыктап төмөнкүдөй ыр саптары менен бүтүрдү.

Арам киши, жаман киши бир өлөт,

Аты аталбай ошол бойдон түгөнөт.

Анткендиги эсте калаар иши жок,                                                                                                                          Бул дүйнөдө жашаганын күбөлөп.

Ошол өңдүү жакшы деле бир өлөт,

Бирок анын жакшы ишине күбө көп.

Сөз сүйлөнсө жашай берет ысымы,

Сөөгүн өрттөп салган күндө үбөлөп.

 

Ала-Бука районуна караштуу Р.Кулуев атындагы №11 жалпы орто билим берүүчү  мектебинин соц педагогу: Токторбаева С.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17