Аймак

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: СӨЗ ЖАСООЧУ МҮЧӨЛӨР

 27,957 Бардыгы /

  1 

   2 

   3

Негизги компетентүүлүктөр:                      Маалыматтык

Социалдык-комуникативдик

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чыгаруу

Сабактын тиби: Таймаш

Сабактын формасы : Топтор  менен иштөө

Колдонулуучу ыкмалар: айтып берүү, түшүндүрүү, аңгемелешүү,суроо-жооп.

Керектелүүчү каражаттар: сүрөттөр, таркатмалар,кластер,суроолор,ТСО

Сабактар аралык байланыш :  мекен таануу, математика, сүрөт

  Сабактын максаты :  Көрсөткүчтөр
1 Билим берүүчүлүк :

Сөз жасоочу мүчөлөр жөнүндөгү маалыматтар жөнүндө таанышышат.Талдоо иштерин туура жүргүзүүгө машыгышат.

Сөз жасоочу мүчөлөр жөнүндөгү маалыматтар менен таанышышса.Талдоо иштерин туура жүргүзүүгө машыгышса
 2 Өнүктүрүүчүлүк :

Ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу, сөз байлыгы, сүйлөө кеби калыптанат. Туура, сулуу жазууга үйрөнүшөт.

Ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу, сөз байлыгы, сүйлөө кеби калыптанса. Туура сулуу жазууга үйрөнсө.
3 Тарбиялык:

Окуучулар эмгекчилдикке  тарбия –   ланышат

Окуучулар эмгекчилдикке  тарбияланышат.

 

 

 

 

1.Уюштуруу

 

3-мин

Саламатсыңарбы?  Бүгүн сабакта ким жок? Сабакты баштоодон мурда, “Алтын эреже” кабыл алалы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Балдар быйылкы жылды ажобуз кандай жыл деп белгиледи эле?

Туура, анда эмесе биз быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген жарлыктын алкагында 3 топко бөлүнөбүз.

1-топ  “Эмгек”

2-топ  “Ийгилик

3-топ  “Бакыт

Өз топторуңарды коргогула.

Жалпы классыбыздын девизин айткылачы

 

 

 

           Эрте туруп үйүмдө

           Сабагымдан кечикпейм.

            Тартип бузуп себепсиз

Чуркап кирбейм эшиктен

Суроо берсе эжекем

Кол көтөрүп жооп берем

Түз  олтуруп класста

Түз коёмун колумду

Ар нерсеге алаксып

Бурмалабай оюмду

Жолтоо болуп сабакка

Уруксатсыз баспаймын

Тапшырманы так жасап

Жалкоолукту таштаймын.

 

Аймактарды өнүктүрүү жылы

деп жооп беришет.

1.”Эмгек тобу

Эмгек менен ийгиликке жетемин

Эмгек менен элге тийсин керегим

2.”Ийгилик”тобу

Ийгиликке жетүү үчүн талбаймын

   Ийгиликтер коштойт бизди ардайым

 3.”Бакыт” тобу

Эмгектен,ийгиликтен бакыт жаралат,

   Бактылуу болууга шашылсак

 

Биз акылдуу окуучубуз.

Кыргыз тили сабагын,

Калтырбастан окуйбуз.

Ката жазбай,

Туура жазып,

Сүйлөмдөрдү  токуйбуз.

 

 

    Биздин айылда “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында бир топ иштер аткарылды.

(Слайд көрсөтүлөт)

Балдар мен силердин катышууңарды  улуттук мурасыбыз болгон боз үй, комуз, калпак жана шөкүлө менен баалап турам. Аягында жеңүүчүлөр -дү  аныктайбыз.

 
2. Үй тапшырмасын суроо.  

3 мин.

5-көнүгүү  58-бет  “Менин биринчи мугалимим” деген темада аңгеме жазуу болгон.  

           Окуучулар окуп беришет.

3. Жаңы тема  

5.мин

Тема: Сөз жасоочу мүчөлөр.

Сабактын максаты менен тааныша -быз.Сүрөт боюнча түшүндүрүп берем.

Суу + чу = суучу

Топ + чу = топчу

Кур +ма = курма

Ай + нек = айнек

Кар + га = карга

Өзү жалганган сөздүн маанисин өзгөртүп, жаңы мааниге өткөрүп, жаңы сөз жасаган мүчөлөрдү –сөз жасаган мүчөлөр дейбиз.

 
4.Бышыктоо үчүн көнүгүүлөр иштөө  

20.мин

 

 Нускалуу ырларды көркөм окушат

1 – көнүгүү

 Ырдын 1-4-сабын  уңгу мүчөгө ажырат –ып  жазуу.

 

Эс – түү бала сабак – ка

Китеп – би тол – ук  сал – ын – ат

 

 

     

2-көнүгүү.

Макалдардын маани –син чечмелеп уңгу мүчөгө ажыраткыла.

 

 

 

   3 – көнүгүү

Таркатмаларга жооп беришет.

 

Билек – и күч – түү бир – ди жык – ат.

Билим – и күч – түү миң – ди жык – ат.

Билим – дүү – нүн сөз-ү өт – күр.

Мерген –чи – нин көз – ү өт – күр.

 

 

Акылдуу, балалуу, сүрөттүү, окуучу, жазуучу, тарбиячы, суудай, таштай, тоодой.

 

5.эс алуу мүнөтү  

2 мин.

Эс алуу мүнөтүндө “Мен эмгекчи” оюнун ойнойбуз.  

Мен эмгекчи эл аралап бара жатып көрүп калдым күрөктү

-ай

-эмне болду?

– көрдүм

– эмнени?

– арааны, чаканы, шыпыргыны, чотту, балтаны, ломду, орокту, балканы, мыкты, кайракты, кетменди, айрыны, тырмоочту,чалгыны, арабаны, андаваны.

 

  Анда келгиле баарыбыз чогуу,

  Тазалайлы айлананы.

   Гүлдөтөлү бакчаларды.

   Аймактарды өүктүрүүгө,

    Кошолучу салымдарды.

 

 

Кластер 3  мин. Кластер  толтурушат.

     4-көнүгүү                 

 
   

2.мин

 

     5 – көнүгүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  6- көнүгүү

Жалкоо бала жана

Эстүү бала деген сөздөргө сүйлөм түзгүлө.

             Кут алчу билим

Эгер элиң эмгегиңди кааласа

Ак дилиңден аткарып бер жараса

Жалкоолонбо, ишиңди таштап койбо,

Сөзүң, ишиң бирдей болсун жарык жолдо.

                            Ж.Баласагын.

 

 

 

Жалкоо бала көп ойнойт.

Мен жалкоо балдарга кошулбайм.

Жалкоонун шылтоосу көп.

Эстүү бала ата-энесин кубантат

Эстүү бала жакшы окуйт.

 Эстүү бала болууга аракет кылуу керек.

6.Кайтарма байланыш  

3.мин

 

Сага сабактын эмнеси жакты?

 

Ойлорун жазып  жармаштырышат.

“Алма”

7. Үйгө тапшырма

 

 

8.Окуучуларды      баалоо

 

1 мин.

 

 

1 мин

 

 7-көнүгүү.

 

 

Окуучуларды баалайм

 

 

Даярдаган : 4-класстын мугалими  Карабаева Гулнара

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17