Аймак

 1,907 Бардыгы /

 

 

 

          САБАКТЫН ТЕМАСЫ:           БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ

(окуучулар жана ата – энелер катышкан ачык сабак

 

Сабактын максаттары: Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү (индикатору)
Билим берүүчүлүк:   Ата-энелер менен окуучулар биргеликте жаңы билимдерди өздөштүрүшөт. –          Эгерде окуучулар ата-энелери менен биргеликте жаңы билимдерди өздөштүрө алышса.

–          Бири- бири менен иштеп жаткан учурда бир-бирлерин ойлорун түшүнө алышса, бири-бирин пикирин колдоп, толуктай алышса.

Өнүктүрүүчүлүк:   Ата-энелер балдары менен берилген тапшырмаларды биргеликте аткарууга аракет кылышат, натыйжалардан шыктанышат. Кол эмгеги жаратышат,  чыгармачылык менен тапшырмаларга мамиле жасашат.  –          Эгерде берилген тапшырмаларды  аткарууда топтун мүчөлөрү   туура тандоо, туура чечим кабыл алышса, бири-бирин угуу менен жамаат болуп иштешсе, өздөрүнүн  билимдерин чыгармачылык менен көрсөтө алышса, окуу куралдары менен иштөөдө сарамжалдуулукка жана убакыттан  туура пайдаланышса.

 

Тарбия берүүчүлүк: Балдар  ата-энелери менен жакшы ийгиликтерге жете алууга аракет кылышса, ата-энелер балдары алардын колдоосуна муктаж экендигин түшүнүшөт. –          Эгерде  сабак  учурунда ата-энелер баланын ийгиликтеринин эң негизги колдоочусу жана материалдык жактан камсыздоочу экендиктерин билишсе,   мунун артынан балдарынын жетишкендиктеринин кубанууга жетишүү мүмкүн экендигин түшүнүшсө.

Сабактын тиби: Бышыктоо

Сабактын усулу:   Аралаш

Сабактын жабдылышы: карточка, ватман, компьютер, экран, тексттер, сүрөттөр.

 

 

Сабактын

этаптары

Убактысы Мугалимдин иш-аракети Окуучунун иш-аракети
Уюштуруу/

Шыктандыруу

3 Саламдашуу. Окуучуларга жагымдуу маанай жаратуу. (Слайд. “Саламдашуу” ыры экранда угулат) Саламдашышат. Ырды кошо бирге айтышат.
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу 5 Окуучуларды ата-энелери менен 3 топко бөлүнөт. Алардын ичинен “Эң үлгүлүү үй бүлө” деп дагы 2 топко бөлүнөт. Окуучулар светафор түстөрүн тандап, топторго бөлүнүшөт.

Ар бир топ өздөрүн эмблемаларын коргошот, топторго жайгашышат.

Сабактын темасын, максатын жана күтүлүүчү натыйжалар 5 ¢  Окуучулар тандаган түстөр боюнча  кайсы түстү тандаган, бала кандай мүнөзгө ээ экендигин  айтып өтөмүн.

     Жашыл түс

 Лидердикти сүйгөн, алдыга үмтүлган, жылдыздүү, өз максатына жетишке аракет жасаган окуучулар болот.

 

      Кызыл түс

Акылдуу, ыймандуу билимге умтулган. Активдүү мыкты, эл алдында тартынбай сүйлөй турган окуучулар болушат.

 

Саруу түс

Ак көңүл, ар дайым күндүн нүрүндай жалтырап турган сулуу жүздүү окуучулар болушат

(Видео слайдда айтылгандар көрсөтүп барылат .)

Окуучулар тандаган түстөрү боюнча маалымат алышат.

 

 (Видиослайдди көрүп)

Светафор жөнүндө маалымыт алышат

 

Жаңы материалды түшүндүрүү.

Тексттер менен иштөө

10 Окуучулар жана ата-энелерибизге бүгүнкү өтүлүүчү сабактын максатын түшүндүрүп, күтүлүүчү натыйжаны    айтам. Жаңы тема да экранда слайд аркылуу чыгарылат. Максаттары сүрөт аркылуу берилет. Баалоо чен өлчөмдөрү туурасында түшүнчө  берилет.

Ар бир топко өзүнчө текст таратылат.

1-топ “Үч сыйкырчы” жомогу берилет.

2-топ “Каз ойлоп тапкан достук ыры”

3-топ “Айбанаттардын талаашы”

Үлгүлүү үй бүлө 1-тобуна “Ырыскы” жомогу

Үлгүлүү үй бүлө 2-тобуна “Айбанаттардын талаашы” жомогу

берилет.

Топтор берилген жомоктор боюнча окуучулардын ата-энелери окуучуларга жомокту  3 жолу окуп беришет. Окугандары боюнча балдары менен жомоктун картасын чийишет. Окуучулар тартылган окурмандын картасы боюнча  жомокту айтып беришет.

Үлгүлү үй-бүлө топтору да ушул ишти аткарат. Алар ролдоштуруп айтып беришет.

Окуучулар жана ата-энелер сабактын темасын түшүнүшөт жана максаттарын угушат.

 

 

 

Окуучулар жана ата-энелер топторго бөлүнүп, ар бир топко жомоктор таратылат алар ушул тексттер негизинде  иш алып барышат. Ата-энелер окуп берген жомоктор боюнча окуучулар менен ата-энелер иш алып барышат. Берилген текстти окуп, түшүнүп  окурмандын картасын тартып, ролдоштуруп айтып беришет

.

Физминутка 10 “Суроо-жооп” оюну. Бул оюнда 3 топко бөлүнгөн ата-энелер суроолор тандашат.

1-топко

·         Балаңыздын кайсы сабакты жакшы көрүшүн билесизби?

·         Кайсы жомокту жакшы көрөт?

·         Акыркы окуган китеби?

2-топко

·         Үй-бүлөдө кимди жакшы көрөт?

·         Эмне үчүн жакшы көрөт?

·         Кайсы мүнөзүн жаман көрөт?

3-топко

Мурундан даярдап коюлган окуучулардын жооптору видео аркылуу экранда көрсөтүлөт.

 

Бала менен ата-энелердин ортосундагы жакындан болгон мамиле , аңгемелешүү, тыгыз байланыш кандай деңгээлде экендиги көрүнөт.

 

    ·         Эң жакшы көргөн досу?

·         Эмне үчүн жакшы көрөт?

·         Жактырбаган мүнөзү кайсы?

Видео слайд аркылуу суроолор экранда көрсөтүлөт.

 

 
Бышыктоо 10 3-топтогу ата-энелер “Эстеп калып, туура жаз” оюну ойношот.

Оюнга катышкан сөздөр.

1-топко

ü  Чыңгыз

ü  Үкү

ü  Мисал

ü  Жүз

ü  Музыка

2-топко

ü  Аюу

ü  Көнүгүү

ü  Чынара

ü  Тогуз

ü  Алма

3-топко

ü  Өрүк

ü  Токсон

ü  Түлкү

ü  Анара

ü  Сүрөт

Үлгүлүү үй-бүлө тобуна макалдарды түзүшөт.

1-топко берилүүчү  макалдар :

Ø  Көп жашагандан эмес, көптү билгенден сура

2-топко

Ø  Эмгекчилдин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.

 

Слайдда берилген сөздөрдү ата-энелер жатка алышып, ар бир топ өзүнүн тапшырмасын доскага чыгып жазат. Катасын окуучулар оңдоп кетишет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Монитордо берилген  чаташкан  сөздөрдү ордуна коюп макал курашат.

Кайтарым байланыш

 

Сабакты жыйынтыктоо

5 Баардык топторго “Музыканын обонун угуп,  кайсы ыр экенин   тап” оюнун ойношот

Музыка берилет, ата-энелер табышат.

 

Ата-энелер балдары менен биргеликте өздөрү каалаган жаңы  китеп жасашат.

Табышкан ырды хор болуп айтышат.

 

 

 

 

Китептин  темасын тандап, өздөрү ар түрдүү кагаздар, сүрөттөр аркылуу кооздашат.

Үйгө тапшырма   Балдары менен биргеликте “Кел бирге окуйбуз” тексти боюнча сүрөт тартышат.  

Тиркемелер

 

№ 46 Багы-Шамал жалпы негизги билим берүүчү  мектебинин башталгыч класстардын мугалими ШУХРАТ кызы МАХЛИЕ   Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17