Аймак

“ОЛУЯ ОПСУН НУРМОЛДО”

 3,335 Бардыгы /

Тема:

“ОЛУЯ ОПСУН   НУРМОЛДО”

( кыргызга таанымал белгилүү жазуучу Олуя акын Нурмолдонун

180 жылдыгына  арналган кечээнин сценарийи).

Айжан : Мына бүгүн  Нурмолдого 180 жыл толуптур.

               Дээринен ал көзү ачык Олуя акын болуптур.

               Биз урпактар алп акынды,

               Сыймык менен даңктайбыз.

               Ал жөнүндө ырлар айтып,

               Улуулугун,акындыгын барктайбыз.

 

Мээрим:-Асема  сен билесиңби?

-Бүгүн коноктордун баары эмне үчүн бул жерде чогулганын?

 

Асема:  – Ооба биз даярданып келбедикпи!

-Сен билдиңби?

– Себеби бул жерде Олуя  акын Нурмолдо абабыздын 180 жылдык 

эскерүү маарекесине баары чогулган.

 

Каухар:Ай-аай кыздар!  Айткылачы!

Нурмолдо деген ысым негизинен бир эле адамга тийиштүү болсо

керек деп ойлойм.Эмне үчүн дебейсиңерби?

Анткени  Нурмолдо  көзүндө нуру жанып тургандан улам коюлса

керек.

 

Айбийке:  И-ий  кыздар!

Нурмолдо “Апсун” дейт эмне үчүн экенин мен окудум.

-Бул көзү ачык Олуя ,алды жагында эмне болорун билген,анысын

элге айтып, жамандыктан калас кыла турган ажайып киши.

 

 Өмүрбек:О  ассалому алейкум

Олуянын пендеси

Айтылып жаткан ким өзү

Ак матадан селдеси

Чогу:  Көздөрүндө  огу бар

Колдорунда чогу бар

Устатыбыз Нурмолдо

Уламада жогу бар.

Айжан:Нурмолдону Нурмолдо кылган анын  эч кимде жок өзгөчө касиеттери

экендигин бардыгы эле биле бербейт.Эгер билген болсоңуздар да

кайрадан угуп коюу ашыкча болбос.

Каухар:Анда эмесе Нурмолдо абабыздын ушул күнгө чейин  аңыз кепке айландырган улуу касиеттери эмнеде болду экен?

Акмөөр

1.-Олуя акын Нурмолдо мударис акемен кайра жаңырып,ушул биздин замандан болорун мындан 100 жыл мурда эле көрө билген мударистиги.

Асема

2.Кашмирге баргандыгы,ал жерге чоң мечит кургандыгы.

Угулай

3.Бирок ал жерлерге калбастан андан ары ажыга баргандыгы.

Тынчтык

  1. Нурмолдо араб тилинде куду өз тилиндегидей төгүп ырдагандыгы.

Айганыш

5.Кыргыз элинин кырылып жок болуп кетпеши үчүн күрөшүп, орус эли менен мунаса кылууга кылууга өмүр бою чакыргандыгы.

Өмүрбек

6.Нурмолдо абабыздын  көзүндө,колунда,бүт денесинде табы(биотогу)  бардыгынын келечегин көрө билген олуя экен.

 Айжан

7.Мектепке, Мединага барып Эшен деген наам алып келгендиги,ал эми  жердештери  акешен деп атагандыгы.

Асема

8.Токтогул,Жеңижок сыяктуу улуу акындардын мугалими устаты.

Айбийке

9.Накыл сөздү макал лакапкпа айландырып,эл арасында олуянын төкмө акындыгы улутчулдугу патриоттугу.

Мээрим

10.Атеисттер анын өз колу  менен жазган он чакты ырын,китебин жыйнаган далай адабияттарын өрттөп таштагандыгына карабай атадан балага,энеден кызга оозеки өтүп сакталып,  топтолду .

Каухар

11.Нурмолдо абабыздын пикири боюнча бүткүл адамзаттын  түбү бир.

Ал адам Ата менен Обо энеден башталат.

Асан

12.Нурмолдо  кыргыз  элин дүйнөнүн башка элдеринен болбостугу,тескерисинче  аны  бирдиктүү адамзат баласынан ажырагыз бир бутагы катарында карашы.

Иса

13.Нурмолдо акын жаңы коом алдыга койгон талаптарды аткарууга ак ниет болууга элди биримдикке,спирт ичимдиктерин ичүүнү кыскартууга ал түгүл  таптакыр жоюуга базар мамилесин чыңдоого багыттап көзү жеткен.

Мээрим:  – Анда эмесе баарыбыз  олуя акын Нурмолдо абабызды урматтап,

келген конокторго Нурмолдонун нускоолорун  айтып берели.

Акмөөр:Каргалардын арасында ,

                 Шумкар карып.

Качырлардын арасында,

Тулпар карып.

Калыстыкка чыкпасаң,

Кусур урат.

Кор кылбастан асылыңды баркта.

Айганыш: Кас карыс берсе,

Капааңды алат.

Калкыңы кырып,

Каалайман салат.

Кас карызын доолайт.

Калкыңы жоолайт.

Карызга батканың ,

Калааңы сатканың.

Калкыңы атканың,

Кум-жол болуп жатканың.

Угулай:Башыңа кыйын иш түшсө.

Акылман табат айласын

Андайлар чыкса калкыңан

Жалпы көрөт пайдасын.

Тынчтык:  Ырыс берсе жер болбойт

Ынтымак болбой эл болбойт

Эмгекчилге жалкоолор

Эч убакта тең болбойт.

К.Асема :  Жалжанга моюн сунгандар

Чындыктан жүзүн бургандар

Акылмандар курушат

Арасаттар  урушат

Өмүрбек:  Мөмөлүү дарак ийилчээк

Жерге тийет эмеспи

Мөмөсү жок терек да

Элге тийет эмеспи

 Айжан:  Асылсаң жарга асыл,

Бутуң жерге тийбесин.

Буйласын кармай жыгыл,

Этиң катуу тийбесин.

Асема:  Жазында арыкты ойлоп чапсаң,

Жайында сугатты ойноп өткөрөсүң.

Берекесин кышында көрөсүң.

Айбийке:Мамлекеттин жаңылыштыгы,

Бир инсандын күнөөсү эмес.

Миң акылмандын акылсыздыгы.

Мээрим:Токоюн кыйса – тоо кулайт

Уларын кырса-зоо кулайт

Кайберени качат

Канаттуусу азат

Ээ аска кишини басат

Каухар:  Бир чөлдөгү чарбакта

Бир чымчык минтип сайрайт да

-Бул бакты тиккенге рахмат

-Көчөтүн өстүргөнгө рахмат

-Бир гана сагызган шакылдайт.

-Бу бакты сатып алганга рахмат

Асан: Кишинин эң жаманы кайсы?

-Көпкө мыктысынганы

-Эң жакшысын айтчы

-Эринбей иш кылганы

Хор:Асманда булут закымы

Айтарга сөзү макулу

Ак селдечен Нурмолдо

Ал ичкиликтин  Ала-Буканын акыны

Он сегиз бир ааламды

Жараткансың бир аалах

Өмүрбек:-Анда кыргыз элинин оозеки чыгармаларында кездешкен жар-жар ырынан баштап айтыш өнөрү акыйнек айтышууга кезек берели.

 

Жар жарей

Эй ,жаржарей  жарей!

Тоту куш түстүү кара каш жарей,

Токтоно элек аш жаш жарей.

Жакуттан жүздүк  жарашсын жарей

Жаами журт жардап карашсын жарей

Эй, жаржарей жарей

Ээ жаржарей жарей.

Асан:  Оюн куруш тойдогу –адат экен,

Кыздар ай.

Уландардын өлөңү жагат

Бекен кыздар –ай?

Иса: Ай,кыздар-ай кыздар ай

Уктатпаган уздар –ай,

Катып жүргөн сырың көп

Айтасыңбы? Кыздар-ай?

Айжан:  Кыздары көп кыштактар – таза бекен,уландар?

Кубалашып ойногон маза бекен уландар.

Сауле: Ай уландар-уландар.

Кууп жеткич куландар,

Эндигисин таппайсың.

Ишиң түшсүн ай-бай-ай.

Акыйнекке кезек- сөз айтылат

4-окуучу.Айганыш

-Баятан бери биз сиздерге аткарып берген чыгармалар улук инсан Нурмолдого экинчи өмүр  тартуулап, чыгармаларын жыйнап, китеп кылып түзгөн жердешибиз,улуу жазуучу жана журналист,Жапа-Салды айылынын тургуну Калмурат Рыскуловдун китептеринен алынды.

5-окуучу. Айбегим

-Олуя акын Нурмолдо мударис  акемдин сабактарынын бири табышмак айтышуу болгон экен.

Бүгүн биз ,ушундай чоң сахнага чыкканыбызга кубанып турган учурубуз.

Газетасынын редактору Камчыбек Камбарбековго беребиз:

Асан.

-Андыктан сөз аягында Нурмолдонун “ Ким табаган” деген сабагынан сиздерге табышмак айтып берсек деп турабыз.

Мээрим.Мен бул табышмакты көрүүчүлөргө беребиз.

                      Карабай аке аттан түштү,

                     Балдары тегерене жүгүрүштү(казан, кесе)

Айбийке.Дагы бир табышмагыбызды Нурмолдонун чыгармалар

жыйнактарына редакторлук кылган райондук  “Айыл акыйкаты”

газетасынын редактору Камчыбек Камбаровго беребиз.

                   Ара жолдо асылган тактай,

                  Адамга табылган бактай.(көпөрө)

 

 

Даярдаган мугалим: Садыралиева Динара

М.Эргешов атындагы № 6  жалпы орто билим берүүчү мектеби

Ала-Бука району

Жапа-Салды айылы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17