Аймак

“АР БИР МУГАЛИМ ӨЗҮ ТАПКЫЧ, ЧЕБЕР БОЛУШУ КЕРЕК”

 3,503 Бардыгы /

Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан башталгыч классынын окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында айыл аймактар арасында семинар ай сайын өткөрүлүүдө. Семинарда мугалимдер тарабынан жаралып жаткан ар кандай көйгөйлөр,маселелер талкууланып жатат. Ошондой эле мугалимдер тарабынан жаш мугалимдерге усулдук жардам жана өз ара достук, мектептердин арасындагы “таяныч мектеп” пикир алышуулар кызыгуу менен уланууда.

Ушул семинар Ак-Коргон айылдык аймагында да ай сайын өткөрүлүп жатат. Алгач октябрь айында Атамов мектебинде,ноябрь айында Сафед-Булан “Гимназия” мектебинде,декабрь айында Жоробаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2019-жылдын 29-январь күнү Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айыл аймагындагы №40 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде “Окуучуларда шар окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн жолдору”темасында семинар болуп өттү. Семинардык катышуучуларын саат 900 да Абдурахманова Дилдора тарабынан катталды. Саат 1000 до Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн мет.адис Талипов Х.тарабынан семинардын ачылышы жарыяланды. Саат 1010 до сабактарга бөлүнүшүп киришти. Башталгыч класс мугалими Асанова Умида 4-класс окуучуларына математика сабагынан көргөзмөлүү сабак өттү. Сабакка Сафед-Булан, Жоробаев,Юсупалиев мектебинен келген коноктор киришти. Нарманова Толгонай 1-класс окуучуларына алиппе сабагынан көргөзмөлүү сабак өттү. Сабакка Атамов,Юсупалиев жана гимназия мектебинен келген коноктор кирип күзөттү. Сабактан саат 1055 чыгышып,келген коноктордун бардыгы саат 1100 де Рахимова Чаростун класстан тышкаркы иш чарасына киришти.

Башталгыч классынын мугалими Рахимова Чарос “Алтын балалык ”темасында композиция өткөрдү. Композицияга мектептин бардык башталгыч класстарынын окуучуларынын өзгөчө таланттуулары катышышты. Зал көркөм көрүнүшкө келтирилип кооздолду. Композиция үч бөлүктү тузду. Ар бир бөлүк үчүн слайд жасалып проектр жасалгалары менен жабдылды. Уюштуруусуна “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү”жылына карата слайд иштелип биринчи бөлүкбашталды. Окуучулар тарабынан “Алтын балалык”жөнүндө ыр ырдалып, бий бийлешти. Экинчи бөлүк “Сен ооруба мен ооруюн ата журт”деп аталып, 4-классынын окуучулары “Ата журт”, “Менин мекеним” ырларын көркөм окуп беришти.

0-классынын окуучусу Бакытбек уулу Байэлдин аткаруусунда “Тоолук кыргызбы?”деген темада обондуу ыр ырдалды.Кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун Ата-мекен тууралуу учкул сөздөрүнө слайд коюлду Андан соң мугалим :

Атагы данктуу Манастын,

Арбагы бизди колдосун.

Ааламда тынчтык орносун,

Ыйлаган эне болбосун.

Аткарылып тилеги,

Ишин кудай оңдосун.

Деп кезекти “Жаш манасчыларга” берди. Манас эпосу жана залкар жазуучу Ч.Айтматов менен кыргыз эли сыймыктанат. Булар жөнүндө канча айтсак да аздык кылат.

Үчүнчү бөлүк залкар жазуучубуз “Чыңгыз Айтматов”ду эскерүү болду.Улуу жазуучубуз айткандай:”Сени таныгандар жашап жатканда ,сен тирүүсүң”. Демек алар тирүү биз менен бирге! Деген пикир менен Ч.Айтмотовго арнап даярдалган слайд коюлду. Слайдда Ч.Айтматовдун өмүр баяны жана анын чыгармалары жөнүндө кыскача маалымат берип өтүлдү. Окуучулар Ч.Айтматовго арналган ырлар менен кечени кызыктуу өтүүсүнө өз салымын кошушту. Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” чыгармасынан үзүндү коюшту.

Окуучулар өз ролун өзгөчө кызыгуу менен аткарышты. Кезеги менен 2 -классынын окуучусу Абдукаримов Хаётбектин аткаруусунда комуз ойнолду,0-классынын окуучуларынын аткаруусундагы лезгинка бийи менен композиция аягына жетти.

Семинардын аягында мектептин директору Т. Малахов жана Ала-Бука Райондук билим берүү бөлүмүнүн мет.адиси Х. Талипов жыйынтыктап, семинардын жетишкен жактары жана сунуш пикирлер айтылып талкуу жүрдү.

Ак-Коргон округунда семинарлардын уюштурулушу ийгиликтүү болушу үчүн педагогдордун арасындатаралып жаткан ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө, метод алмашууга,бири-бирине усулдук жардам берүүгө каратылган иш-аракеттерди улантуу абзел экендиги айтылып семинар соңуна жетти.

№40 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүүчү

мектебинин башталгыч классынын мугалими Джороева Чарос

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17