Аймак

АТА МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ

 31,989 Бардыгы /

№7 Н.Бекменбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин соц.педагогу  Жумабаева Айжамал тарабынан 23-Февраль Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулган класстан тышкаркы ишинин иштелмеси.

Класстан тышкаркы иштин темасы : Мекенди коргоо – ыйык милдет

Класстан тышкаркы иштин максаты : Окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн бекемдөө, “Туулган жердин  топурагы-алтын -” деген накыл кептин туюнтмасына жооп издөө

Тарбиялык максаты : өз мекенин сүйүүгө жана көздүн карегиндей сактоого,чыдамкайлуулукка , спортту сүйүүгө , кечиримдүүлүккө,  тарыхын жана тегин билип жүрүүгө тарбиялоо

Кеченин жасалгасы : көргөзмө иретинде кыргыз тарыхындагы баатырлардын сүрөттөрү жана алардын жасаган иштери боюнча баяндамалары . Окуучулардын мекенди коргоого арналган сүрөт көргөзмөлөрү, дил баяндары, мекен жөнүндө ырлары, макал- лакаптары ж.б .

Предмет аралык байланыш : тарых, адабият , музыка , сүрөт , дене тарбия , АЧД сабактары

Кеченин жүрүшү : Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни ойнолот.

Жалпы туруп гимнди чогуу ырдашат.

 

Алып баруучулар : 

1-кыз : Кутмандуу күнүңүздөр менен! Бүгүнкү “Мекенди коргоо – ыйык милдет ” аттуу патриоттук музыкалык кеченин катышуучулары. Сиздерди 23-февраль Ата Мекенди  коргоочулардын күнү менен чын дилден куттуктаймын . Эч качан майтарылбаган ,кайраттуу , күч кубаттуулугуңуздардан жазбастан , Мекенди коргоодо сыймыгыбыз болуп журө беришиңиздерди каалап өтөм. Үй- бүлөлүк бакыт менен биргеликте бекем ден соолукта жана тайманбас эр жүрөк болуп, элибиздин намысын коргоп, Ала-Тоонун бейпилдиги үчүн аман болушуңуздарга тилектешмин.

2-кыз :Сиздердин назарыңыздарда 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата “Мекенди коргоо – ыйык милдет ” деген темада Аксы районунун Кашка – Суу чек ара заставасынын аскерлери менен биргеликте 10-11-класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү  мелдеш кечебизди ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер .

1-кыз :

Жарлыгын айт жарандарга угуза,

Мекен үчүн сүйүү туулсун уул – кызга.

2-кыз : Кезек саламдашууда

  1. Шумкарлар командасы 11-класстын окуучулары
  2. Ата Журт командасы 10-класстын окуучулары

3. Застава командасы  чек ара аскерлери

  1. Саламдашуу :Шумкарлар командасы: Хор

Шумкар келди антын тапшырып ,

Бүгүнкү КВН ге мыкты даярданып .

Маанай көтөрүлүп турса кандай жакшы ,

Калыстарда койсо бизге жакшы бааны.

Шумкар келгенский, ырдап бийлегенский

Ушундай эле маанайда бизде баштаганский

Жумакан :

Келе жатсам мектепке абдан шашып,

Атаандаштар келе жатат кертең басып .

Жетейин деп жанына барганымда ,

Жеңебиз деп айтышты шыбырашып.

Ой балдар , ай кыздар

Неге мынча тынчсыңар

Бул мелдеште жеңишке умтулалы

Атаандашка бирди биз бербешке.

Арзыбек :

Биз кыргыздын уул – кызы саламдашкан ай

Сиздер менен жүз көрүшүп амандашкан ай .

Кабагыңдан айландым ачылбаган ай,

Бизди колдоп кошто замандашым ай.

Залда колдоп , коштоп кулпурасың ай ,

Залда олтурган көрүүчү , күйөрмандар ай .

Кабагыңдан айландым күлмүңдөгөн ай,

Бул мелдешке катышкан атаандашым ай.

Мактым :

Салам айтам кыргыз эли артынан ,

Салам баштайм ак карлуу тоо башынан .

Алик алып  батаңызды бериңиз ,

Салам элим , салам менин атымдан.

Акылай :

Салам айтам, Ала-Тоонун кары болуп,

Салам айтам , жамгырдын суусу болуп.

Салам айтам кыргызымдын кызы болуп .

2. Ата Журт командасы: Хор

Алма, өрүк гүлдөй баштады да

Өзөн үстүн туман каптады.

Сага окшогон аяр солдаттарга ,

Катюшадан салам айтабыз.

Кеч жарыкта кыздын жазган каты ,

Кеч жарыкта асман ааламы.

Чек арада жаткан жоокерге ,

Катюшанын айткан саламы.

Адина :

Айлансам дүйнө жүзү кең,

Таба албайм Ата Журтум сага тең.

Алмашпайм Париж, Лондонго ,

Туулган жерим сени мен.

Нурулло :

Тарыхта басып өткөн жолу менен,

Табигый таттуу кылган сулуу Мекен.

Төрт тараптан көрк берип тоолор курчап ,

Тартуу кылган сулуулугу көп-көп экен.

Гүлзада:

Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар,

Элдин мүлкүң оп тартпасын алкыңар .

Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште,

Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.

Жамила:

Салам айтам, Аска – зоонун  мөңгүсү болуп,

Салам айтам, Чанач –  Сайдын суусу болуп.

Салам айтам,  комузумдун күүсү болуп,

Салам айтам , Ак- Тамымдын кызы болуп.

Иса:

Оо, Ала-Тоо сенсиң менин Мекеним ,

Башым ийип , сага таазим этемин .

Өлгөнүмчө сени коргоп душмандан,

Өмүр бою кадырыңа жетемин.

3.Застава командасы: кенже жоокер – Ысман уулу

Саламатсыздарбы, урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды 23-февраль “Мекенди коргоочулар” күнү менен “Кашка – Суу ” чек ара заставасынан түзүлгөн “Застава ” командасы куттуктайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы да өлкөнү коргоодогу милдеттерин жигерлүү аткарып келет. Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу үчүн арналган аткаруу бийлигинин тутумундагы бирдиктүү мамлекеттик орган.

Кенже жоокер Исраилов Б.:

Салам айтам жалпы кыргыз калкыма,

Бизди көрүп угуп турган жалпыга.

Чек арачы жоокерлер салам айтат,

Эжей – агай баарына.

Кенже жоокер Бакыт уулу Б:

Канча улут кыргыз жерден түнөк тапкан,

Канчасы бизге келип жан сактаган .

Бололу ушул элди барктаган,

Бололу ушул жерди сатпаган.

Кенже жоокер  Кочкоров:

Толкун болот деңиздин терең жери,

Толкундай кыргызымдын жигиттери.

90 өнөр ээси болсун деп,

Тоолук эне өстүргөн сени, мени.

Кенже жоокер  Жапашов:

Кыргызымдын саламдашчу салты бар,

Эзелтеден сактап келген салты бар.

Эчен кылым , эчен жылды каарыткан,

Тайманбаган эр жүрөк мүнөзү бар.

  1. Обондуу ыр :

Шумкарлар командасы : “Жоокер ыры ”

Элимдин бейпилдигин намыска бек сактаймын,

Энеке ак сүтүңдү  эл коргоп, мен актаймын .

    Эр жигит эл четинде

            Азамат жоо бетинде

            Артымда кыргыз элим

             Ар дайым сезимимде

Сүйүктүү чек арамды

Душманга аралатпайм

Атаке антым берем

Жүзүңдү жер каратпайм.

Ата Журт командасы “Кыргызстаным ”

Кылымдардан  келген, кыйла тоону жеңген,

Кыргыз элдин урпактарыбыз.

Азгырса да заман, алдаса да жаман,

Кастык кылба өз мекениңе.

Бейиштин төрүндөй,

Берметтин өңүндөй

Берекелүү жерим

Кыргызстаным!

Ата Мекеним, ардактуу жерим,

Кылымдарга сени ырдап келемин.

Мекеним менин кымбатым жерим,

Түбөлүккө сени сактап келемин.

Аргасыз кетсең да,

Алыска жетсең да.

Сагынасың ыйык Мекеним,

Биримдиктүү  элбиз.

Бөлүнбө себепсиз.

Кыргызмын деп коргоп намысты

Бейиштин төрүндөй,

Берметтин өңүндөй

Берекелүү жерим

Кыргызстаным!

Застава командасы : “Жоокердик ыр ”

Жеримдин чек арасын кайтарып,

Ар кандай оор кырдаалга даярданып.

Мекендин так чегинде тынбай басып,

Чек арачы деген атка сыймыктанып.

Эли үчүн өлүүгө да даяр болуп,

Мекендин чек арасын турат коруп,

Бөтөн адам басып кирсе чек арадан.

Барышат жан аябай алоолонуп.

Тынч болсун кыргыз элдин чек арасы,

Биз үчүн мындан ыйык парыз барбы

Пайгамбар Мухаммад да айтып кеткен

Туулган жердин топурагы алтын баалуу.

Кыргыз эли сыймыктанат, силер менен

Азаматтар коргоо элди келген

Туулган жердин топурагы алтын деген

Силерсиңер өлкө үчүн жаның берген.

3.Штанга көтөрүү

Шумкарлар командасы Бекдөөлөт

Ата Журт командасы  Иса

Застава командасы кж . Жапашов А.

  1. Тамашоу

Шумкарлар командасы “Армияда кар күрөп ”

Ата Журт командасы “Согуштун бүтүшү ”

Застава командасы “чек арада турган аскер ”

5.Бий

Шумкарлар командасы “Катюша ”атк.Мактым, Акылай , Жумакан

Ата Журт командасы  “Көчмөндөр бийи ”атк.Жамила, Жасмина , Нурай , Адина,  Гүлзада , Навбахар

Застава командасы “ РБ ” кенже сержант Ашимбаев Б. Ефрейтор Мелибаев Б. Кж.Ысман уулу , Салымбаев А , Абдашим уулу , Мурадил уулу

 

6.Эркин тема:

Шумкарлар командасы  “Өнөрүң болсо өргө чап “ атк. Арзыбек , Камбар , Бекдөөлөт

 

Ата Журт командасы “Жалын бий ” атк.Навбахар , Данияр , Жасмина , Мирбек

Застава командасы  “АК -74 ” куралын толук эмес чачып жыйноо кенже сержант Ашимбаев Б.

 

7.Кол күрөш

Шумкарлар командасы Арзыбек , Турсунбой

Ата Журт командасыИса , Нурулло

Застава командасыкж . Ысман уулу , кж. Мурадил уулу

  1. Кругозорго суроолор

Шумкарлар командасына   :

  1. Столдун төрт бурчу бар , бир жагын кесип салсак канча бурчу ? (беш бурч )

2.Кайсыл жолдон басууга болбойт ?   (Саманчынын жолунун )

3.Кайсы сөз ар дайым туура эмес жазылат ? (туура эмес )

4.Эки адам маектешүү үчүн отурат, кайсы жакта кандай отурганы белгисиз. Буларга эч ким , эч нерсе тоскоол боло албайт ? (интернетте отурган адам )

  1. Ак ит менен кара итти жарыштырса кайсынысынан көп тер чыгат ? (ит тердебейт )

Ата Журт командасына :

1.Бөтөлкөдө төрт окшош нерсе бар . Ал эмне ? ( Ө тыбышы )

  1. Эки литр сүттү бир литр банкага кантип батыруу керек ? ( көп кайнатса сүт азаят )
  2. Эң алгач картошка каерде жаралган ? (Жерде )

4.Мээси эң чоң жаныбар ? (кумурска )

  1. Строус 7 жашка чыккан соң эмне болот? (8ге толот )

Застава командасына:

  1. Саша мектепке барыш үчүн 10 мүнөт жетет. Эгер досу менен барса канча убакыт кетет ? (бирдей )

2.Кандай жаныбар көзүн ачып уктайт ? (балык )

3.Деңиз эмес , жер да эмес , жүрүп да болбойт, сүзүп да болбойт . Бул эмне ? (карта )

  1. Келин кайсы учурда кыз болот ? (төркүнүнө барганда )
  2. Мерининатасынын 5 кызы бар . Алар : Лара, Лора , Лира , Лера бешинчисинин аты кандай ? (Мери )
  3. Дубал газеталардын сынагы (Эмблема коргоо)

Шумкарлар командасы: Навбахар

Ата Журт командасы: Акылай

Застава командасыкж. Бакыт уулу Б.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17