Аймак

ӨЗ БИЛИМИҢ ӨРКҮНДӨЙТ, ОЙНОСОҢ ЭГЕР “КРУГОЛОГ”

 7,224 Бардыгы /

         2019-жылдын январь айынан  баштап,  №29 “Ынтымак” башталгыч мектебинде “2019-жыл-  аймактарды өнуктурүү жана санариптештирүү” жылына карата мугалимдердин чыгармачылыгын өнүктүрүү жана дүйнө таанымын терендетүү максатында “Круголог” акыл  таймашы өткүрүлүүдө.  Бул акыл таймаш математика мугалими Абдумажитов Бактыяр тарабынын атайын даярдалган. Таймаш айына бир жолу өткөрүлүү мерчемге алынып, алгачкы оюнда эле мугалимдердин кызыгуусун арттырды .       

      ”Круголог” акыл таймашынын негизги максаты,  мугалимдердин  өз билимин өркүндөтүүсүнө көмөк көрсөтүү менен кругозорун кенейтүүгө өбөлгө түзүү. Айрыкча жаш мугалимдердин  ар тараптуу изденүүсүнө шарт түзүлгөндүгү жалпы жамаатты шыктандырды. Мектеп администрациясы таймаштын натыйжалуулугун белгилеп, учурда таймашты өткөрүүгө толук шарт түзүп берүүгө аракеттенип жатат.   

        “Круголог” акыл таймашынын  суроолору предметтен жана интернеттен тышкары болуп,  логикалык, ,дидактикалык, турмуштук, тарыхый жана саясий багытта  түзүлүп, тажрыйба байытууга да багытталган. Баса белгилеп кетчү сөз мында бардык мугалим предметине же жаш өзгөчөлүгунө карабай жалпы катышып, мектеп жааматынын ынтымактуулугун да чыңалтат. Түйшүктүү кесип ээлери бул таймаштан кийин руханий байлыкка ээ болуу менен чектелбестен  эстетикалык жактан да эс алышат. Бул жакшы жышаанды жалпы кесиптештер менен бөлүшкүбүз келип “Круголог” таймашынын толук формасын жарыялап отурабыз.

 

         Мугалимдер  үчүн иш –чара.

Аты: “Круголог”

Чечмелениши: кругозор-+логика.

Формасы: Интелектуалдык оюн.    

 Максаты: “Бир айда, бир жолу ойноп, – үйрөнөбүз”

        Түшундүрмө:  Оюн беш тур менен өтөт .(бир айда бир жолу, 2-жарым жылдыкка карата)  Ар бир турда топтогон упайларды беш турдан кийин жыйынтыктайбыз. Оюнга үч топ, тактап айтканда экөө мугалимдер командасы,- мында,  М: 10 мугалим болсо бештен эки команда, үчүнчусү алып баруучу.  Эки команда бири – бирине каршы ойнойт. Ал эми алып баруучу экөөнө каршы ойнойт.Ар бир суроого берилген упай үчүн күрөшөт,  (упайлар 100дөн 500 гө чейин болсо колдонууга ынгайлуу  м: 100,150,200,300…..500)

     Ар бир оюн үч бөлүктөн турат.

1-бөлук (разминка)

Мында ар бир команда мүчөсү викториналык суроолорго жооп берет.(Бир мугалимге бир суроо) Кайсы команда көп жооп берсе +50 упай менен экинчи бөлүктү баштап берет.

 

2-бөлүк ( негизги бөлүк)

     Мында 12 суроо ойнотулат,ар бир командага алтыдан. Бериле турган суроолордун ар бири номерленген жана ичине упайлар катылган. Суроого жооп берүү менен команда катылган упайларга ээ болот. Кезектеги команда суроого толук жооп берсе упайдын баардыгын утат, жооп толук болбой калса, калыс экинчи командага мүмкунчулүк берет. Экинчи команда жоопту толуктайт жана калыс ар бир команданын жообуна карата упайды бөлүп берет. Эгер экөө тен толук болбосо упай үчкө бөлунөт(алып баруучуга да). Эгер эки команда тен суроого таптакыр туура эмес жооп берсе, упай алып баруучунун пайдасына калат. Ошентип оюн улана берет. Ар бир суроонун убактысы эки мүнөт.

 

3 – бөлүк  жыйынтыктоочу бөлүк.

      Мында жеңген команданын упайларынын 10 пайызы ойнотулат .Оюн эки команданын ортосунда жүрөт. Алып баруучу кошулбайт. Суроого так,толук жооп бериши шарт. Андай учурда команда өзү топтогон упайды толук сактап калат.Эгер жооп толук болбой калса же  таптакыр жооп жок болсо,2-команда (утулган команда) жооп берүүгө укуктуу.Эгер алар так,толук жооп берсе, уткан команданын топтогон упайларынын 10 пайызы кемитилип экинчи командага кошулуп берилет, экөө тен жооп бере албай калган учурда 1-синен кемитилет, бирок экинчисине кошулбайт.

Калыс: Оюндун жүрүшун, тартибин көзөмөлдөйт, белгиленеген нормада айып салууга ,сый упай берүүгө укуктуу.

Женилдиктер (бонус)

  1. +50 суроого кошо чыгат. (чыккан комондага автоматтык түрдө 50 упай кошулат)
  2. 50*50 (тен шерик)   – Берилген суроого команда таптакыр жооп бере албаса ,суроосун экинчи командага өткөрүп беришет. Экинчи команда уткан упайды экөө тен бөлуп алат. Утпаса эч кимге жок. Суроолорго жооп берүү кезеги сакталат.
  3. Сектор 0.  -Мында команда суроого таптакыр жооп бере албаса экинчи суроону ала алат.
  4. 4-бонус калыска.  -Баштапкы капитал катары 200 упай берилет. 5 тур аралыгында бир гана жолу. Калыс командаларды шыктандыруу максатында  алардын  активдүүлүгүнө же башка жакшы сапаттарына карата сый- упай кылып бөлүп-бөлуп иштете алат. Бюджетти толтуруу үчүн командаларга айып -упай сала алат.(м: пассивдүүлүгүнө,тартибине, кечигүү, катышууга жана башкага карап)

Эскертүү: 2-3-бонустар бир оюнда бир командага бирден гана жолу берилет.

Упайларды эсептөө: 

  1. Кайсы команда көп упай топтосо ошол команда утат.
  2. Эки команданын топтогон упайларынын суммасы алып баруучунун топтогон упайына

      жетпей калса алып баруучу утат. 

     Ар бир турда  ушундайча эсептелет да, окуу жылынын аягында жалпы турдун жыйынтыгы чыгарылат (1-2-3-орун).                                  

     Бул оюнду пайдаланам деген кесиптештерибизге  автор тарбынан кубануу менен макулдук берилет жана алдын ала ийгилик каалайбыз.

     Урматтуу кесиптештер сиздердин    билим өркүндөтүүнүздөргө пайдалуу кенеш

берип,чыгармачылыгыныздырга өбөлгө түзүүгө аракет жасадык деген пикирде бул оюнду сунуштайбыз.Ошону менен катар  сиздерден да эң  натыйжалуу иш тажырыйбаларыныздарды сурап калабыз. 

№29 “ Ынтымак” башталгыч мектеби

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17