Аймак

“КИТЕП БИЛИМ БУЛАГЫ”

“КИТЕП БИЛИМ БУЛАГЫ”

 50,455 Бардыгы /

2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына жана 23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китеп билим булагы”-деген темада адабий кече.

Программа

1-тур

1.Гимин

2.Саламдашуу

3.Хор китеп

4. Китептин келип чыгуу тарыхы (доклад)

5. Китеп жөнүндө көркөм ырлар

6. Китептерди сактоо жана даңазалоо.

7.Инценировка “Эки китептин маеги”:

2-тур

1.Жеке номер

2.Бий

3.Улуу адамдардын китеп жөнүндө

айткандары

4.Макал –лакап табышмактар.

5.Китептин кеңеши өтүнүчү.

6.Хор “Ким китептин душманы”

7.Китеп канаачынын сөзү

Кеченин максаты:

Билим берүүчүлүк: 1) Окуучуларга китеп өтө пайдалуу экендигин жана китепке этияттык менен мамле жасоого өзгөчө жакшы карап китепти сүйүүгө тарбиялоо.

Өнүктүрүүчүлүк:2)Окуучулар китеп эң пайдалуу буюм экендигин билишет.Китепти окуу адамдын аң сезимин өстүрөт,ой жүгүртүүсүн сөз байлыгын өстүрөт.

Тарбия берүүчүлүк:3)Окуучулар китептерин тыштап жакшы тутууга аяр мамиле жасап окууганга тарбияланышат.

Кеченин жүрүшү:

1. Гимн ырдалат.

2.Мугалим :Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжейлер жана окуучулар бүгүн 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китеп билим булагы” деген темада адабий кечээбизди ачык деп жарыялайбыз.

Ук бүт аалам!

Мен тынчтыктын күүсүн чалам,

ушул жерде отурган баарыңаздарга 7-б классынын атынан чогу: жалындуу ыссык салам!!!

2.Хор: “Китеп”.

“Кел китеп окуйлу”

Ким китеп окуса угат толкундун үнүн,

Керек болсо көрүп келет деңиздин түбү.

Ким китеп окуса өлкөлөрдү кыдырат,

Кылымдарга замандарга барып, бара алат.

Кайырма: Кызыктуу кызыктуу кызыгасын укмуштуу.

Кээде толкун сыйкырдуу, кел китеп окуйлу.

Ким китеп окуса жылдыздарга уча алат,

Самолётту жасап алып, асманга чыгат.

Билимдүү болобуз, биздин жакшы оюбуз,

Ата-энелер менен чогуу бирге окуйбуз.

Кайырма: Кызыктуу кызыктуу кызыгасын укмуштуу.

Кээде толкун сыйкырдуу, кел китеп окуйлу

3. Китептин келип чыгуу тарыхы (доклад)

Китептин качан пайда болгондугу туралуу так маалымат жок.Кагазды ойлоп тапканга чейин китеп жазуу өтө оор болгон .Египеттиктер ташка чегип жазышкан бир нече жумалап аскага асылып ташка чегип жазуу өтө оор болгон .Кетирген катасы үчүн кулдун башы алынчу .Ал кезде бир тамганы эмес бир сөздү түшүндүргөн .Бул ыкма азыр деле кытайда колдонулат.Ассирияда ылайдан китеп жасашкан жумшак ылайга учтуу таякча менен жазып, анан аны отко кактап кургатышкан.Бул аны алып жүрүү үчүн өтө ыңгайсыз болгон . Кийинчерээк кой ,эчки, музоонун терилерин ийлеп териден пергамент жасап, ошого жаза башташкан .Кагаз жасап чыгаруу да оңой болбогон.Бамбуктун сабагы ,дарактын кабыгы, кара курайды майдалап аки ташка аралаштырып, аны суткалап кайнатып ,андан чайырдын боткосу пайда болгон .Аны майда торчолордон өткөрүү менен жуп жука кагазды жаратышкан.1564-жылы Россияда төл башы китеп болуп Апостол аттуу китеп басылып чыккан.Андан кийин И.Федоров орустун биринчи -алиппесин түзгөн.Ошентип китеп басып чыгуу пайда болгон.

4.Китеп жөнүндө ырлар:

1-окуучу

Китеп деген акылман,

Жакшылыкка чакырган.

Окуучуга кеңешчи,

Жакын досу эмеспи.

2-окуучу

Китептүү үй дайым таза кутман үй,

Идиш эне ырыс кешик жуккан үй.

Чала сабат чай кайнамга отурса,

Акылына акыл кошуп чыккан үй.

3-окуучу

Китеп менин тунук таза булагым,

Китеп менин өчпөс жарык чырагым.

Көптү окуп, көптү билип китептен,

Мекениме талбай кызмат кыламын.

4-окуучу

Китеп бизге чын жолдош,

Китеп бизге анык дос.

Пайдаланып китептен,

Акылга акыл кош.

5-окуучу

Өмүрдүн жан шергиг жакшы китеп,

Жаш жүрөк жалындаган жолун тактап.

Китепте не кааласаң баары бар,

Эрикпей окуп чыксаң таамай издеп.

6-окуучу

Акылга жакшы китеп акыл салаар,

Кыялдын жаман жагын тартып алар.

Өзүңдү өзүңө айтпай кайра жасап,

Сен ачкан колдоруңа канааттанар.

7-окуучу

Билим кени – китеп,

Тарбия кени – мектеп.

Ким китепти окуса ал көптү билет,

Андыктан аны барктай билүү керек.

8-окуучу

Жакшы китеп окусаң көп нерсени билерсиң,

Каарман менен бир кетип күлсө кошо күлөрсүң.

Канат бүтүп көктө учуп көк деңизде сүзөсүң,

Желмогузду кубалап жер алдына түшөсүң.

5. Китепти сактоо жана даңазалоо.

1-окуучу

1.Жасалат китеп канча эмгек менен,

Бир жыл жасайт эгерде аны билсен.

Китепти көп окууган адам гана ,

Айга да жете алат билим менен.

2-окуучу

2.Окуйлу окуйлучу китепти биз,

Окуган кандай жакшы окуйлу биз.

Эгерде окубасак биз китепти,

Жете албайбыз бийиктикке эч кимибиз.

3-окуучу

3.Замандаш кел китепти сактайлычы,

Китептин улуулугун даңктайлычы.

Жулуп алып барагын айрып салбай,

Китепти көп –көп окуп барктайлычы.

4-окуучу

4.Досторум биз китепти таза сактап окуйлучу,

Анткени китеп бизге билим берет.

Китепти таза сактап көп окусак,

Китеп деген билимге жол ачып берет.

5-окуучу

5.Сүттүй тунук тилеги,

Деңиздей кең талабы.

Көктөй тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.

6-окуучу

6.Таалайдын жолун көрсөтүп,

Чакырып турат келгин деп .

Арамдыктан тазалап ,

Жакшылыкка эрчитете.

7-окуучу

7.Ошондуктан баркын бил,

Кирдебесин бир чети.

Сыя төгүп булгабай,

Жакшы сакта китепти.

6.Эки китептин маеги.

Кыргыз тил: Саламатсыңбы математика. Абалың кандай?

Математика: Мен жакшымын, а сенчи?

Кыргыз тили: Менин абалым начар бир тартиби начар балага туш келип калып, менин баркымды билбей туш келди ыргытып, кир колдору менен кармап, окубай сүрөттөрүмдү көрүп, барактай берет.

Математика: Мен сенден анча эле жакшы экенмин. Бир жакшы окуган кыз алып аябай жакшы караган. Мен да ошондой жаман балдарга туш келип, калбасам экен деп коркконмун.

Китептер: Балдар биздин баркыбызды билгиле көп окугула, таза кармагыла биз силерге билим беребиз.

II-тур

1.Жеке номер: “Мектебим”

2.Бий: “Кыргыз бийи”

3. Улуу адамдардын китеп жөнүндө айткандары.

1. “Китеп окуган адам ,китеп окубаган адамдан алда канча жогору турат”. В.Г.Белинский

2. “Билимден ашкан күч жок”. М.Горкий.

3. “Адамдар китеп окуганды таштаса,анда алар ойлонууданда калат”. Д.Дидро

4. “Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок”.А.Новои.

5. “Мен үчүн китеп алтын тактыданда кымбат”.В.Шекспир.

6. “Китеп адамдан жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал”. Я.А.Каменский

4. Макал-лакап табышмактар

1.Билим деңиз-акыл кайык .

2.Билим жанып турган чырак.

3.Билим жашоо чырагы,өнөр элдин курамы.

4.Билим арыбас өнөр карыбас.

5.Билим кенч,эмгек анын ачкычы.

6.Билим оошот,өнөр жугушат.

7.Билимдин кени китепте.

8.Акыл айга жеткирет,өнөр көкө жеткирет

.

Табышмактар

1.Өзү сүйлөбөйт бирок кишиге акыл үйрөтөт.(китеп)

2.Өзү кичине колума чакан,кайда барсам колума ала барам.Отура калып ичин ачам ,баатырларга аралашам .Аябаган кызыкка батам ,аягына жеткинче шашам. (китеп)

5. Китептин кеңеши өтүнүчү.(ыр)

1-окуучу

1.Мукабамды ачканда

Таза болсун колдоруң

Бетиме кир жугузуп

Уят кылып койбогун

2-окуучу

2.Барагымды ачканда

Таза сакта дайыма

Сен тилимди албасаң

Келгим келбейт жанына.

3-окуучу

3.Тамак ичип жатканда

Окуба мени кармаба

Булгап менин бетимди

Бербе тытчу балага

4-окуучу

4.Көрүнгөн жерге ыргытып

Таштап койсоң тарынам

Ардактасан ар дайым

Окуса деп сагынам.

5-окуучу

5.Окуп жүрсөң сыйласан

Мен да сени сыйлаймын

Арбын берип билимди

Дос деп дайым сени сыйлаймын

Китептин кеңеши

1.Китептин барактарын бүктөөгө болбойт.

2.Китептин ичи сыртына барактарына чийүүгө болбойт.

3.Кир колуң менен китепти кармаба.

4.Тамактанып жатканда китепти окуба

5.Күнгө каратып китепти окуба.

6.Хор: “Ким китептин душманы”.(А.Осмонов)

1.Ким китепти кир детсе,

Китеп баркын билбесе.

Жулуп алып барагын ,

Орой салса бир нерсе.

Ал- китептин душманы.

2.Ким китепти сүйбөсө

Кадырына күйбөсө

Чылым ороп шарт айрып

Калжың-кулжуң сүйлөсө

Ал- китептин душманы.

3.Ким китепти кордосо

Ырайымы болбосо

Сүрөттөрүн урдаса

Урдап көнгөн колдорчо

Ал- китептин душманы.

4.Бардыгынан ким жаман

Китеп жырткан шум жаман

Китепти сүйгөн балдардан

Наалат алсын ал адам

Ал- китептин душманы.

Алып баруучу :

Ардактуу ага- инилер жан курбулар ,

Жаңы өскөн жайдары ачык жаш муундар.

Силерге айта турган сөзүм ушу

Ар дайым китеп менен дос болуңар.

7. Китепканачынын сөзү:

Урматтуу мугалимдер жана окуучулар мына баарыңыздар күбө болдуңуздар китеп жөнүндө көптөгөн жакшы сөздөр,ырлар айтылды.Албетте китеп көзүңдү ачат дүйнөнү кооздукту ,сулуулукту,улуулукту таанытат “Китеп билим булагы , билим- өнөр чырагы” деген макал бекеринен айтылбаган чыгар Илим –билим, дасыккан адистик ,көркөм дүйнө аркылуу өз максатына жетүүгө болот.Китеп биздин байлыгыбыз аны булгабай ,кордобой кийинки келечек муундарга мурас катары калтырышыбыз керек.Китептин баркын билүү ,аны көздүн карегиндей сактоо ар бир атуулдун милдети,биздин милдетибиз .Китеп жөнүндө улуу акын таасирдүү педагог Жусуп Баласагын мындай деген : “Инсандын жетилүүсүндөгү билимдин китептин ролун жогору баалап Билимсиз адам бактылуу боло албайт, инсандын зоболосун билим көтөрөт. Билим адамдын куту,ийгилиги,бактысы”-деген мына ошондуктан китепти көздүн карегиндей таза сактап көп көп окуп келечекте улуу инсандардан билимдүү адамдардан болушуңарга мен чын жүрөктөн тилектешмин.

Алып баруучу:

Эмесе ушуну менен 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган кечебиз соңуна чыкты көңүл бурганыңыздарга ырахмат.

№20 Ажек жалпы орто билим берүүчү мектебинин китепканачысы Жороева Б.

7-б классынын класс жетекчиси Ашурова Г.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17