Аймак

“КЫРГЫЗ ТИЛИМ КӨЛДӨЙ ЧАЛКЫП ЖАТКАН ТИЛ, ЗОР ТАРЫХТЫ ӨЗ ИЧИНЕ КАТКАН ТИЛ”

 7,043 Бардыгы /

“Кыргыз тилим көлдөй чалкып жаткан тил, зор тарыхты өз ичине каткан тил”

Сабактын максаты:

  • Окуучулар өз эли-жерин,эне тилибиз – мамлекеттик тилди,

ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды алышат.

  • Мекен алдындагы жоопкерчилигинарттыруу менен эне тилин баалап барктоого үйрөнүшөт.
  • Патриоттуулукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү:

Сабак Кыргыз Республикасынын  тил Гимнин аткаруу   менен  башталат.

Андан соң  окуучу “Манас” эпосунан үзүндү айтат.

Үзүндү айтылып бүткөн соң мугалим  сабакты баштайт.

Мугалим: Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?

Сакина : Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык.

     Иса :Улуу “Манасы” ыйык.

Марсел : Ак боз үйү ыйык

  Бермет: Ак калпагы, ак элечеги ыйык.

  Мадина : Эне тили ыйык.

Мугалим: Эне тил! –

Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.

“Элди түбөлүк  эл кылып турган анын тили”

“Тилим барда улутмун , тилим менен улукмун”.

Эне тили болбосоаты аталбайт улуттун “, – дегендей , эне тилибиз – кыргыз тилин , аны мамлекеттик тилибиз катары даңазалоо сабагын баштоого уруксат этиңиздер.

 Элибизди эл кылып , улут катары таанытып  келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз кыргыз тили.

“Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт”. Анын сыңарындай , кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет.,эне тили аркылуу даңкталат. Дүйнөдө теңдеши жокалп “Манастай” дастандарды жаратканэне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыңар , балдар?

Сезимай: Кыргыз тили кылымдарды карыткан,

Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.

Арген: Абалтадан салт- санаасын сактаган,

Акыл –оюн алыс жолдо тактаган.

Кылымдардан кылымдарды карыткан

Кыргызымдын тили менен мактанам.

Марсел: Эне тилим-өз тилим,

Эси жоктук иш кылат.

Өзүнүн эне тилинде

Сүйлөбөсө сөздү ким.

Сакина: Уккан сайын көшүгөн,

Эне тилим-эгизим

Сузүп өттүм өзүнөн

Акыл- билим деңизин.

Мадина: Эне тилим-намысым,

Эне тилим- арым да

Билбейм жолдун алысын,

Эне тилим барында.

Исабек: Эне тилим- карегим

Сенде менин дарегим.

Сен турганда мен бармын,

Сен турганда бар эли

Азамат:  Эне тилге кайрылып,

Бак-таалайлуу болмокмун,

Эне тилден айрылып,

Калган күнү мен жокмун.

Мугалим: Балдар, силердин да эне тил тууралуу кандай ой-толгоолоруңар бар?.

Нурбакыт: Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөндөн  эмне айырмасы бар?

Мирбек : Эне тилинде ыр укпаган,эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөндөн эмне айырмасы бар?

Сезимай: Энесинин бешик ырын укпай, чоңойгон бөбөк энесиз жетим өскөндөн эмне айырмасы бар?

Айзирек: Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө,Ата журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Мундуз: Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Дал ушул учурда ак көйнөк, ак элечек Умай эне сахнага чыгат. Балдар энеге таазим кыла артка чегинишет.

Умай эне элге кайрылат:

  • Оо, ыйык энелер, уул-кызыңар Ата Мекенининанык азаматы болсун десеңер,эне тилин ыйык тутуп, таза сактасын десеңер, тээ бешикте жаткан кезинде ырдап берген бешик ырыңарды эр жеткен чагында кайрадан бир ирет ырдап бергилечи! Ата Мекенин ,эне тилин сүйүү кандай ыйык экенин акыл-эси толгон кезиндедагы бир ирет билсин,туйсун, эсине салсын! Эне тилинин кандай ширин, кандай ыйык кандай көркөм экенине дагы бир ирет тамшанышсын! Суранам ошенткилечи!

Эненин бешик ыры ырдалат (телевизордон уктурулат)

Мугалим:Адам өмүрүндө  Эне менен эне тил, ата менен Ата журт бирдей эле ыйык, бирдей эле кудурет күчкө  эгедер улуу түшүнүктөр  . Эне тили менен Ата Журтун ардактаган уул –кыздар –эл журтунакызматын аябай кылган анык азаматтар!                                                                                                                    

Ошон үчүн мындай деп айткым келет: Энеден айрылган жетим эмес, эне тилинен айрылган –анык жетим, Атадан айрылган жетим эмес, АтаЖуртунан айрылган –анык жетим.Багыбыз тоодой болсун десең, энебиз да болсун,эне тилибиз да болсун! Атабыз да болсун,АтаЖуртубуз да болсун! Жеке номер аткарылат: “Эне тил”

Эне тилин өксүтүп   көп кордогон,

Анысына бир уялып койбогон.

Андайлардын аты кыргыз болсо да,

Эч убакта өзү кыргыз болбогон.

 

Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп ,жерин сүйүп жарытпайт.

 

Мугалим: Тилге жолдош ,үнгө дем..

Комузду кошуп ырдайлы.

Бабабыз черткен бул комуз,

Баркына жетип сыйлайлы.

(Кыргыз күүлөрүнөн уктурулат)

Мугалим: Макал-тилдин көркү

Макал-сөздүн каймагы.

Окуучулар бири-бири менен макал айтышат

  • Ааламдын көркүн көз ачат,

Адамдын көркүн сөз ачат

  • Адамды даңазалаган да сөз, маскаралаган да сөз.
  • Адам тилинен табат.
  • Адамдын даңкын чыгарган да тил, тарпын чыгарган да тил.
  • Адам сөзгө байланат, айбан чөпкө байланат
  • Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат
  • Аз сүйлөсөң элиңе жагасың, көп сүйлөсөң балээге каласың
  • Ата сөзү алга сүрөт адамды,Эне сөзү эпке салат жаманды
  • Ооздун көркү- тил, Тилдин көркү – сөз
  • Билимдүүнүн сөзү өткүр, өнөрлүүнүн көзү –өткүр
  • Бутунан чалынган турат, сөзүнөн чалынган турбайт
  • Өнөр алды кызыл –тил

 

Мугалим: Кыргыз тили кылымдардан куралып,

Нечен катаал мезгилдерде сыналып.

Бабалардан бизге калган таберик,

Урпактардан урпактарга уланып.

 

Кезекте окуучулар “Шырылдаң” жана “Бекбекей” ырларын ырдашат

 

Көзгө сүйкүм кыргыз бийин,

Кимдер гана билбесин.

Кыргыз кыздар кызгалдактай,

Кулпурушуп бийлешсин.

 

Хор: “ Кыргыз калкым”

“Адамдын эне тили ,анын жан тамыры”,” Дил бермети – тил” дегендей жан дүйнөдөгү ой-тизмектерин эне тил аркылуу билдирип жүрөлү

Анда эмесе тээ алмустактан бери келе жаткан булбул тилдүү таңдайынан чаң чыккан ,кулкүлүү кеби күн батырып, тамаша кеби таң атырган кыргыз элимдин урпактарына касиеттүү Умай энебиздин бал татыган батасын алып берели.

Умай эне: Касиеттүү эне тилибиздин уюткусу, көрөңгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз тили эч качан жоголбосуна, дүйнөлүк башка тилдер менен теңтайлаша өнүгүп, келечек урпактарга аалам мейкиндигине көкөлөтчү канат-бутак болоруна ишенебиз. Ошондуктан улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутуп, даңазалап, көккө көкөлөтүп, туу кылып көтөрүп алалык!

Ушул тилекке жеткизген улуу жолубуз байсалдуу , ак жолтой болсун!

Оомийин!

Баары чогуу айтышат

Ата бабаң өткөн жериңди сүй,

Түптүү кыргыз элиңди сүй.

Элиң сүйлөгөн эне тилиңди сүй,

Ата мекенге, элге, эне тилге

Кошой,Бакай, Манас атаңдай күй!

Наргиза ЖУМАБАЕВА, Нурмолдо атындагы №28 жалпы негизги билим берүүчү   мектебинин башталгыч класс мугалими, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17