Аймак

«Билим сынагы» таймашы

 12,526 Бардыгы /

Сабактын темасы: «Билим сынагы» таймашы (кыргыз тили жана адабият сабактарынан)
(10- кыргыз, өзбек класстар арасында)

Сабактын максаты: А)Билим берүүчүлүк: Окуучулар сабактын аягында кыргыз тилинин лексикалык байлыгын, көркөм эстетикалык баалуулугун , образдуу касиеттерин аңдай алышат.
Б)Өнүктүрүүчүлүк: Кыргыз тилинде туура сүйлөөгө, таза, сулуу жазууга машыгышат. Сүйлөө кебин, логикалык ойлоосун өстүрөт.
В)Тарбия берүүчүлүк: Улуттар аралык ынтымакка, достукка тарбияланышат.

Сабактын формасы: Жарыш сабагы
Сабактын жабдылышы: Батман, сүрөттөр, маркер, аралаш тамгалардын таблицасы, жаңылтмачтар, кроссворд.
Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу
2. Классты топко бөлүү, ат коюу, жактоо.

I а) Билимиңди сынап көр:

– Ээсиз сүйлөм болобу?
– Татал сандарды билдирген кошмок сөздөр кандай жазылат?
– Эркин жана туруктуу сөз айкаштарынын ар бир сөзү кандай жазылат?
– Ордендердин, медалдардын, тарыхый окуялардын аттары кантип жазылат?
– Орфоэпия деген эмне?
– Кептин түрлөрүн атап бер

б)- Бөлүкчөлөр сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарабы?
– Өзгөчө сөз түркүмдөрүн атап бер
– Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?
– Жалпы таандык мүчө кайсы?
– Орфография деген эмне?
– Кош сөздөр кандай жазылат?

II. Сабаттуулугуңду көрсөт.
(Сүйлөмдү туура жазуу )
А) Апа мен эртең жолго чыгам деди Улан
Б) Чындыгында бул дүйнө сыноолор дүйнөсү
(Сөздөрдү туура жазуу )
А) ойнор, тебип, кабып, мурунку, аяар, боңр, ушчу, иссиз, бей адеп, асчылык, агайын.
Б) себип, алаар, кап кара, куяар, көмүп, аюу, кою, койоюн, ашса, сөссүз, ишчү.

III. Чечен болуп көрөлү.

А) Эки командадан бирден окуучу чыгып макал айтышат.
Б) Макалдарды улап айтышат.

А) Ынтымак достордун жолун ачат,
……………………………………..
Аз сөз – саз сөз,
……………………
Б) Ааламдын көркүн көз ачат
……………………………….
Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт,
………………………………………………….

IV. үй тапшырмаларын аткаруу.

А) Кроссворд табуу. (командалар бири-биринин кроссвордун табышат).
Б) Көркөм окуу. (ырды жатка көркөм айтуу).

V. Бул ким? (суроолорго жооп берет).

А) – «Ажар» повестинин автору ким ?
Б) – Манастын атасынын аты ким ?
А) – «Манас» эпосундагы Көкөтөйдүн уулу ким ?
Б) – Бээжин шаарынын атактуу ханы ким?
А) «Румкан» поэмасынын автору ким?
Б) «Гүлдөп ал» ырынын автору ким?
А) Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, биринчи кыргыз профессору ким?
Б) 36 жашында көзү азиз болгон даанышман акын ким?
А) «Ак-Кеме» көркөм фильминин режиссеру ким?
Б) Тоголок Молдонун өз аты ким?
А) Куйручук куудулдун өз аты ким?
Б) Балыкооз Кумар уулу ким болгон?

VI. Кимдин ыры?

Таңды – кеч ойлоп тарыгам,
Талыкшып жаным талыгам.

Эмнелер жок, бул дүйнөдө – жарыкта,
Не бир сонун, не бир кымбат асыл баа.

Б) Атын бакан азамат,
Катын багар.

Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок.

VI. Ким бат табат?

Таблицадан кыргыздын улуттук оюндарынын аттарын табуу.
К А К Ч Ө Л М Ө К Ө С Т А Н А
Ө Ч ү Р Б А Л А Ж Ы К А Н Т Ы
Э К Р А Т А П Т О П Т А Ш С А
К Ө Ө Л Б Э Э Р Н С А К Т О О
У К Ш У Т Р О М Б А К Ы Н Ч А
А Б А Л Г Э Р М Е Н Ч О О Г У
К Ө З Т А Ң М А Й А Н Б Э Э Л
Ө Р Д О К И Л О Ж С А Т М А Н
Ч ү Р Ө К Ш А Р Т М Б А Т А Й
Ж О О Л У К Т А Ш Т А М А Й А

Улуттук баш кийимдин аттарын табуу
С А Б И Б С О О Л А
ү К ү Л ү ү Т О П У
Т Е Б Е Т Е Й Э К И
ү М Ж Ш Ө К ү Л Ө Н
К А О А Л И С Е М А
А Л О П М Т О Ч О Ң
Ж А Л И Н И Г Е Р А
О К У Р А Т А К Ы Я
Т А К К А Л П А К Ф
А Й Д А Н О И С Е Л

VII. Ырды иреттеп куроо.
(кесилген ыр саптарды туура коюп чыгат)

Бул дүнүйө бекерсиң,
Бир күн өтүп кетерсиң.
Опосу жок дүнүйөнүн
Түбүнө ким жетерсиң.

Келереңде, дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың.
Кетериңде, дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.

Келериңде, дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң.
Кетериңде, дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.

VII. Жаңылтмач айтуу.

А) Бул кайсыл арал
Каргалы арал
Камыш башын кайрып
Карга уялар.

Б) Көп алачык
Көп алачыкта
Көк ала чыт
Көк ала чыттан
Көп ала чык.

Жыйынтыктоо: Окуучуларга берилген көөкөрлөрдү санап жыйынтык чыгаруу.

Дилбар Олжобаева, Ала-Бука району Т.Жоробаев атындагы орто мектебинине кыргыз тили жана адабият мугалими кыргыз тили жана адабият мугалими

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17