Аймак

КҮТТҮМ СЕНИ

КҮТТҮМ СЕНИ

 3,133 Бардыгы /

 

Сөзү: М.Жангазиевдики
Обону: Б. Токтобаевдики
Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча.
Үкү келип,
Уясынан уйкусурап жатканча.
Кайырма:
Күттүм сени, кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?

Күттүм сени,
Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй басканча.

         Кайырма:
Күттүм сени, күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.

Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча.
Үкү келип,
Уясынан уйкусурап жатканча.
Кайырма…

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17