Аймак

КҮЙДҮМ ЧОК

КҮЙДҮМ ЧОК

 6,213 Бардыгы /

Сөзү: А. Огомбаевдики
Обону: А. Огомбаевдики
Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.

Кан жайлоо деген бийик бел,
Ошого кар жааса согот муздак жел.
Кайырма эле жакаң, кара көз,
Кадыр билсең өзүң кел.

Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен ак жоолук салып түрлөнүп.
Айласын таап жете албай,
Мен жүрөм адашкан тайлак өңдөнүп.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17