Аймак

АЛТЫНЫМ АК ТАҢДАРДАН ТОСОЮНЧУ

АЛТЫНЫМ АК ТАҢДАРДАН ТОСОЮНЧУ

 19,631 Бардыгы /

 

Сөзү: Төлөгөн Мамеевдики,
О
бону: Тургуналы Нурматовдуку

 

Зар болдум бир жарк этип карашыңа,
Чырмалдым сүйүүнүн зор санаасына.
Сезимди козгоп коюп ошол таңда,
Сен кеттиң жылдыздардын арасына. (2жолу).

 

Алтыным, сүйгөн жарым асылзатым,
Жүрөктү бир дүрт эттирген жашыл жалын.
Сүйбөсөң бул дүйнөдө не жаралдың,
Чолпондой көздөрүңдөн кагылайын. (2жолу)

 

Жыя албай, ошол таңдан мен эсимди,
Көрсөм деп издеп келем элесиңди.
Алтыным ак таңдардан тосоюнчу,
А балким ак куу болуп келесиңби. (2 жолу)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17