Аймак

“КӨРҮП ТУРАМ”  

“КӨРҮП ТУРАМ”   

 2,567 Бардыгы /

 

Көрүп турам, жүрөгүңдүн эзилгенин,

Ой басып, кыйналууда сезимдерин.

Турмуштун оор сыноосу торогонго, 

Бул күндөр, бүтпөчүүдөй сезилгенин.

 

Көрүп турам, жалгызданып калганыңды,

Кайгырып ичке жутуп арманыңды.

Көрсөм деп, ичтен сызып ниет кылам,

Колуна кайра оомат алганыңды.

 

Көрүп турам, душман канча экенин,

Баркка жетпес, досторуңдун неченин.

Колдо барда, кулдук уруп жүгүнүп,

Кыйналганда кадырлабас экенин.

 

Көрүп турам,  күндө сана тартканыңды,

Ооматтан алыс кетип жатканыңды.

Ишенич ийри кылып жолдоруңду,

Санааңды ичке катып атканыңды.

 

Көрүп турам, мээримиңдин жоголгонун,

Чеги жок оомотсыздык оролгонун.

Достор да, дайымкыдай дос болбостон,

Аңкоолук сезимдерге орогонун.

 

Көрүп турам, күлкүңдүн тыйылганын, 

Жүрөгүнө арман толуп жыйылганын. 

Ооматтын кайра кайтаар күнүн күтүп,

Обу жок, адамдарга сыйынбагын!!

 

Көрүп турам, сезимтал чеченимди,

Сейреек сүйлөп, сезгич жан экениңди.

Сезилбесе сендеги жакшы сапат, 

Ырларымда сырдашып кетеминби.

 

Көрүп турам, оомат жакын калганын,

Сен тарапка чыйыр жолун салганын. 

Кудай буйруп, келип калса ооматың,

Эки тизгин, бир чылбырын кармагын.

 

Майрамкан Алтыбаева, Жалал-Абад

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17