Аймак

Поэзия ыргактары

Поэзия ыргактары

 7,546 Бардыгы /

 

АПАКЕМ AК СҮТҮҢДӨН АЙЛАНАЙЫН…..

 

Жашартып жаратканым берсе эгер,

Бүт болгон байлыгымдан кечээр элем.

Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам,

Апакем кадырына жетээр белем!

 

Мүрөктүн суусу болсо берээр элем,

Картайбас болуп апа ичээр белең.

Ааламдын алпы болуп жаралсам да,

Бир жолку азабыңды чечээр белем.

 

Дарысын өлбөстүктүн тапсам эгер,

Жүзүңдү бырыштардан сактаар белем!

Дүйнөнү төрт айланып көтөрсөм да,

Апакем ак сүтүңдү актаар белем!

 

Жыл санап улам апа, картайбачы!

Ак сарай курам сага, картайбачы!

Алдыңа алтын төшөп беремин деп,

Чок кармап турам апа картайбачы!

 

Бак-дөөлөт жанар кезиң картайбачы!

Урмат-сый табар кезиң, картайбачы!

Апакем aк сүтүңдөн айланайын,

Ак жоолук салар кезиң картайбачы!

 

НАПСИ…

 

Ач көздөргө байлыкты бөлгөн напси,

Адамзатты азгырып көнгөн напси.

Алтын менен ак сарай курсаң дагы,

Алты метр бөз менен көмгөн напси.

 

Ырыскыны келтирбей бууган напси,

Шайтандарды чууртуп тууган напси.

Көп болсо да канчалык аз көрүнүп,

Дүнүйөнүн артынан кууган напси.

 

Кылыч байлап күрөшкө чыккан напси,

Кыйындарды көтөрүп жыккан напси.

Байлыгын бүт пенденин алып калып,

Жылаңачтап мүрзөгө тыккан напси.

 

ТОЙЛОР

 

Кыргыздарда эмне бар…?

Үмүт.., кыял..,ойлор бар.

Азбы көппү... , койлор бар,

Өлбөгүдөй жашоо бар.

 

Анан дагы…, тойлор бар…

Кыргыз кызык элебиз,

Акча жок деп келебиз.

Жерден чукуп болсо да,

Тойдо конверт беребиз.

 

Салтты дайым сактайбыз,

Тойдон такыр качпайбыз.

Отпускеге сактабай,

Тойго акча сактайбыз.

 

Тойдон салык алынбайт,

Тойду кимдер сагынбайт.

Тойго акча табылып,

Балаңдын же кызыңдын,

Окуусуна табылбайт.

 

Тойлор тойго уланып,

Кыргыз байкуш байыбайт.

Тойлор бизди арытат,

Ресторанды байытат.

Тойлор чачты агартып,

Тойлор бизди карытат.

 

Чет өлкөгө барбастан,

Тойдон тойго ашабыз.

Этти үйдө жебестен,

Тойдо чучук ашайбыз.

 

Тойлор үчүн акча таап,

Тойлор үчүн жашайбыз! УРА!

 

ПЕЙИЛИБИЗ БУЗУЛДУ

 

Пейилибиз бузулуп,

Ыйман кетти нарк кетти.

Калыс сөзүн айта албай,

Карылардан барк кетти.

Касиеттүү кыргыздан,

Каада туткан салт кетти.

 

Күйүп жанган эл үчүн,

Жүрөгүңдө отуң жок.

Кара кылды как жарган,

Адилеттүү сотуң жок.

 

Нанга берип тапканын,

Үйгө салып ашканын.

Уул кыздарың талаада,

Ишин кылып башканын.

 

Дүйнө кетти космоско,

Койдон башың чыкпады.

Карыздарың чачтан көп,

Тойдон башың чыкпады.

 

Интрига чукумай,

Кирден башың чыкпады.

Теңирчи деп башка деп,

Динден башың чыкпады.

 

Көрүп туруп көз жумдуң,

Кут береке качканын.

Абийирдин кулу эмес,

Кулу болдук акчанын.

 

Кут, береке төгүлгөн,

Куттуу, ыйык жер кайда?

Нарк насилин туу туткан,

Касиеттүү эл кайда?

 

ТОКОЛДОР

Казына бар, карыз аттын башындай,

Кыйын кезде биримдикке чакырбай.

Кырылышып жатып калдык кыргыздар,

Токолдордун статусу ачылбай…

 

Жалгыз гана Чубак ажы барсынбай,

Кылмышкердей сурак кылып чакырбай.

Депутаттар, министрлер баш болуп,

Токолдорун алып чыксын жашырбай.

 

Дүйнө жүзү гүлдөп жатат өнүгүп,

Эли жыргап, бардык шарттар көрүлүп.

Кыргыз жашайт карыз көзгө көрүнбөй,

Катындарын санап көзгө көрүнүп.

 

БҮТПӨГӨН МАХАБАТЫМ

 

Өчпөстөй жүрөгүмдө жандың беле,

Армандуу кайрыктарды салдың беле.

Өзүңдү өмүр бою ырдап келем,

Бүтпөгөн ырым болуп калдың беле.

 

Обонго айландырып ыр саптарын,

Ыр болуп ар бир күнүм, ар бир таңым.

Сагыныч сага болгон бүтпөгөндөй,

Эч качан бүтпөйт менин махабатым.

 

Сен жашап эч кимге айтпас сырларымда,

Кайрылгыс жалын жаштык жылдарымда.

Жамгырлуу жазда калган махабатым,

Жашай бер мен жараткан ырларымда.

 

КЕЧИР БИЗДИ ТООЛОРУМ

 

Жылгаларың, жашыл ойлоруң,

Мөңгү баскан аска зоолоруң.

Казып салдык баркына жетпей,

Кечир бизди, кечир тоолорум.

 

Арча токой шибериң чаңып барат,

Күндөн күнгө төрүң тарып барат.

Алтын сенин түбүңө жетти окшойт,

Мөңгүлөрүң азайып, агып барат.

 

Канча кылым кыргызды багып келдиң,

Эркелетип койнуңа салып келдиң.

Айланайын тоолорум кечир бизди,

Чеңгелине “Кумтөрдүн” салып бердим.

 

КАЙРАН КЫРГЫЗ

Кайран кыргыз сыналды,
Азап тартты, кыйналды.
Кыйын кезде мүңкүрөп,
Чөкпөй кайра чыйралды.
Кайнап жүрүп “казанда”,
Кайра бутка тура алды.
Жоголбостон кайрадан,
Бекемделип куралды.

Мүдүрүлдү, аксады,
Үрп-адатын сактады.
Өзү багып балдарын,
Бийликке док артпады.

Ар-намысын сатпады,
Улууларын барктады.
Ай…бир гана,
бир гана,
Чоңдор көздү ачпады…

Айланайын кыргызым,
Келечегиң кең болсун.
Жакшы күндөр алдыда,
Манас руху дем болсун!
Жаратканым жар болуп,
Телегейиң тең болсун!

 

НУР АТАГА ТААРЫНЫЧ

 

Канча күндөп тизилип,

Турган жүктө не айып.

Арзан баада бараткан,

Айран, сүттө не айып.

 

Жер-жемишти төктүрүп,

Тебелетем дедиңби?

Муңкуратып кыргызды,

Чөгөлөтөм дедиңби?

 

Жүз миллион жардамдан,

Кечип коём дедиңби?

Кыргыздардын тагдырын,

Чечип коём дедиңби?

 

Бөлүп алып казакты,

Жарык чачам дедиңби?

Бир тууганды ушинтип,

Алыстатам дедиңби?

 

Эки элде не айып,

Малын багып жатат го.

Кара жанын карч уруп,

Жанын багып жатат го.

 

Соода кылып ортодо,

Баарын багып жатат го.

Калыс болуп шайлоону,

Тыңдап турсаң болбойбу?

 

Ага болуп баарына,

Кылдат турсаң болбойбу?

Өмүрбекти чакырбай,

Чыдап турсаң болбойбу?

 

Кыйналдыңбы боорум деп,

Шашып койсоң жарашмак.

Бир бооруңа эшикти,

Ачып койсон жарашмак.

 

Ата болуп мээримин,

Чачып койсоң жарашмак.

Бийик болуп өчөшпөй,

Басып чыксаң жарашмак.

 

Ага болуп иниңден,

Ашып чыксаң жарашмак.

Таш ыргытса кайрадан,

Аш ыргытсаң жарашмак.

 

Бир боорума күйөм деп,

Жашып чыксаң жарашмак!

Жарашуунун жолуна,

Барсаң боло Нур ата…

Эки элге Нур болуп,

Жансаң боло Нур ата…

Ортодогу дубалды,

Алсаң боло Нур ата…

Кыргыздарга бооруңду,

Салсаң боло Нур ата…

Айкөл болуп тарыхта,

Калсаң боло Нур ата…

 

ДОСУМА

 

Бир досум бар битин да сыгып алган,

Байып кетип асманга чыгып алган.

Ооруп калып байлыкка тойбой жүрөт,

Беш манжасын оозуна тыгып алган.

 

Иштеримди көрө албай ичи тарып,

Мени өзүнө душмандай кылып алган.

Чакырдым да сендей дос керек дедим,

Мындай досту мага ким берет дедим.

 

Ак көңүлсүң, ар дайым боорукерсиң,

Кудай сага береке берет дедим.

Кымбат костюм кийгизип кучактадым,

Досум менден сага бул белек дедим.

 

Дуба кылдым досум деп эринбедим,

Ушуга да бир ынсап бергин дедим.

Жаман көргөн душманым доско айланып,

Өзүм дагы бир укмуш жеңилдедим!

 

АР БИРИБИЗ ЭЛ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛДЫК?

 

Шайлоо сайын акчасын алып турдук,

Акчалууга добушту салып турдук.

Алмаштырып акчага келечекти,

Ордубузда өнүкпөй калып турдук.

 

Күнөөбүздү моюнга ала албайбыз,

Акыйкатка тик карап бара албайбыз.

Шайлап алып бийликти акча менен,

Баштагыдай кайрадан жамандайбыз.

 

Ар бирибиз жарытып эмне кылдык?

Эмнелерди мекенге, элге кылдык?

Эмне болсо болсун деп колду шилтеп,

Олтурабыз кайдыгер-ошол чындык.

 

 

Маматкадыр ТИЛЛЕБАЕВ, акын, Бишкек шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17