Аймак

Алтыбаева Майрамкандын ырлары

Алтыбаева Майрамкандын ырлары

 2,105 Бардыгы /

АКЧАНЫН КУЛУ БОЛУП БАРАТАБЫЗ

Акчанын кулу болуп баратабыз,

Шылтап  баарын заманга.

Намыстуулук, калбай калды адамда,

Зордук менен, зомбулуктун иштерин.

Жиркенишпей, жасашууда кадамда,

 

Акчанын кулу болуп баратабыз,

Карабастан, бири- бирибизге.

Таш боорлук, кирип алды дилибизге,

Жөн гана, сооротууга өзүбүздү.

Курулай сөздөр калды тилибизде,

Баарыбыз аппак болуп көрүнөбүз,

Айталы, күнөө анда кимибизде.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз,

Керек болсо, ата энени карабай.

Бир пиала, чай берүүгө жарабай,

Арзуу кылып, кабат – кабат үйлөрдү.

Акча үчүн жаныбызды аябай.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз,

Кыздарыбыз, сатып жатса денесин.

Уят кылды, үйдөгү ата энесин,

Арам жолдо, арам акча табышып.

Жаткандарын, кейип айтып келесин,

Жакшы сөздү, жакшы кабыл алышпайт,

Кайра эле, жерде калат кеңешиң.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз,

Калыстыгын жоготту, сотторубуз.

Камалышат, акчасы жокторубуз,

Талашсакда, чындык деп чыркырашып.

Туура чечим чыгарбай сотторубуз.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз,

Коркпой адам өлтүрүп.

Бирин сойуп, бирин сууга чөктүрүп.

Күндөн күнгө, канкорлор да көбөйүп.

Акча өлгүр, жатат баарын көптүрүп.

Арзыбаган акча үчүн кее бири.

Ата энесин койушууда өлтүрүп.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз.

Азгырылып, арак менен кумарга.

Азгырыктын, алды аркасы туманда.

Көздөрүнө,  көрүнбөсө жакшылык.

Адам болуу, кыйын турат буларга.

Жаратканым ыйман салса дилине.

Дарысы бар, намаз менен куранда.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз.

Шайтан  турса азгырып.

Ойнош кылып, башка жанга шаштырып.

Туруктуулук, жоголду да сүйүүдө.

Жубайларды, башка жолго жолго бастырып.

Ойноштуктун, он күнчүлүк сүйүүсү.

Жүрөктөрдү, койуп жатат мас кылып,

 

Акчанын кулу болуп баратабыз.

Париот деп, топтоп он беш баланы.

Каракчылык кылат, зөөкүр жанагы.

Күчү жетиип, алсыз гана кыздарга.

Мына ушулар, зөөкүрдүгүн танабы .

Топтонушуп, каракчылык кылгандар.

Бул заманда, патриот болуп калабы.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз.

Зөөкүрчүлүк, ачык эле башталып,

Кайгы тартып, жүрөктөрдөн жаш тамып.

Күч колдонуп, креслого жеткендер.

Ушул тапта, калды элди башкарып.

Четте калды, далай далай кадрлар.

Баарысы тең, ишке бышкан такшалып.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз.

Канча жандар, калып жатат алданып.

Ширин сөзгө, калышууда, арбалып .

Жалганчылык кылгандарды көргөндө.

Намыстанып, өлгүң келет арданып.

А жанагы, жалганчылар арданбайт.

Үйрөнүптүр ушинтишип  жан багып.

 

Акчанын кулу болуп баратабыз.

Бийлик үчүн күрөшүп.

Жан дүйнөнүн, аруулугун түгөтүп.

Бирин камап, бирин сабап жатышат.

Бийлик үчүн, бирин бири жүдөтүп.

Эч ким көрбөйт, эч ким билбейт дешсе да.

Жаратканым баарын турат күзөтүп.

 

Жашоо үчүн, туура жол тандайлычы.

Жүрөк менен, баарысын талдайлычы.

Жогоруда айтылган нерселерди .

Туура эмес деп, калп эле танбайлычы.

 

Беш күнчүлүк, өмүрдө туура жүрүп.

Жакшылыка жар болуп, жандайлычы.

Өлкөбүзгө, өзүбүз салым кошуп.

Башка элден аркада калбайлычы.

 

Акыл салып, жүрөктү согуп турган.

Тууган жерге, мекенге арнайлычы.

Акчага  биз кул болуп калбайлычы.

 

МЕН УЯЛАМ

 

Мен уялам, арам жолдо баскандан,

Пара алып, арам акча тапкандан.

Кан какшатып, карапайым байкушту,

Пара алып, бала чака баккандан.

 

Мен уялам, бекер басып жүргөндөн,

Шылдың кылып, бирөөлөрдү күлгөндөн.

Уят эмес, калыстыкты талашып,

Жашоо үчүн, туура жолду үйрөнгөн.

 

Мен уялам, жардам  бербей кеткенден,

Жарандарга мүмкүндүгү чектелген.

Илгертеден, айтылган бир макал бар,

Жардам күтпө,  бийлер менен бектерден.

 

 

“ЭКЕН”

Сүйүү бул, нөшөрлөгөн жамгыр сымал,

Кез кезде, жан дүйнөнү кыйнайт экен.

Сүйүүдөн  бакыт издеп далай жандар,

Нөшөрлөп, көз жаш төгүп ыйлайт экен.

 

Ай дагы, түн болгондо чыгат экен.

Жарыгын түн болсо да сунат экен,

Тунжурап, караңгылык турса дагы,

Көздөргө, ай жарыгы кубат экен.

 

Арык да, суу болбосо кургайт экен,

Айлана жашылданып турбайт экен.

Арыктан агып турса, көк кашка суу,

Өзүнчө, обон салып ырдайт экен.

 

Байлык да, сыноо үчүн келет экен,

Мас кылып, акыл  эсти жеңет экен.

Байлык деп,  акылындан ажырасан,

Бактысыз, күндөр сага келет экен.

 

Акындар,  жазган ыры санат экен,

Жараткан тарттулаган сабат экен.

Сыйкырлуу калемдери, сызып турса.

Бу дагы, кудай берген талант экен.

 

Жашоодо, кайталангыс өмүр экен.

Жабыркап, сынса бүтпөс көңүл экен,

Хан болуп, дүнүйөнү кармасаң да.

Кааласа, алып кетчүү өлүм экен.

 

Адамга пайдалуусу, сабыр экен,

Болбосо, ден соолука жабыр экен.

Жараткан кандай тагдыр берсе дагы,

Акыры  барарыбыз кабыр экен.

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17