Аймак

ТУУЛГАН АЙЫЛЫМ

ТУУЛГАН АЙЫЛЫМ

 15,445 Бардыгы /

 

Туулган айылым, туулган жерим, мекеним,

Мен үчүн сен, билем ыйык экениң.

Мен өзүңдөн алыстаган кезимде,

Сагынамын, тоо суу, токой черлериң,

Аска ташың, жанга жакын жерлериң.

 

Сен бейишсиң, салкын төрлүү айылым,

Узак убак чыкпай такыр дайыны.

Дүйнө кезип эч кабарсыз кетсем да,

Сага жетем минип кыял кайыгын.

Сени унутпайм, ишен туулган айылым.

 

Туулдум, өстүм топурагың тебелеп,

Тентектик, шоктук кылдым сага эркелеп.

Эмне кылсам көтөрдүң эч кебелбей,

Бул – бакыт да, мага башка не керек?

Болгону бул бакытты сезүү керек.

 

Айыл десе келет менин эсиме,

Апакемдин уй сааганы кечинде.

Чайга ойноп бопбоз болуп, анан да,

Чөп чапканым жылда адыр, тектирде.

Айыл жыты, ал дайым эсимде.

 

Уй тосушуп балдар кечки пададан,

Шаңдуу кайтып үйлөрүнө ар адам.

Айыл таңы, кечи кандай ырахат,

Кере жутуп салкын, таза абадан

Аруу сезим, жылуу бакыт тараган.

 

Умар ОРОЗБАЕВ, Чаткал району.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17