Аймак

МЕНДЕН САГА БИР СҮЙҮҮМ

МЕНДЕН САГА БИР СҮЙҮҮМ

 2,171 Бардыгы /

 

Жылуу экен көз карашың карасам,

Келбетиңди, турпатыңды байкасам.

Денем ысып, жүрөк сүйүп баратат,

“Сезимиңди сезимдерим кучактап”.

Таалайыма сени жазган экен деп,

Тагдырыма чексиз-чексиз ырахмат.

 

Бак аралап бирге жүрдүк ичинде,

Айлуу түндө иңир тарткан кечинде.

“Сезимиңде сезимдерим уялап”,

Колдоруңду колум менен кармалап.

Бул сүйүүнүн бийигине жеткенсип,

Калды окшойт “менден сага бир сүйүүм”.

 

Сайдулла НИШАНБАЙ уулу,  Базар-Коргон району, Кызыл-Суу айылы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17