Аймак

ЫР ДҮЙНӨ

ЫР ДҮЙНӨ

 5,812 Бардыгы /

ЫР ДҮЙНӨ

Ырлар жакшы, ыр дүйнөсү керемет,

Ыр ыйлатат, ыр бирөөгө дем берет…

Ышкы отун үйлөп алып эрте кеч,

Ыр кубалап, мен да жүрөм термелеп…

 

Оңой көргөм, ырдын билбей сырларын

Ырлардын да өксүк, берер жыргалын…

Кан сыяктуу бүт денеңди аралап.

Калем эмес, как жүрөктөн чыгаарын!

 

Көкүрөктү ырлар ээлеп, такшалып,

Көр дүнүйө, байлык кошо ташталып,

Бараткансыйм ээрчиткендей артынан.

Ыр дүйнөгө жаш балача чаң салып…

 

Балдарымдай башкарчумун башында,

Ырларымды өйдө, ылдый кубалап…

Азыр мени ырлар калды башкарып

Алгансып эх, кайра мени дубалап…

 

Акын дейби, акмак дейби билбеймин,

Адат болду, келе калса ак кагазга чиймейим..?

Жыртыкбы же жылытарга алы жок,

Ырдан чапан азыр менин кийгеним…

 

Ырлар, дагы кезектешпей кез келип,

Кайрыктары музалардын бирде келип, бир кетип…

Бийик бийик учуп бара жаткансыйм,

Билбейм мен да башкаларга теңелип….

 

ИЗДЕТПЕЙ КЕЛСЕҢ ЭМНЕ ЭЛЕ..

Көөдөндө туйлап бирдеме,

Көңүлдө күйүп бир дене…

Көнөөрбөс болду ал сезим,

Көрүнбөй койсоң эмне эле.

 

Жан дүйнөм жыргап бирге эле

Жанаша жүрсөң бир деле,

Жок нерсем эми барчудай

Жолукпай койсоң эмне эле.

 

Издеген жогум сен беле,

Издеген белем мен деле?

Изиңден сенин садагам

Издетпей келсең эмне эле..

 

Сабырлуу жүргөм мен деле,

Сары оору кылган сен беле?

Садагам менин сары кыз,

Сагынтпай жүрсөң эмне эле?

 

Абдумалик ЭЛАМАНОВ, Жалал-Абад шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17