Аймак

БИР ӨЗҮҢ ДЕП

БИР ӨЗҮҢ ДЕП

 3,236 Бардыгы /

Жалгыз сен деп жан дүйнөмдүн эркеси,

Эми жаным куштай учуп келсеңчи.

Бир өзүң деп чөлдө чаңкап келемин,

Азап тарткан күндөрүмдү билсеңчи.

 

Атыр жыттуу жаз гүлдөрүн аралап,

Көпөлөктөр кубалашат сабалап.

Бир гүл тандап учуп барып конгонго,

Сени эстейм жүрөктөрүм жаралап.

 

Бакыт издеп, жолоочудай артынып,

Жүрөм сен деп балапандай талпынып.

Жактырбасаң делебемди козгобо,

Таштап кетем ак сүйүүмдү калтырып.

 

Алмакан ОРУНБАЕВА, Базар-Коргон району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17