Аймак

КЛАССТАШЫМ

КЛАССТАШЫМ

 5,686 Бардыгы /

Кар салып, кар үстүндө кулаткансың,

Капалансам кайра келип жубаткансың.

Сыйлаарыңды жүзүңдөн сезээр элем,

Сырдашым, парталашым, классташым

 

Ала коюп үстөлүмдү кулаткансың,

Шылкыйып “кечирчи”- деп жубаткансың.

Баалабай ал күндөрдү өткөрсөм да,

Баркыңды сезип турам классташым.

 

Үйүңө узатам деп көшөргөнсүң,

Сөз таппай жолду катар жөтөлгөнсүң,

Шылтоолоп “жакшы экен” деп “жаңы экен” деп,

Сумкемди ала коюп көтөргөнсүң.

 

Акмаалап үйдү айланып басаар элең,

Жылт коюп ит үргөндө качаар элең.

Жупжука, жөпжөнөкөй ошол кыздан,

Кургур ай, неге сүрдөп шашар элең.

 

Билемин эми антип узатпайсың,

Кар чачып кар үстүндө кулатпайсың.

Эстерсиң ошол күндү эгер балким,

Көргөндө балдарыңдын классташын.

 

Мезгилим артка жылса бааламакмын,

Ар саатын, ар мүнөтүн барктамакмын.

Классташ болушсунчу ушулар деп,

Кайра эле өзүңөрдү тандамакмын.

 

Нурия  ЖОЛДОШАЛИЕВА, Жалал-Абад шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17