Аймак

ГҮЛШАН ЭЖЕКЕМЕ

ГҮЛШАН ЭЖЕКЕМЕ

 3,946 Бардыгы /

 

Секелек алты жашар курагым,

Билем, туям билим алар убагым

Деп мектептин босогосун аттасам,

Тосуп алды Гүлшан аттуу мугалим.

 

Гүлшан эжей сулуу экен татына,

Классыма келем дайым шашыла.

Тосуп алат жаркылдаган эжекем,

Кабагы ачык, күлүп жайнап дайыма.

 

Тамга таанып, адашпастан санайбыз,

Санды кошуп, кемите да алабыз.

Талыкпастан бул нерсени үйрөткөн,

Эжекеме ыраазыбыз баарыбыз.

 

Үйдөн апам «билим ал» деп узатат,

Мугалим апам билим берип кубантаат.

Ийгиликке жетсек бизге кубанган,

Аман болсун биздин апа, эжелер.

 

Эжекемдин узун болсун өмүрү,

Кайгырбасын эч чөкпөсүн көңүлү.

Бизге окшош окуучулар арасында,

Кубанычтуу өтсүн ар бир күнү.

 

Эжекемди жакшы көрөм баарынан,

Окуучуңуз болгонума кубанам.

Арзыбаган ыр белегим сиз үчүн,

Дондуева Мирананын атынан.

 

Венера БЕГМАТОВА, Ноокен району

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17