Аймак

АКЫЙКАТ ИЗДЕП ЖҮРӨМ

АКЫЙКАТ ИЗДЕП ЖҮРӨМ

 5,039 Бардыгы /

Акыйкат издеп жүрөм,

Ай, элдер, көрдүңөрбү?

Көрүнбөй кетти эле,

Көңүлдү бөлдүңөрбү?

Же ансыз жашаганга,

Жеңилип көндүңөрбү?

Тим коюп унчукпастан,

Тирүүлөй өлдүңөрбү?

 

Көрүнбөй көчөлөрдөн,

Чын эле кайда кеткен?

Алыста жүрөйүн деп,

А балким айга кеткен.

Чырмалып кол-бутунан,

Чириген байга кеткен.

Көз көргүс, кулак уккус,

Көрүнбөс жайга кеткен.

 

Сүйлөнбөй чогулушта,

Сүрүнөн кайтса керек.

Кан агып көздөрүнөн,

Кайгыга батса керек.

Жүдөгөн дербиш сымал,

Жүзүнөн нуру кетип,

Сасыган кездемедей,

Сандыкта жатса керек.

 

Сандаган жерлер менен,

Сатылып кеткен окшойт.

Камактан кимдир-бирөө,

Качырып кеткен окшойт.

Жашылга кошуп алып,

Жашырып кеткен окшойт.

Же апрель окуяда,

Атылып кеткен окшойт.

 

Кайрылып келеби деп,

Калгаамды жаппай жүрөм.

Көгөрүп оюм бербей,

Көбүнө жакпай жүрөм.

Көчөдөн-үйдөн издеп,

Көңүлдү ачпай жүрөм.

Көрсөңөр айткылачы,

Акыйкат таппай жүрөм…

 

Назима АЛМАЗБЕКОВА, Жалал-Абад шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17