Аймак

МЕН СЕНИ СҮЙГӨН ҮЧҮН

МЕН СЕНИ СҮЙГӨН ҮЧҮН

 2,180 Бардыгы /

Өзүңсүз калган күндөн, өрт болуп жанат дүйнөм,

Өтмүшүм азап берип, өксүктө жашап жүрөм.

Күйүткө чырмалышкан, күндөрүм күтүү менен,

Сыртымдан сыр алдырбай, ичимден канап жүрөм.

 

Качандыр багыты бир бүлүнгөн ойлорубуз,

Калабыз кезигишпей, кайчылаш жолдорубуз.

Чыгалбай бийиктерге турмуштун сапарында,

Чын себеп болду окшойт, чыдамсыз болгонубуз.

 

Гүлдөрдөй кеч күздөгү, бүрдөдүк гүлдөбөдүк,

Гүлзардан сепил куруп, а бирок түрлөбөдүк.

Ашыктык алоо оту, албырып турса дагы,

Арзууну сөздөр менен арнадык сүйлөбөдүк.

 

Күндөрүм ностальгия, биз жүрчү бакта жүрөм,

Мезгилди токтотсо да, ал учур кайтпас билем.

Болсок да эки башка, мен сени сүйгөн үчүн,

Элесиң тумар кылып, жүрөктө сактап жүрөм.

 

Мирлан СТАМОВ, Жалал-Абад шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17