Аймак

БАЛА КЫЯЛ СЕЗИМДЕРИМ ӨЧӨ ЭЛЕК

БАЛА КЫЯЛ СЕЗИМДЕРИМ ӨЧӨ ЭЛЕК

 4,569 Бардыгы /

Мен турмуштун ачуу күнүн көрө элек,

Бир жаш кызмын азыр ойноок секелек.

Кичинекей болбогон бир сөздөргө,

Капа болуп көп ыйлаймын эркелеп.

 

Мен өзүмдү жаш деп жүргөн экенмин,

Билбептирмин он тогузга келгеним.

Он сегиздин таттуу күнүн өткөрүп,

Он тогуздун ортосуна келипмин.

 

Бала кыял сезимдерим өчө элек,

Ата-энеме далээ жүрөм эркелеп.

Балалыгым абдан сонун кез экен,

Кыялымда эч нерсе жок эселек.

 

Окуучулук күндөрдү да өткөрүп,

Студенттик күндө турам бой жетип.

Бала күнүм далээ оюман кете элек,

Бир барсам деп кыялданам эскерип.

 

Балалыгым артка кайтпайт билемин,

Балын таттым бала кыял сезимдин.

Мейли күндөр, жылдар өтсүн арадан,

Балалыгым эстен кеткис элесим.

 

Тахмина МАКСАТБЕК кызы, Базар-Коргон району

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17