Аймак

ЫР САПТАРЫМ…

ЫР САПТАРЫМ…

 3,977 Бардыгы /

Аллахтан сурайлы ыйман берсин, дин берсин,

Ата-энеге өмүр берсин күч берсин.

Колубузга өнөр менен береке,

Бакыт берсин өмүр жолдош белекке.

 

Ыркын берсин ар пенденин каалоосу,

Айбан эмес адамдарча жашоосу.

Чын дос берсин ар убакта кайтпаган,

Сырың билип чындыкты айтып сатпаган.

 

Кошунаң болсун ар бир күндө жоктогон,

Жардам керек болсо сени ойлогон.

Ушундай адамдарга ар дайым,

Жолуктурсун бизди роббим, Аллахым!

 

Илгарбек АНВАРЖАН уулу, Ноокен району

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17