Аймак

БАЛАМА

 3,375 Бардыгы /

Жаралдың сен мөмөсүнөн сезимдин,

Элесисиң балким бала кезимдин.

Түйүлдүктө жашап жаткан бир дүйнөм,

Адамзаттын асылындай сезилдиң.

 

Кимсиң айтчы кызбы, эркек балабы?

Кимге окшошсун атаңабы, магабы?

Жүрөгүмдүн астындагы бир дүйнөм,

Же атаңдын элесисиң качанкы?

 

Кыялдарың окшош болсун атаңа,

Кичинем ий, сөзүмдү алба капарга.

Ичимдеги бир дүйнөдө жүрөсүң,

Жарыктыкка келүү үчүн сапарда.

 

Кагылайын шерик болгон өзүмө,

Көзүң окшош чыгаар менин көзүмө.

Кантсе дагы аман-эсен чоңойгун,

Периштелер “оомийин” дешер сөзүмө.

 

Сени менен билсең эркем муңайбайм,

Эркелетип сени чыгам убайдан.

Курсагымда жашап жаткан бир дүйнөм,

Айланайын сени берген кудайдан.

 

Назгүл АТАБЕКОВА, Кызыл-Кыя

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17