Аймак

КӨК-АРТ – ШААРДЫН ӨГӨЙ БАЛАСЫБЫ?

КӨК-АРТ – ШААРДЫН ӨГӨЙ БАЛАСЫБЫ?

 2,493 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында бир топ кичирайондор бар. Алардын айрымдары мурун эле кичирайон статусун алса, кээ бирлери эгемендүүлүк алгандан кийинки жаңы конуштар. Арасында Көк-Арт кичи району  мурун эле кичирайон статусун алса да, ал өрөөн жылдан жылга чоңоюп, жаңыдан көчүп келишип, түтүн булатып калгандар көбөйүүдө.  Ошого карабай ал жерде жашаган элдер кичирайонго ылайык шарттар жок экендигине нааразычылыктарын билдирип, көйгөйлөрүн айтышууда. Бул тууралуу иликтөөгө алып көрдүк.

Үпөл АСАНАЛИЕВА, Көк-Арт кичи районунун тургуну:  “КӨК-АРТ ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЖАГЫНАН НӨЛ”

Менин Көк-Артта жашаганыма 23 жыл болду. Көйгөй жактарын айтсам, кечке эле суу өчө берет. Башка жактагы тааныштарыңдан сурайсың да “Ай, сууң барбы?”, “бар” дешет. Ал жакта бар бизде жок. Бир күн суу, бир күн свет, бир күн газ жок болот. Ушинтип эле күн өткөрүүдөбүз. Акыркы учурда суу менен свет аябай көп өчө турган болду. Бизде жаш балалуу үй-бүлөлөр аябай көп. Электр жылыткычтар менен отургандар бар, айла жок айылдарга кетишет. Дагы бир ачууңдун келтиргени суунун, светтин төлөмүнүн көп келгени.

Газдын дагы көлөмүн азайтып коюшат. Газпромго, мэрияга байланышсаң жарым сааттан соң анан газды көбөйтүшөт. Бул дагы кимдир бирөөнүн кызыкчылыгыбы, билбейм.

Спутник аймактык башкаруусу олтурат, анын Көк-Арт менен иши деле жок. Көк-Арт кичи шаарчасында эл ушунчалык көбөйдү. Ошону өзүнчө аймактык башкаруу кылып берүүсүн баарыбыз өтүнөбүз. Эмне болсо эле Спутник. Бул шаарчадан бизге эч нерсе артпайт. Спутниктин Манас проспектисинде, башка көчөлөрүндө гүлдөрдү, карагайларды эгип көрктөндүрүшөт. Эмне үчүн Көк-Артка жок дегенде гүл, дарак эгип коюшпайт. Бул жагынан алганда жашылдандыруу нөл. Булар эл үчүн иштебей эле чиновниктердин огородун жашылдандырышат.

Искендер ЗИЯБИДДИН УУЛУ, Көк-Арт кичи шаарчасынын тургуну: “КООМДУК ТРАНСПОРТТОР ДА ЖЕТИШЕРЛҮҮ ЖЕРЛЕРГЕ ЧЕЙИН БАРБАЙТ”

 Бул райондо алгач черепица өндүрүүчү ишкана иштечү. Азыр да ал жерде мөмө-жемиштерди кургатып сатыкка чыгарышат. Көк-Арттын башка кичи райондордон өзгөчөлүгү бул район тынч жана коопсуз. Ошого карабай бир топ көйгөйлөрү бар. Шаарчанын тургундарына зыянын тийгизген, абаны булгаган – бул нефтени кайра иштетүүчү заводдор. Эрте менен жана кечки убакта нефтинин калдыктарын төгүшөт. Кадимкидей мазут жыттанып турат. Коомдук транспорттор да жетишерлүү жерлерге чейин барбайт. Негизги көчө менен эле кете берет. Көпчүлүк адамдар негизги жолго чейин жөө басып барышат. Анын арасында кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар бар. Бул жерде дагы бир көйгөй ФАП, поликлиника жок. Көк-Арттын тургундарын каттоого Спутниктин ооруканасы алат. Мындайча айтканда жетим козудай жалдырап барабыз.

 

Дилбар БЕКНАЗАРОВА, Көк-Арттын тургуну:  “КҮН ЫСЫКТА КӨЛӨКӨЛӨП БАСА ТУРГАН ЖЕР ЖОК”

Жусуп Бакиев атындагы Экопарк 2007-жылы түзүлгөн. Парк болуп түзүлгөн мезгилде биз деле катышканбыз, бүт арчаларды эккенбиз. Андан кийин мэриянын балансында болдубу, жакшы эле карап жатышкан. Кийин Санжар Бакиев келип мэриядан арендага алган. “Мен паркты өзүм карайм, көрктөндүрөм элдерге болсо бүт шарттарды түзүп берем”- деп айткан. Мэрия дагы Санжар Бакиев карайт деп ижарага деген. Андан бери 2-3 жыл болуп калды, 70-80% көктөп турган көчөттөрдүн баары куурап калды. Парктын баш жагында калың көктөгөн жери бар эле, аны дагы ижарага алгандар турган жеринен кесип, өз кызыкчылыгына ылайыктап коргоп, кафе салып алган. Бул тууралуу чогулушта мэрге айтканбыз. Паркты карайбыз деп алган ижарачылар көрктөндүрбөй эле тескерисинче кууратып, аз келгенсип кыркып түгөтө жаздашты. Бүгүнкү күндө парк деген аты эле болбосо парктык заты калбады. Көк-Арт шаардын эң чеке жери, таштуу, жайында өтө ысык болот. Мисалы, кемпир-чалдар, жаш балалуу келиндер күн ысык убакта көлөкөлөп баса турган жери жок. Ошону үчүн паркты мэрия өзүнүн балансында эле карап башкаларга ижарага бербей өздөрү көрктөндүрүп, элге шарт түзүп, ошол жерди элге эс алуучу парк кылып берсе жакшы болмок.

Арстанбек ЖЭЭНБЕКОВ, Көк-Арттын тургуну: “КӨЧӨЛӨРДӨ СВЕТОФОР ЖЕ БИР ЗЕБРА ЖОК”

-Биз Жаштык көчөсүндө жашайбыз. Өзүң көрүп тургандай бул көчөдө тратуар жок. Машине дагы, автобус, маршрут дагы, адамдар дагы бир жолдо жүрө беришет. Же бир светофор, же бир зебра жок. Анысы аз келгенсип жолубуз да тар. Жок дегенде Жаштык менен Жамашев көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотуп коюшса элдер, окуучулар өткөнгө шарт түзүлөт эле. Бул тууралуу депутаттарга, мэрге дагы айтканбыз. Боло турган нерсе экен жасап беребиз дешкен, мына андан бери бир-эки жыл өтүп жатат. Бирок жыйынтык жок. Ырас, эл жашап жаткандан кийин бул нерселер керек. Билбей калдык кимге деле кайрылышты.

 

Курманжан СУЛТАНОВА, Көк-Арттын тургуну:ЭШЕКТЕР ДА ТЫНЧТЫК БЕРБЕЙТ

 -Көк-Артта жашаганыма 10 жылдын жүзү болду. Негизи өз мекенибизде жашап жатканыма сүйүнөм. Ошондой болсо да башка жактар менен салыштырып көргөнүм бар. Мисалы, бул жерде жаш балалуу энелер балдарын ойнотуп, өздөрү да сейилдейин деп көчөгө чыгышат, бирок толук кандуу эс ала алышпайт. Бизде көп кабаттуу үйлөр көп. Бирок анын алдында жаш балдар ойноочу аянтчалар жок. Мындан сырткары шаарчанын барган сайын тургундары көбөйүүдө. Ошого жараша шаарчалык деңгээлде бир аз өзгөртүүлөрдү, эс алуучу парктарды, жаш балдарга ойноочу аянтчаларды куруп берсе жакшы болмок. Андан сырткары Көк-Артта эшек кармашат экен. Тургундарга тынчтык бербей айкырып, кыйкырат, жагымсыз жыт келет деп айтышкандар да бар. Аны калк жашаган аймакта кармоого болбойт да, санэпидстанция, аткаруу бийлиги чара көрүшү керек.

Толгонай ОРМОНБЕКОВА, Көк-Арттын жашоочусу: “НЕФТИДЕН ЧЫККАН ЖЫТ АБАНЫ БУЛГАЙТ”

Дегеле Көк-Арт кичи району азыркы учурда жашылдандырууга муктаж, анткени нефтиден чыккан жыт абаны булгайт. Бул боюнча тийиштүү жерлерге кайрылганбыз, майнап чыккан жок. Биздин жаныбызда мэриянын алдындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу  департаменти бар. Жок дегенде ушулар өздөрү сырткы  тегерегин бак эгип жашылдандырып койсо болмок. Жолунун алдында бир бак жок, какырап турат. Сооп табам десең, тал эк дейт. Ошол жерден өткөндөр көлөкөлөп өтсө бул дагы сооп иш болбойбу. Ал эми аэропорттун тегерегинде катар-катар жаңы үйлөр салынып, жашоочулар жылдан жылга көбөйүүдө. Бул го жакшы, бирок аэропортко жакын болгону жашоочулар үчүн кооптонууну да жаратпай койбойт.

Шаар тургундарынын бул көйгөйлөрүн аткаруу бийлигине жеткирип, тийиштүү жооп алалы деп мэрияга көп ирет бардык. Шаар мэри С.Авазов эмгек эргүүсүнө кеткен болсо, вице-мэрлерге кезиге албай, телефондоруна да байланыша албай койдук.

 
P.S. Бүгүнкү күндө Көк-Арт кичи районунда 1 мектеп, 1 жеке бала-бакча, 1 спорт зал, 2 дарыкана, 11 дүкөн жана кичи маркет, 1 чачтарачкана, 2 навайкана, 1 автобаза жана типография, аскердик бөлүк жайгашкан. Ошондой эле эки нефтини кайра иштетүүчү завод жана мраморду кайра иштетүүчү ишкана бар.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17