Аймак

ТАБИЯТ ӨЛҮМҮНӨ МАКЕДОНСКИЙ ДА, ЧЫНГЫЗХАН ДА ЧӨГӨЛӨГӨН

ТАБИЯТ ӨЛҮМҮНӨ МАКЕДОНСКИЙ ДА, ЧЫНГЫЗХАН ДА ЧӨГӨЛӨГӨН

 3,239 Бардыгы /

ТАБИЯТ ӨЛҮМҮНӨ МАКЕДОНСКИЙ ДА, ЧЫНГЫЗХАН ДА ЧӨГӨЛӨГӨН

Жер ааламын астын үстүн күл кылып сапырган, адамдардын канын сел кылып агызып, карк топуракты адамдардын кызыл канына боёгон, миллиарддаган адамдардын өмүрүнө кыргын салган улуу каган Чынгызхан да, Македонский да өзүнө келген ажалдуу өлүмгө чөгөлөптүр го. Кылычын сууруп, кызыл кыргын салган каардуу кандар да өлүмдөн коркот экен го. Жан деген ширин экен, көзүнө ажал көрүнгөндө бир күн болсо да жашагың келип, өлгүсү келбейт экен. Жер ааламынын жарымын кылыч менен каратып алган улуу каган Чынгызхан кедей даанышман Чан-Чунге, Александр Македонский кедей даанышман, философ Диогенге тизе бүгүп жалынат экен го… Пенде деген ушундай…

МЕНИ ӨЛБӨС КЫЛГЫЛАЧЫ – ДЕДИ ЧЫНГЫЗХАН
Өргөдө эс алып жаткан Чынгызхан эми ден соолугуна кам көрүп калды. Бөтөн адамдардын башын кыя чапкан каардуу каган Чынгызхан эми жашоо ширин экенин сезди, өлгүсү келбеди. Акылдуу кеңешчиси, төлгөчүсү Елю Чуңайга акыл салды. “Мен өлгүм келбейт, мени жашартып, күч кубаттуу жаш жигиттей кулпунтуп жашарта турган, мени өлбөс, түбөлүктүү жашата турган дарыгерлерди тапкыла. Дүйнөнүн туш тарабына чабарман жөнөткүлө,- дейт Чынгызхан.
Чаң Чунь-Цзы деген бир акылман кытай чал бар. Бул кедей карыган чал эбактан бери табият даарыган талант сырдуу сыры менен кереметтүү дүйнөгө сапар тартат, бир заматта кубулуп кушка айланат, бир заматта адам болот. Көгөргөн көктөгү булуттарга сиңип жок болуп кетет. Ал жер бетиндеги сырдуу дүйнөнүн сырын билген сырдуу киши. Ал өлбөстүктүн да сырын билет…
“О ыйык, даанышман дарыгер! Көптөн бери сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Сенде, карыны жашка айлантар, алсызды күч кубаттуу кылар ыйык, касиеттүү дары барбы? Менин өмүрүм токтоосуз тынбай агып чоң дарыяга кошулгандай, жашоомду узарта аласыңбы? Адамды өлбөс кыла аласыңбы?
Эгерде азыр дарың жаныңда жок болсо – аны кантип жасар сырын сен билерсиң. Же болбосо өлбөстүктүн дарысын жасаган башка даанышманды билип жүрбө”, – деди Чынгызхан.
“Сен мага өлбөстүктүн дарысын жасап берсең, мен эч өлбөй түбөлүккө жашасам, мен сага болуп көрбөгөндөй белек-бечкек, байлык тартуулайм.
Төө ат көтөрө алгыс алтын теңге берем… Мен сага эң сулуу, ар өлкөдөн алынган жүз кызды белек кылам…”
… Анда байкуш чал Чан-Чунь каардуу кагандын сүрүнөн коркуп, калтырап-титиреп отурат. Чынгызхан дагы аны ийиткиси келип сөз улайт.
– …Мен сага укмуштуудай ак сарай салдырып берем. Мага жашаруунун кереги деле жок. Мейли ушул турушумда, ак чачтуу картаң болсом да узак, узак жашасам дейм. Бийлик тизгинин колдон чыгарбай, моңгол империясын, өзүм түптөгөн бийликке өзүм гана бийлик кылсам дейм…
– Мага алтындын эмне кереги бар, мен жыңалач тоолордо жашап, ойго тунуп, өз ойлорум менен болсом. Мен өзүмдү башкара албасам, бүтүндөй чоң аймакты кантип башкарам. Ар өлкөдөн туткунга алынган эң сулуу жүз кызды, өзү теңдүү жаш жигиттерге бер. Мага ак сарай үйдүн кереги жок. Мен таштын үстүнө конуп, ойлонуп олтура алам. Мен эң илимге бай философиялык китептерди көп окудум, кытайлык философ, окумуштуулар жазган илимий чыгармалар менен тааныштым. Менде эч кандай сыр деле жок. Мен ачуу чындыкты ачык эле айтайын: адамдын оору-сыркоосун айыктыра турган, алсыз адамды күч-кубатка келтире турган көп-көп дары дармектер бар. Бирок адамды өлбөс кылып жарата турган эч кандай дары жок, – деди Чан-Чунь.
Чиркин, бийлик, байлык ширин экен го. Чынгызханды карылык желкелеп басып, ажалы көзүнө көрүнүп турса да, өзү кылыч менен түптөгөн кандуу монгол империясын өзү кармап, бийлик жүргүзгүсү келди. Бүтүндөй жер ааламындагы өлкөлөрдү чеңгелдеп кармап туруу үчүн согуш кана керек деп, согушту эңсеп туруп алды.

КЫРГЫЗДАРДА ЖАПАЙЫЛЫК, АЧ КӨЗДҮК, КӨРӨ АЛБАСТЫК, ИЧИ ТАРДЫК КАЧАН КАЛАТ?

Мен улуу каган Чынгызханды бекеринен мисалдатып кайрылганым жок. Анткени улуу байыркы тарыхка кайрылганымдын себеби, кылыч менен эч бир, эч кандай маселе чечилбесин кыргыздардын эсине, элге гүлдөгөн жашоону, тынччылыкты алып келбесин өткөн кылымдар далилдеп келгенин айткым келди. Кайсы заманда болбосун улуу табият адебинен ашкан адамга сыр көрсөтөрүн дагы бир жолу далилдегим келди.
… Чынгызхан аңчылыкты бала кезинен сүйчү экен. Жортуулда жүргөн кез. Самаркандды ээлеп, кышында кыштап чыкканы өргүү алат. Көңүл ачканы аңчылыкка чыгат. Жырткыч каманды кууп баратып ат мүдүрүлүп кеткенде Чынгызхан аттан учуп, камандын алдына “поп” этип түшөт. Жырткыч каман былк этпей сулап жаткан Чынгызханды көпкө тиктеп туруп, акыры бурулуп жай басып кетет…
Бул табияттын Чынгызханга көрсөткөн аяны, эскертүүсү. Миллиарддаган адамдардын убалына калган Чынгызханга: “Болду жетишет, токтот согушуңду… Бейкүнөө адамдарды тынч кой… Ушунча адамдын убалына калдың. Согушту токтотпосоң, эми жортуулда жүрүп өзүң өлөсүң…”-деген дешип ушул жырткыч каманга айланып, Чынгызханга көрүнгөн сырдуу күчтү анын даанышман кеңешчилери Елю Чу-Цай айтса да укпады. Акыры Чынгызхан согушуп жүрүп ооруп өлдү…
Кылыч менен түптөгөн монгол империясын түбөлүктүү бийлик менен жүргүзүүгө Чынгызхандын өмүрү да жетпеди. Мен муну менен эмне айтмакмын, анткени кайсыл гана заман болбосун табияттын сырдуу күчтөрү аян берет. Кыргыздарга нечен жолу аян берсе да акылына келишпеди. Башканы коюп, кече жакындагы учак кырсыгы кыргыздарды дагы эскертти. Элдин үрөйү учуп, жакасын кармап турганда бийлик эсине келбеди. Байлыкка мас болуп бийлик, бийлик талашуу менен убара. Бийликке нааразычылык күндөн күнгө күчөп турганда саясий куугунтук, саясатчыларды камоо, басма сөздү кысымга алуу, оппозициялык саясатчыларды бир тараптуу жамандоо, паракорлук, коррупция гүлдөп турган кыргыз бийлигине эл эч ишенбей да калды. Айыл-кыштактарда жумушсуздук күчөдү. Айылдык жаштар сүрүлүп чет өлкөлөргө чыгып кетип жатышат. Ишке жарап калган 14-16 жаштагы өспүрүм балдарга кезек жетти окшойт, эми алар да агаларын ээрчип Россияга иш издеп жөнөшүүдө. Айыл-кыштактарда болсо жалаң кемпир-чал, чоң ата, чоң энесине калган небере, чөбөрөлөр гана калды. Карайлап, ач-жылаңач отурган эл менен кыпындай иши деле жок. Саясатчылар жабыла бийлик тактыга жулунат. Бийлик бийликтигин бергиси келбейт. Саясий күрөш күндөн күнгө күчөп баратат. Элет эли бириң өлүп, бириң кал дегенсип бийлик менен бийликке жулунган саясий партиялардын тамашасына батып олтурат.

БИЙЛИК САЯСАТКА КАЙДЫГЕР ЭЛЕТ ЭЛИ

Отуз жылдан бери асмандагы Айды алып берем деген бийликтин жалган убадасына элеттик кара таман эл ишенбей да калыптыр. Элдин жашоосу оңолмок турсун күндөн күнгө артка кетип, эл итке минип калды. Элеттик элдин жалгыз үмүтү Россияда… Эгер мүмкүнчүлүк болсо элет элинин баары Россияга көчүп чыгып кетишмек. Ансыз деле элеттеги бүтүндөй жаштар Россияда. Ошолор ата-энеси менен кошо Кыргызстанды багып жатышат.
Чынында бийлик, саясатчылар эл үчүн эмне иш кылып койду жыргаткыдай. Кайда караба ээн, бош калган айыл кыштактар. Жумушсуздук, жашоо оор, келечек көрүнбөйт. Элет эли ачкалыктан кырылып кетеби. Элет элин бир гана баккан пенсия. 2-3 миң сом алгандар дээрлик айыл эли. 10-100 миң сом пенсия алган баягы чоңдор, сот, прокурорлор. Элдин канын жакшылап соргон паракор, коррупцияны гүлдөтүп, үзүрүн көргөн баягы бийликте жүргөндөр өздөрүнө очойтуп пенсия жаздырып алган.
Керелден кечке тишинин кирин соруп талаада өмүр бою иштеген байкуш кара таман элет эли 1400-2000 сом менен пенсияга чыгып жатышат. Бу кандай акыйкатсыздык.

БИЙЛИК ПЕНСИЯНЫ БЕРБЕЙ ДЕЛЕ КОЁЮН ДЕЙТ, БИРОК….
Мамлекет пенсияны бере албай калды го. Бийлик пенсияны элге бербей деле коёюн дейт, бирок согуш чыгып кетпесин деп коркот – деп элет эли дамамат айтчу болуп алды. “Башканы кой, пенсияны бере албаган мамлекет, мамлекетпи?”, “Пенсияга чыга албай жатам, акча үмүт этишет, берейин дейм акчам жок, бербейин десем атаңа бар, энеңе бар- деген шылтоо. Алкымы бузук кузгундардын баары бийликти ээлеп алган…”- деп кейип, кепчиген кемпир-чалдар канча. Пенсияга чыгып жылдап пенсия албаганы канча, пенсияга чыга албай томсоруп жүргөнү канча. Алган пенсиясы аш-оокатына жетпей айласы кеткени канча. Сокур тыйыны жок ач-жыңалач отурган, дары алайын десе акчасы жок, ооруканага жатып дарыланайын десе доллары жок жетим-жесир чалдыккан ооруга жем болуп, өлүп жатканы канча?
Элет эли бир гана пенсия менен жан багат, жарыбаган пенсияга айыл өкмөтүнүн жер салыгы, таза суу, электр, көчө салыгы жабышат. Пенсия тиер күнү салыкчылар сагалап турат. Чынында айыл өкмөттөр, райондук, областтык жетекчилер элеттик кемпир-чалдын жарыбаган 1400-2000 сом пенсиясына көз каранды. Элеттиктерде пенсиядан башка акча болбосо параны, салыкты, кайдан алышмак эле. Бийлик элге болор-болбос пенсияны бере коюп, кайра тоноп жатканын кантип түшүнсө болот. “Сөөк жуткан кузгундар таш жутса да тоюшпайт” деп элет эли зар какшап жүрүшкөн чагы.

ШАЙЛООДО ЭЛЕТ ЭЛИ КЕРЕК, ШАЙЛООДОН КИЙИН ЖОК…
Жаз менен кошо жай да келди. Быйыл Кыргызстанда шайлоонун шайтан оюну башталгыдай. Президенттик шайлоого аттангандар жок эмес. Арасында жараганы дагы бар, жараксызы дагы бар. Эл дарбыса эшек кошо дарбыгандай, элге кошулуп дарбып алганы да бар. Быйыл элет эли аш-тойдо курсагы тоюнуп бир жыргап алчудай. Колунда бар бай саясатчылар элдин көңүлүн эмитен алганы Көкөтайдын ашындай аш-той, чоң улак берип, кече эле элди унуткан бийлик чабармандары элди аралап эсинен чыккан элдин ал-акыбалын сурамжылап калды…
Акын –журналист Орозалы Карасартовдун “Туулган жер качан керек” деген ырынан мисал кылгым келди.

«Туулган жер качан керек, кимге керек,
Жердештер айтып ачык, баасын берет.
Депутат болоор кезде эстешет да,
«Кулуну элем» дешип жетип келет…

Туулган жер шайлоо үчүн керек болуп,
Андан соң унутулат бөлөк болуп.
Келечек кала берет ыйлап-ыйлап,
Көз жашы көнөк болуп, көнөк болуп…”

КЫРСЫК КӨП АРАЛАГАН ЖЕРДЕ СЫРДУУ КАРА КҮЧТӨР КӨП
Кыргыз коомундагы бүгүнкү бийлик, саясат, элдин жашоо турмушу, коомдогу адамдардын мүнөзү, пейили, жашоо образына учкай ой жүгүртүп, ачуу чындыкты айтып, табияттын жашоосун бузган анын тынчын алган, жан дүйнөсүнө бүлүк салган заманбап адамдардын табиятка болгон мамилесинен улам табияттын сокусуна калып, энчисин алып алат, анткени адамдардын пейили бузулганы, ыйманын жоготкону, жашоонун оордогону ошондон.
Мен бекеринен кайра-кайра Чынгызханды мисалга келтиргеним жок. Чынгызхан согуш жортуулунда канчалаган жерлер өрттөндү, канчалаган табият кыйрады, канчалаган адамдардын өмүрү кыйылды, канчалаган эл түп орду менен жок болду. Бирок Чынгызхан табияттын сырдуу, улуу күчү өлүм деген энчисин алды.
Ай кыргыз – бийлик, байлык, жашоо, өмүр убактылуу. Эртели кеч өлүмдүн курмандыгы болорубузду ойлоп жүрөлү. Беш күндүк өмүрүбүздө бири бирибизди сыйлашып, ынтымакта жашайлы. Пейилди оңдойлу, ыйманга келели!…

Абдыразак ОМОРОВ, журналист, илим изилдөөчү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17