Аймак

Мактаныч маанайды баштан кечиргенде же… өлкөнүн ийгилиги, көйгөйү жүрөктүн кан тамырын аралап өткөндө

Мактаныч маанайды баштан кечиргенде  же… өлкөнүн ийгилиги, көйгөйү жүрөктүн кан тамырын аралап өткөндө

 3,281 Бардыгы /

Мактаныч маанайды баштан кечиргенде  же… өлкөнүн ийгилиги, көйгөйү жүрөктүн кан тамырын аралап өткөндө Жакында телевизордон КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен Баткенде болуп өткөн гүл майрамын көрсөттү. Ага Кыргызстандын бардык аймагынан жана коңшулаш Өзбекстандан, Тажикстандан келген коноктор чакырылып, абдан шаңдуу маанайда өткөндүгү сезилип турду…
Айгүл гүлүн алгач көргөн адамдар аны абдан кызыгуу менен карап жатышты. Мен аларды түшүнүп турдум. Анткени мындай сезим өткөн жылы менин да башымдан өткөн болчу. Анда сөз башынан болсун.
Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин 1978-жылы элүү бүтүрүүчү аяктаган болчубуз. Анын кыркы Кыргызстандын ар кайсыл аймактарынан, ону тажикстандык жана өзбекстандык этникалык кыргыздар болчу. 2008-жылы бир топ курсташтар бири бирибизди издеп таап, азыр жыл сайын катташып турабыз. Ошол жылы бизди Ош шаарында жашагандар чогулткан болчу. Өткөн жылы апрель айында Баткен облусунда жашаган курсташтар чакырышкан. Таластык Гүлай Аблесова, ноокендик Касиет Арапбаева жана Аксыдан мен болуп Жалал-Абаддагы Арзыкан Жумабаевага келдик. Төртөөбүздү Ош шаарында иштеп жаткан Бактыкан Нарматалиева, Азада Кимиянова, Толкун Исаева, Уулкан Идирисова күтүп турушуптур. Бир аздан кийин алайлык Акжигит Маматов, карасуулук Капар Бердалиев менен каракулжалык Сатыбалды Кыдыралиев үчөө келип калышты. Баарыбыз чогулуп, жолго камындык. Бизди эки курсташыбыз: кызылкыялык Абдинаби Даабеков менен кадамжайлык Араппай Кайназаров Баткенден тосуп алышты. Курсташтар жолукканда сөз түгөнчү беле, убакыттын кандай өткөндүгүн да сезбей калдык.
Эртеси алар Баткендин Айгүл гүлү өскөн тоого алып барышты. «Он уккандан бир көргөн…» дегендей, өз көзүң менен көргөн нерсе таптакыр башка таасир калтырат тура. Бийиктиги бир метрге жакын, узун-узун жашыл жалбырактары бар Айгүл гүлү бир эле учурда 20дан ашык гүл ачат. Анын кызыл түсү башка гүлдөрдөн кескин айырмаланып, көргөн көздү өзүнө магниттей тартып турган касиети бар экендигин байкадык. Жергиликтүү элдин айтуусунда Айгүл өзүнүн жаңы гүлүн ай толгон күнү түн ортосунда гана ачат.
Эл арасында бул гүл тууралуу бир нече уламыштар бар. Анын бири мындай: Качандыр бир өткөн учурда бул аймакта колунда байлыгы, оозунда сөзү бар белгилүү адамдын күн десең күндөй, ай десең айдай болгон Айгүл аттуу сулуу кызы болгон экен. Ага сөз айттыргандар, колун сурагандар көп болуп, бирок кыз башкалардан өзгөчөлөнгөн эр жүрөк, жалтанбас, эл арасында кадыр-баркы бар Козулан аттуу жигитти жактырат. Бири-бирин жактырып жүргөн эки жаш баш кошуу тоюн өткөрүүгө аз калганда капыстан келген жоо менен болгон кармашта Козулан окко учат. Катуу кайгыга алдырган Айгүл боюн бийик аскадан таштап, көз жумат. Айдай сулуу бийкечтин каны чачыраган бул жерден кийинки жылы жазында ушул гүл өсүп чыгат.
Баткендиктердин ага «Айгүл гүлү» деген ысым берип, күнөөсүз кыздын каны төгүлгөн тоону ыйык жай, мазар катары кастарлап келе жаткандыгы ошондон.
Илимпоздордун далилдөөлөрү боюнча Айгүл гүлү жер шаарынын айрым гана аймагында өскөн эндемик өсүмдүк. Ошондуктан ал коргоого алынган. Кыргызстанда Баткен чөлкөмүндө гана өскөн бул гүлдү жергиликтүү эл, мектеп окуучулары да коргоого салым кошуп жаткандыгы биздин ичибизди жылытты.
Баарыбыз мугалим эмеспизби, өзүбүз окуткан окуучуларыбызга Кыргызстан ушунчалык кооз аймак экендигин, Айгүл гүлү биздин гана өлкөдө өсө тургандыгын, ал үчүн мактаныч маанайын баштан кечиргендигибизди, мындай дүйнөдө жок кооз жерлер Кыргызстандын бардык аймактарында бар экендигин сыймыктануу менен айтып бердик.
Кыргызстандын бюджетин туризмди өнүктүрүү менен чыңдоого боло тургандыгы тууралуу кайра-кайра айтылып, жазылып, турмуштук мисалдар менен далилденип да жатат. Бирок тилекке каршы, кийинки жылдарда Кыргызстанда митинг өткөрүү адатка айланып кетпедиби. Аны өзүбүздүн жалпыга маалымдоочу каражаттар сенсация үчүн кайра-кайра көрсөтсө, алардын чет өлкөлүк кесиптештери ого бетер көбүртүп-жабыртышып, акыр-аягында Кыргызстанга келе турган туристтерди, инвесторлорду чочутуп, бизден оолактатып жатышат.
Адилеттүлүк үчүн, ачуу болсо да чындыкты бетке айтуу зарыл, кандай митинг өтпөсүн, анын артында сөзсүз бийликке таарынган саясатчылар же өлкө кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгын өйдө койгон белгилүү топ турат. Митингге чыккандардын көпчүлүгү алардын биртке берген акчаларын алып, тек ошолордун куралына айлангандар. Саясатчылар үчүн өлкөнүн стабилдүүлүгү, элдин тынчтыгы эмес, алардын жеке амбициясы жогору тураарын жакынкы өткөн митингдер да далилдеп койду. Кимдин ким экендигин дагын бир ирет түшүнүктүү болду окшойт…
Кыргызстандын тынчтыгы, мамлекетибиздин чыңдалышы, анын мындан өсүп өнүгүшү анын ар бир жараны үчүн керек. Себеби, мамлекет үй-бүлөдөн куралат. Өлкөнүн ийгилиги, көйгөйү ар жарандын жүрөгүнүн кан тамырын аралап, каалайбы, каалабайбы, аны жон терисинен өткөрөт. Ошондуктан баарыбыз биригип, биз өз үйүбүздүн тынчтыгы, балдарыбыздын келечеги үчүн саясатчылардын бөлүнүп жарылуусуна бөгөт болуп, өлкөбүздүн тынчтыгын камсыздоого салым кошолу.
Жамила МОМУНБЕКОВА,
Аксы району, Боспиек айылы,
КР эл агартуу отличниги

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17