Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫН БАШКАРГАН КЫЯНБЕК САТЫБАЛДИЕВГЕ КИМДЕР АСЫЛЫП ЖАТЫШАТ?

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫН БАШКАРГАН КЫЯНБЕК САТЫБАЛДИЕВГЕ КИМДЕР АСЫЛЫП ЖАТЫШАТ?

 3,606 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бул кызматка келери менен ал тууралуу ар кандай кептер тараган. Бир даары жаш, иштин көзүн билген ишкер, областтын чарбасын жакшы башкарып кетет дешсе, айрымдары анын алгачкы кадамдарын күтпөй эле дароо сындаганга өтүшкөн.

Канткен менен К. Сатыбалдиев кызматка келери менен областтагы бардык болуп жаткан иштер, көйгөйлөр менен кеңири таанышып, бир катар маселелердин чечилишине активдүү киришти. Областтын ишин кыйла алга жылдырды. Анын жасаган иштерин четинен санап, элге бериле турган отчёт өзүнчө болот. Азыр биз ага каршы кара пиарды кимдер, кандай максаттарда уюштуруп жатышканын гана айткыбыз келет.

Жакында эле Жалал-Абад шаарында пайда болгон көп сандаган эл аз окуучу сайттардын биринде К. Сатыбалдиевди эл ичинде “самсачы губернатор” деп аташарын жазып чыгышты (бирок, ал материалды кийин негедир алып салышкан). Аны алдууларга асылып, өзүнүн кадыр-баркын өстүргүсү келген журналист жазганбы же кечээ эле кызматынан, эл арасындагы аброюнан ажырап, бир катар жылдардан бери ташы өйдө кулаган инсандарга асылып, тымызын кара пиарларды уюштурууга маш болгон “ушакчы жигит” деген каймана аты бар киши жазып бергенби, ал жагы көпчүлүккө табышмак. Анан калса, бул кара пиарга ким канча акча төлөгөнү да белгисиз.

Айтор “журналист” К. Сатыбалдиевди билимсиз, дипломду көчөдө жүрүп алган киши катары сыпаттап, кала берсе кылмыш ишине барган кылмышкер катары да сүрөттөгөн. Албетте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кимдир-бирөөнү соттун күчүнө кирген чечими аркылуу гана кылмышкер деп атоого болот. Ал эми кимде-ким Кылмыш-жаза кодексине ылайык соттун чечими жок эле өз алдынча ким-бирөөнү кылмышкер атаса же кылмыш кылган киши катары айыптаса, маалымат таркатса, анын аракети кылмыш жасагандыкка жатат жана кылмыш куугунтугуна алынат.

Ошентип биз сөз кылып жаткан сайттын редакциясы, кызматкерлери К. Сатыбалдиевди билимсиз киши катары сүрөттөп, жалган маалымат таркатышкан. Себеби бул киши өз убагында Жалал-Абад мамлекеттик университетине кирип окуган, бирок турмуш-шартына байланыштуу окуусун уланта албай, кийин Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинен уланткан. Бул тууралуу К. Сатыбалдиев өзү төмөнкүлөрдү айтат.

– Мен ЖАМУдагы “Бухгалтердик учёт, анализ жана аудит” бөлүмүн окуп жатып, турмуш шартыма байланыштуу мигрант болуп Россияга кеттим. Арадан бир канча убакыт өткөндүгүнө байланыштуу окуумдан чыгарылып, кайрадан келип Экономика жана ишкердик университетине ошол эле “Бухгалтердик учёт, анализ жана аудит” бөлүмүнө окууга тапшырып, жалгыз өзүм эмес, жалпы 32 студент болуп күндүзгү бөлүмдө окуганбыз. Менин группалаштарым бар, кечээ жакында эле жыйырма чактысы келип, жаңы жумуш ордум менен куттуктап кетишти. Ал эми Майлуу-Сууда шаарында мэр болуп иштеп жүргөн мезгилде менин ишим кээ бир депутаттарга жаккан эмес, бирок элге жаккан. Жалпы жонунан мен ошол депутаттардын кызыкчылыгы үчүн эмес, карапайым калктын, элимдин кызыкчылыгы үчүн иштегенмин. Негизи кыргыз элинде жакшы кеп бар эмеспи “Иштеген адамдын артында сөз бар” деген, анын сыңарындай эгер ким жакшы иштеп жаткан болсо, сөзсүз түрдө анын артынан бир сөз жүрөт экен. Андыктан мен да бул сөздөргө терикпейм, демек мен элим үчүн, жерим үчүн бир аз да болсо иш жасаптырмын. Билем, менин артымда күчтүү опоненттер бар, бул да болсо ошолордун жасаган иши болсо керек деп ойлойм. Мен аларга чың ден соолук жана узун өмүр гана тилейм.

Ал эми К. Сатыбалдиевдин колуна диплом карматышкан Экономика жана ишкердик университетинде (азыр Эл аралык универститет) эмне дешет? Кантип эле окубаган кишиге диплом берип коюшкан? Көрсө, андай эмес экен. Алардын жообу мындай болду:  “Кыянбек Сатыбалдиев алгач ЖАМУда окуп, 4-курсунан биздин университетке которулган. Бүт жүрүм-туруму, окууга катышкандыктары боюнча журналдарда маалыматтар бар. Ал 2013-жылы “Бухгалтердик учёт, анализ жана аудит” адистигин алган. Дипломго ректорубуз кол койгон”.

Ал эми К. Сатыбалдиевдин кылмыш аракеттери болбогон. Ал ишкердик менен алек болуп жүргөн кезинде ар кайсы органдар тарабынан текшерүүлөр болгон, айрым катачылыктар аныкталган, бирок ушул кезге чейин К. Сатыбалдиевдин кылмыш жасаганы тууралуу соттун чечими эч жерде чыккан эмес. Анан кантип таптаза кишини кылмыш аракеттери менен айыптоого болот? Кайсы бир документтерди бетке кармап, ар кимге айып тага берүүгө болорун билебиз. Бирок  биринчи документти жокко чыгарган экинчи документ да болот. Журналистке буюртма бергендер ал туура документтерди көрсөтүшпөйт, чындыкты жашырышат, анткени көңүлдөгү кара пиар болбой калат.

Ошол эле кезде маалымат таркатуу каражаттарынан областтын жетекчиси К. Сатыбалдиевге таандык ашканада анын кызматкерлери журналисттерди сабап коюшканы тууралуу маалыматтар да дембе-дем таркатылды. Албетте, жакшы иш болгон жок, журналисттерге кол көтөрүү – осол иш. Бирок, бул ишке К. Сатыбалдиевдин кандай тиешеси бар? Ырас, окуя болгон жердеги ашкана анын энесине таандык, өзүнө эмес. Анан да бул осол иш болгон убакта К. Сатыбалдиев Бишкекте иш сапарында жүргөн. Журналисттерге кол көтөргөндөргө ал буйрук бербеген, алардын аракеттерине анын эч бир тиешеси болбогон. Ошондуктан бул окуяны бетке кармап К. Сатыбалдиевди каралап алуу аракети да жакшы ниетти, жакшы аракетти билдирбейт. Кантип болсо да аны жаманатты кылуу аракетин гана көрсөтөт.

К. Сатыбалдиев областтын жетекчиси болгону менен адам катары анын сылык, маданияттуу киши экенин аны көргөн-билгендер, тааныгандар, сүйлөшүп калгандар четинен айтып беришет. Дайыма кишиге жылуу мамиле жасап, өзүнүн ишине жооптуу, олуттуу мамиле кылып, областтын чарбасын жакшыртуу боюнча жакшы аракеттерди көрүп жүргөн эле киши ал.

Ал кимдерге жакпай калды? Албетте, анын ордун күсөгөндөргө, азыркы бийликти жактырбай, жакшы иштерди да көргүсү келбегендерге, кечээ кызматта жүрүп, анан заматта шыпырылып калган  Жалал-Абад шаарында аброю айрандай төгүлүп, кадыры кеткен, азыр ар кимге асылып, партиядан партия тандап, учуп-конуп оокат кылган айрым “ушакчы” жигиттерге, ким бирөөнүн пулуна алданып, кара пиар жазымыш эткен журналисттерге, бул турмушка нааразы болуп, пессимисттик маанайдан чыга албагандарга, бийликке умтулган айрым партияларга же алардын лидерлерине…

Эми К. Сатыбалдиев ал тууралуу жалган маалымат таркаткандарга каршы сотко, тергөө органдарына арызданабы же жокпу, ал өзүнүн иши. Бирок  жөнү жок эле сындап, жөнү жок эле каралап оокат кылгандар баары бир максатына жетпейт, бул туралуу иш. Калп менен, кара ниет менен коомду, жеке адамды да жакшырта албайсың.

          P.S.  Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев 2017-жылы Кыргыз  мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин ийгиликтүү аяктап – юрист адистигине ээ болду. Ошентип, ал азыр 2 жогорку дипломдуу жетекчи. Эми “кара пиар” жазгандар ичи күйүп, туз жалай беришсин.

Жыргалбек Паязов, Жалал-Абад облусу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17