Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
6,515 Бардыгы / Бул макала “Окурмандан ой пикир” рубрикасына окурман тарабынан жазылган. Аймак редакциясынын көз карашын билдирбейт. Урматтуу окурмандар Сиз да коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай ой-пикирлериңизди жазып калтырсаңыздар болот. Эртең 23-сентябрь кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына 28 жыл толот. 28 жылдан бери бул күн салтанаттуу майрамдалып келет. Бүгүн Жалал-Абадда шаардык деңгээлде тил […]
6,516 Бардыгы / Бул макала “Окурмандан ой пикир” рубрикасына окурман тарабынан жазылган. Аймак редакциясынын көз карашын билдирбейт. Урматтуу окурмандар Сиз да коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай ой-пикирлериңизди жазып калтырсаңыздар болот. Эртең 23-сентябрь кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына 28 жыл толот. 28 жылдан бери бул күн салтанаттуу майрамдалып келет. Бүгүн Жалал-Абадда шаардык деңгээлде тил […]
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛИ МАЙРАМЫ КАНТИП ӨТТҮ
22.09.2017 / Автор aymak6,517 Бардыгы /
Бул макала “Окурмандан ой пикир” рубрикасына окурман тарабынан жазылган. Аймак редакциясынын көз карашын билдирбейт. Урматтуу окурмандар Сиз да коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай ой-пикирлериңизди жазып калтырсаңыздар болот.
Эртең 23-сентябрь кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алганына 28 жыл толот. 28 жылдан бери бул күн салтанаттуу майрамдалып келет. Бүгүн Жалал-Абадда шаардык деңгээлде тил майрамы өткөрүлүп жатат деп угуп, бардым. Иш чара алгач жарманке менен башталды. “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун кол өнөрчүлүгү коюлуптур. Жасагандары кыргызча ою-чийүүсү тимеле укмуш бирок жан кейитип, орус тилинде “папа-мама” деп сайма сайып койгонун көрүп, ичимден оор үшкүрдүм. Жаштарыбыздын “чала кыргыздыгы” кол өнөрчүлүгүбүзгө да жеткен экен. Шаардагы беш аймактык башкаруу тамак-аштан жарышыптыр. Аш, Беш бармактан тарта, козу гриллге чейин коюшуптур. Азаматтар. А бирок “Спутник” аймактык башкаруусу тоготпогонбу беш алты нан менен алма, жүзүм мөмөлөрүн гана эптеп алып чыгыптыр. Башкалардын жетекчилери кошо бапырап чуркап жүрүшсө булардан түзүк бир өкүл да көрүнбөдү. Жап жаш эки кызды кароол кылып коюптур. Андан соң, Барпы театрында концерттик иш чара болду. Эң жакшы башталды десем болот. Кыргыз тили гимни жаңырып, баары ордунан туруп, колун жүрөгүнө коюп ырдашты. Шаардын жүзүн “Ариеттин” жаш таланттары жабат бейм, жалаң эле алар ырдап бийлеп жатышты. Жалал-Абадда ырчы-чоорчулар абдан көп эле. Аттиң бирөөсү да келбептир. Ким билет балким шайлоолоп кетишкендир. Облус жетекчи, шаар башчылардын өздөрү тургай жардамчы, орун басар, жок дегенде алар менен кай жакка барса эрчип алчу мекеме жетекчилеринин карааны да көрүнбөйт. Көрүүчүлөрдүн баары жаштар, студенттер. Алар да студенттигин кылышты. Кимдир бирөө бар деп айласыз жөнөткөндүгүн билдирип коюшту. Майрам сайын ардак грамоталар аябай берилип, алган кызматкерлер чыкыйып келишет да, колуна сыйлык тиер менен артын карабай жөнөчү эле. Концерт иш чарага киргенден кийин сый үчүн да, этика үчүн акырына чейин отуруу маданияты алда качан унутулган го. Анын сыңары бул майрамда сыйлыгын колуна алып жөнөгөндөр менен көрүүчүлөр кошо жөнөп калышты. Зал бир оодарылып алды окшойт. Байкуш сахнага жаңы эле көркөм окууга чыккан кыз, бир аз оңтойсуз абалда токтоп калды. Театрдын кызматкери эшикти жаап студенттерди чыгарбай койду. Ошентип кете албай кайра отуруп баштаганда көркөм ыр окулуп баштады. Шаардык деңгээлдеги кыргыз тили майрамы жетекчилерсиз, эл сыйлаган маданият кызматкерлерисиз өттү. “Айт сени шайлоо” – деп аны күнөөлөп койдум. Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп жүрүшөт окшойт.
Элдик сынчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ УЛАНЫП, 13 203 м3 СЕЛ КАЛДЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg МЕН – ЧИЛИСТЕН
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ТУБАСА ЖАНА ТУУНДУ СЫН АТООЧТОР
-
-
11.10.2023 / Автор anarkan_kg ПСИХИКАЛЫК САЛАМАТТЫК БОРБОРУНУН КОШУМЧА ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
-
20.10.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨРҮН КАРМАШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.