Аймак

ТОЙ БАТА АЛУУ. АЛ МАКТАНУУГА АЙЛАНДЫБЫ ЖЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ТОЙ ӨТКӨРӨСҮЗ?

ТОЙ БАТА АЛУУ. АЛ МАКТАНУУГА АЙЛАНДЫБЫ ЖЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ТОЙ ӨТКӨРӨСҮЗ?

 6,208 Бардыгы /

Кыргызда адам төрөлгөндө жээнтек, бешик тойдон тарта, элүү алтымыш жашка чейинки юбилейлик тойлор, алтын, алмаз, бриллиант тойлор белгиленет эмеспи. Бул дегени адам өмүрүн той коштолоорун айгинелейт сыягы. Бирок кайсы той болбосун кудайым ошол кубанычка жеткиргенине шүгүр кылып, элден бата алуу максатында өткөрүлүшү керек. Бул маани бүгүнкү күндө мактанууга алмашкандай. Дегеле күз мезгилин күркүрөтчү тойлор жөнүндө сөз кылалы.

Шекербек ТЕШЕБАЕВ, Жалал-Абад шаарынын тургуну

ТОЙЛОРДОГУ “ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ”

“Эл эмне дейт” деген сөз боюнча айта турган болсок, анда андай көндүм элибизде бар, жок эмес. Мисалы байлар же болбосо белгилүү жылдыздар депутаттар жөнөкөй той бергенин уга элекпиз. Бири-биринен өтүп кымбат баалуу ресторандарды тандап, менмин деген ырчы-чоорчуларын чакырышат. Аны болсо интернеттеги маалымат сайттары тизмелеп жазып чыгышат. Чынында алар белгилүү, аттуу баштуу адам болсом чекене той өткөргөнүм болбос, дос туугандар да көп деп ойлошсо керек. Быйыл жай мезгилинде алгач Ошто кийин Бишкекте эки жаш той өткөргөндүн ордуна окуучуларга мектеп кийимдерин алып беришкени укканбыз. Ал телевизорлордо жаңылыктардан чагылдырылган. Андан сырткары да Жалал-Абаддын алыскы райондорунун биринде уулдары атасына аш бергендин ордуна айылдагы аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөлөргө 80 кой таратып беришкен экен. Мындай жөнөкөй тойлорду белгилүү байлар да өткөрүп үлгү кылышса жакшы болмок. Бирок алар тескерисинче аша саап эле баратат.

Нуртемир БАПИЕВ, Базар-Коргон районунун тургуну:

ИЛГЕРКИ КЫРК КҮН, КЫРК ТҮН БОЛГОН ТОЙ АЗЫР ДА БАР

Ата-бабалардын салттын унутпай, таштабай ар дайым сактап келебиз. Кыргыз эл жомокторунун ар биринде эле бай аталардын кырк күн кырк түн той бергени жөнүндө жазылат. Муну менен илгертен элибиз тойго өзгөчө мамиле кылган экен дечүмүн. Ошол үчүн да азыркы тойлор бир жумага созулуп кеткенби. Бата той, кудаларды тосуу, ата көрдү  болуп отуруп эле көбөйүп кетет. Кызматы, той күнү, тойдун эртеси, андан кийинки да келин көрдү, күйөө бала жууп бер дегендр менен жумалап тойлойбуз. Мунун бир тарабы кубанычтуудур. Чынында буга чейин бул көрүнүш мага кадыресе болуп келген. Акыркы учурларда дагы башка жагдайын карап, байкап калдым. Кудалашканда эки тарап бири-бирине шарт коюп, сынашып отуруп эле ашыкча чыгымдарды көбөйтүп алат экенбиз. Көрпөңө карап бут узат деген накылды эстеп койсок болмок экен. Той үчүн карыз алган адамдар да көп. Ошентип дүңгүрөгөн тойдун карызын кырк күн, кырк түн иштеп да төлөй албай жүрүшөт. Же болбосо той шарапаты шаңы кетпей, туугандардан түшкөн белек бечкек эскирбей чындап эле кырк күнчө капарсыз жашайсың. Андан кийин кайра эки жаштын турмуш тиричилик балээси башталат. Экөө ээрчишип кетет, же бири калып, экинчиси мигрант деген элдик кесип менен иштөөгө жөнөйт.

Зубайда САИТОВА, медайым:

ЧЕКТЕН ЧЫККАН, ЭСТЕН КЕТКИС

Жакында эле маалымат сайттардан окуп калдым. Тойдо күйөө жолдоштор мушташып, онго жакын бала жоопкерчиликке тартылды деп айтышты. Бешөө 2 айга камакка алынган экен. Алардын бейбаштыгын милиция асманга ок атуу менен токтотту деп интернеттеги маалымат булактарынан байма-бай жарыяланды. Эки күн өтпөй тойдо уруш чыгарган балдар коомдук жумушка тартылганы айтылып, алардын көчө шыпырып жүргөн сүрөттөрү чыкты. Мындан мурун да эл оозунан ЗАГСта айланып жүргөн жаштар жол кырсыгына учурагандыгын угуп зээним кейиди эле. Оюн күлкүнүн болгону жакшы. Туура бир өмүрдө бир ирет үйлөнөт. Ал күндү эстен кеткис кылып өткөрөм деп чектен чыкпай эле койгон жакшы. Себеби жамандык жакшылыкка караганда көпкө эстен чыкпайт. Этияттык эле жакшы. Мен деле жакында уулумду үйлөдүм. Салттарыбыз тойлорубуз укмуш болгон менен той ээсин бир топ эле чарчатып коёт экен. Канчалык жайыл дастаркон болсоң да, нааразы болуп кеткен коноктор көп болот экен. Тойлорду ичкиликсиз өткөргөнгө чакырат элем. Себеби балээнин баары ичип мас болгондон башталат. Спирттик ичимдиктерди койбой койсоң бари бир сырттан алып келип ичишет. Болгону ар бир адам өзү конокко барганын билип сыйын кармап жүрүшү керек. Конок койдон жоош дегендей тойго баратам деп эмес, конок болуп баратам деп барганы дурус. Себеби азыркы кээ бир адамдар той дегенди укканда эле “ура, ура бийлейм, тытам, ичем” деп оолугуп алгандары жок эмес.

Нурилла ДОРОНОВА, Базар-Коргон районунун тургуну:

ТОЙДОГУ АКЧА ЖҮГҮРТҮҮ

Аялдар тойдо жеңелердин ролундабыз. Бир нерсени баса белгилеп айтуубуз керек. Бизде бир жакшы салтыбыз бар эмеспи. Алгач күйөө баланы, андан соң кечинде келинди унаадан түшүрүүгө көрүмдүк пул алышат эмеспи.  Бул көрүмдүк акча да көтөрүлүп баратат. Мурда жүздөр менен эсептешчүбүз. Беш жүз сом ашып барса миң сом деп айтылчу. Азыр мындай баалар такыр айтылбайт. Башталганда эле миң сомдон айтылат. Он миңге чейин түшкөндөр бар экен. “Бул акчаңар балабыздын причёскасы да эмес ко” деген сөз да бар. Бирок канткен күндө да бул бир айланпа. Алгач күйөө бала канча сомго түшкөн болсо, кийин келинди кыз кызматына андан бир аз кымбатыраакка түшүрүшөт. Кыргызда эң сыйлуу болгон эки конок бар. Алар күйөө-жолдоштор жана кудалар. Буларга жасалган дасторкон дагы өзгөчө болот. Эң кызыгы күйөө балдарга бир сааттын ичинде беш түрлүү тамак тарта салабыз. Эми аша чапкандык деп ойлобойм. Анткени бул эки жаштын өмүрүндө бир келчү күн. Болгону ичкиликти азыраак кылсак. Тойдогу ашыкча сөздөр дагы көбөйбөйт.

Акматбек НАЗАРОВ, “Шыдыр” айылынын тургуну:

“ТОЙЛОРДУ ЧЕГИ МЕНЕН ӨТКӨРГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛЫП КЕЛЕБИЗ”

Мен ушул Шыдыр айылынын бийи болуп иштеп келем. Айылдагы жакшылык-жамандыктарда дайым кызматтабыз. Тойбу, батабы кеңешип өткөрөбүз. Той ээсинин мүмкүнчүлүгүн карап, өз деңгээлинде өткөрөбүз. Кээ бир адамдар бар бир жерден мындай көрдүм эле же тууган уруктар мындай дейт деп алына карабай аша чаап киришет. Андай учурда түшүндурүп айтабыз. Чынында көп учурларда тууган уруктар талап кыла беришет. Бирок той ээсинин ахыбалына да караш керек. Менимче биздин айылда Тайгара, Барпы айылдарына караганда бир топ сарамжалдуу экенбиз. Былтыр биздин коңшу айыл аксакалдары чогулуп, мындан ары кафе-ресторандарда той өткөрүүнү ооздуктайбыз деп бата кылышкан. Айылдыктарга бала-чакаңардын мигрант болуп иштеп келген акчасын бир күндүк той менен ичип-жеп койбогула десе туура эле кабыл алышып макул болушкан. Эми ресторандарда эмес үйдө эле той өткөрөт экенбизда деп ойлогом. Бирок андай болбоду. Кайра эле мурунку абал. Бирок баса белгилеш керек ичимдик барган сайын азаюуда. Анткен менен күйөө баланын жоро-жолдоштору мас болгон учурду көп байкап жатам. Жаштардын мындай болгону терс көрүнүш. Күндүзү ойноп журүп ичип алышат экен. Кечинде тойго улуу-кичүүнүн баары барганда, мас жүргөнү өөн көрүнөт.  Эгерде бата болуп калса жакшы эле чектейбиз. Бирок тойлорду азырынча ар ким өзү каалагандай өткөрүп жатышат. Иши кылып келген коноктордун баарына тең бирдей көңүл бурулуп, ыраазы болуп кетиши үчүн айыл бийлери катуу аркет кылабыз. Көп жүрүп үйрөнүп калгандыктан, той ээсине пландоону да айтабыз. Мен аралашкан тойлордо акчасы жетпей калып, же кудалар, тууган уруктар нааразы болуп кеткен учур каттала элек. Ошондуктан да баардык айылдарда айыл бийлери иштегени жакшы.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17