Аймак

“АДИЛЕТ ЭМГЕГИҢИЗДЕР, ЭЧ КАЧАН ЖЕРДЕ КАЛБАЙТ”

“АДИЛЕТ ЭМГЕГИҢИЗДЕР, ЭЧ КАЧАН ЖЕРДЕ КАЛБАЙТ”

 2,750 Бардыгы /

Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаевге жана Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаевге Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жетекчилиги өз ыраазычылыгын билдирүү менен, кирип келе жаткан 2018-жаңы жылыңыздар менен куттуктайт! Сиздерге, келе жаткан Жаңы жыл тынчылыктын, токчулуктун, биримдиктин, үй-бүлөлүк барчылыктын жылы болуп, мындан ары да жасаган эмгегиңиздер мамлекетибиздин эли үчүн жарала беришине тилектешпиз.

Районубуздун инфраструктурасын көтөрүүгө, жакшыртууга, шаардын социалдык шартын оңдоого салымыңыздарды коштуңуздар. Белгиленген жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылы болгондуктан район жана шаар элинин биримдигине, маданиятынын өсүшүнө кошкон зор салымыңыздар, анын ичинде биздин аймактык ооруканага жакындап жардам берип, медицина кызматкерлери жана дарыланып жаткан оорулар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүп бергениңиздерге ыраазыбыз. Кайсыл гана тармак болбосун өнүктүрүп, мамлекетибиздин экономикалык жактан өркүндөп өсүшү үчүн жасаган эмгегиңиздер эч качан жерде калбайт деп билебиз. Алдыдагы ишиңиздерге көптөгөн  ийгиликтерин каалап,

Сиздерди терең урматтоо менен Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын директору Айжамал Мамасадыкова

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17