Аймак

ЭЛИБИЗДЕ, СҮЙҮКТҮҮ ЖЕРИБИЗДЕ ТЫНЧТЫК, ДОСТУК ОРНОСУН!

ЭЛИБИЗДЕ, СҮЙҮКТҮҮ ЖЕРИБИЗДЕ ТЫНЧТЫК, ДОСТУК ОРНОСУН!

 3,171 Бардыгы /

Урматтуу Жалал-Абаддыктар жана кыргыз элим!

Жыл тогошор алдында өлкөбүздүн ар бир жаранына, ар бир мекендешиме терең таазим этүү менен жарандык бекем позицияңыздарга, өлкөнү өнүктүрүү үчүн аракеттериңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Кубаттуу, байгер Кыргыз мамлекетин курууга болгон асыл максаттарыңыздар ишке ашсын. Биздин эң негизги байлыгыбыз – элибиз. Элдин ишеничи бизге опол тоодой жөлөк, тирек. Ата-Журтубуздун, ыйык мекенибиздин өнүгүүсү үчүн колубуздан келген салымыбызды биз да кошобуз.

Кирип келе жаткан 2018-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!  Жаңырган жыл жакшылыктар жылоологон, жалпы журтчулугубузга жаңы ийгиликтерди ыроологон ак жолтой жыл болсун! Баарыбыз эртеңки бакубат турмушту камсыз кылууга багытталган бийик максаттардын айланасында баш кошолу! Ынтымак бар жерге ырыс уялайт дейт, Ынтымактуу бололу! Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын. Элибизде, сүйүктүү жерибизде тынчтык, достук орносун! Баарыбызды Жараткан өзү колдосун! Келерки  жылды күжүрмөн эмгектенип, элибиздин бакубат жашоосу, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү үчүн иштөөгө бел байлап, жакшы ниеттер менен тосолу!

 

Шаирбек ТАШИЕВ, Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Ата-Журт» мекенчил фракциясынын лидери

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17