Аймак

«103» ЖАРДАМГА МУКТАЖ

«103» ЖАРДАМГА МУКТАЖ

 3,795 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын тез жардам бөлүмү жардамга муктаж. Имаратынын эскилиги аз келгенсип, унаалар жетишсиз, бир тарабынан эски УАЗ үлгүсүндөгү унаа. Жүз миңдей калкы бар Жалал-Абад шаары үчүн болгону 4 унаа кызмат кылат. Алар да байма-бай бузулуп турат. Аталган УАЗ машиналары талапка жооп бербейт. Ичинде эч кандай шарт жок. Оор абалдагы бейтаптарды ооруканага алып келүүгө ыңгайсыз.

 

Шабданбек БЕКИЕВ, Кечиктирилгис тез жардам бөлүмүнүн айдоочусу:

“ЧАКЫРУУГА БАРГАНДА УНААЛАР БУЗУЛУП КАЛГАН УЧУРЛАР БОЛГОН”

Жакында Жеңижок көчөсүнөн чакыруу түштү. Кош бойлуу айым эле. Жарым жолдон унаабыз бузулуп калды. Менин милдетим бейтапты ооруканага убагында жеткирүү да. Жолдон унаа тозуп, таксиге салдык. Сооп иш кыл балам деп жалбардым. Дароо эле макул болуп дарыгер менен бейтап калган жолун жеңил унаада улантты. Мындай кырдаал биз үчүн оор тиет. Анткени биз айдап жаткан унаа бузулуп, бейтап жарым жолдон каза болуп калсачы. Кудай сактасын, бирок андайда мен өзүмдү күнөөлүү сезем. Жалал-Абад шаарын тейлеп жаткан тез жардам унаалары чынында жараксыз да, талапка жооп бербейт. Айдоочу болгонубуз менен жумуш күнүбүз айдоо менен эмес, оңдоо менен башталат. Бир унааны 3 кызматкер айдайбыз. Көп бузулат. Өзгөчө быйыл ремонттон башыбыз чыкпай калды. Жаңы унаалар келсе, жакшы болмок. Анткени эскини эптегенче эсиң кетет экен. Тетиктер менен камсыз кылган менен кайра эле бузулат. Жумуш күнүбүз унаа оңдоо менен башталып, түнү деле оңдогонго туура келет. Жетишпей да калабыз. Чынын айтыш керек, жетишпей калганыбыздын айынан кечигип калабыз. Кээде биринчи чакырууга жете элек туруп, экинчи чакыруу түшөт. Мисалы, жакында бир унаанын каробкасын оңдош үчүн бир жума убактыбыз кетти. Негизи бизде 10 унаа иштеш керек. Бирок 10 болбосо да 5 жаңы унаа болсо жакшы жетишебиз. Жакшы жүргөн, эски эмес унаа болсо эле жетишмекпиз.

Дилбар АКУШЕВА, Кечиктирилгис жардам бөлүмүнүн башкы фельдшери:

“УНААЛАРЫБЫЗ, ИМАРАТЫБЫЗ ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕЙТ”

Тез жардам бөлүмүндө 5 унаа бар. Андан бирөө бузулуп, жараксыз болуп калган. Төрт унаа тынбай иштөөдө. 3 унаа 2010-жылы келген. Анын бирөөсү 2013-жылы алып келинген. Белгилүү болгондой күнү-түнү иштейт. Төрт унаа аздык кылат. Бизде күнүнө 50гө чейин чакыруулар түшөт. Негизинен 35-40 чакыруу болот. Биздин территорияга шаар гана эмес, шаар четиндеги айылдар да бар. Дөмөр жактагы айылдар, Байэл базары, кээде Тайгараевге деп чакырып алышып, Винсовхозго чейин барган учурлар болот. Территория дагы, калктын саны да жылдан жылга көбөйүүдө. Унаа маселесинен ушунчалык кыйналып жатабыз. Чакырууга барып кайтаарда бузулуп жолдо калган, бул жактан башка унаа чакырткан кездер болот. Анан башка чакыруулар ызылдап баштайт. Эң биринчи бизди жеткирчү унаабыз болбосо, анда тез жардам деп айтууга деле болбойт. Кантип тез жетип бармак элек? Биринчи унаа жакшы болсо, ишибиз мыкты болмок. Унаалар тез-тез бузулат. Айдоочуларыбыз күнү-түнү эле унаа оңдоп жүрө беришет. Негизи бизге дагы төрт унаа жетишсиз. Негизинен он миң жаранга бир бригада тез жардам кызматын көрсөтүшү керек. Бир бригаданын ичинде 1 врач, 2 фельдшер, 1 санитардык кызматкер, 1 айдоочу болушу керек. Мындай курам сакталбай эле бизди 10 бригадага бөлүп коюшкан. Эгерде он миң калкка бир бригада деп эсептегенде Жалал-Абад шаардык тез жардам бөлүмүндө 12 унаа турушу керек эле. Мен бул жерде иштегениме он жылдан ашты. Он жылдан бери ушул көйгөй бар. Кайрылбаган тарап калбады окшойт. Азыр дагы шаардык кеңешке кат даярдап келдик. Октябрьскийдеги тез жардам бөлүмү реомобилдик  заманбап Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа алышты. Аны жарандар өздөрү акча чогултуп алышыптыр. Сузактагы тез жардам унаалары талапка жооп берет. А биздин УАЗдар талапка жооп бербейт. Жакында эле бир оорулуу айымды бир саат дегенде ооруканага жеткирдик. Себеби унаабыз жүргөн сайын калдырап, бейтап ичим жарылып кетти деп сыздайт. Аргасыз секин жүргөнгө туура келди.

 

Нургүл САДЫРОВА, Кечиктирилгис жардам бөлүмүнүн бөлүм башчысы:

“ТЕЗ ЖАРДАМ ӨЗҮ ТЕЗИНЕН ЖАРДАМГА МУКТАЖ”

Бул бөлүмдө иштеп жатканыма 3 жылдын жүзү болуп жатат. Мен билгенден былтыры бир унаа берилген. Бирок ал эски типтеги облустук оорукананын унаасын бизге өткөрүп беришти. Ал эми жаңы заманбап реомобилдик унаалар бизде такыр жок. Болгон эмес. Унаалардын көйгөйү такыр бүтпөйт. Бүгүн сигналы иштебей калса, эртең башка жагы бузулат. Анын баарын оңдоп берет, тетиктер менен убагында камсыз кылат, бирок элестетиңиздер күн сайын эле бузула берсе, кандай болот. Ичинде эч кандай шарттар жок. Тийиштүү тараптарга кайрылабыз, кат жазабыз. Анткен менен маселенин жакын арада чечилишинен кабар жок. Өз алдыбызча долбоорлорго жазып катышканга мамлекеттик жер болгондуктан мүмкүн эмес. Анткени имаратка мэрия тарабынан жараксыз деп бүтүм чыгарылган. Ошондуктан шаардык бийлик тараптан да колдоо болор деп жүрөбүз. Имаратты, унааларды эске алганда бизде патриоттор гана иштеп жатат. Үнүбүз жеткен жерге чейин кайрылып, бутубуз жеткен жерге чейин барып жатабыз. Министрлик, шаардык бийлик, аксакалдар кеңеши, айтор ушул сыяктуу. Дагы бир нерсени айтып коюу керек. Тез жардамдын дагы бир орчундуу көйгөйү үй даректери. Жалал-Абадда даректер толук жазылган эмес. Түнкүсүн барчу жерибизди таппай убара болгон учурлар көп болот.

Мен мурда Бишкек шаарында тез жардам бөлүмүндө иштегем. Ал жакта атайын бригадага бөлүнгөн. Катардагы бригада, ошондой эле атайын бригада иштечү. Бардык керектүү медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Мисалы, чакыруу жүрөк ооруга байланыштуу болсо, кардиологиялык жабдыктар менен барчубуз. А Жалал-Абадда бир эле чемодан бар. Мүмкүнчүлүк болсо, жогорудагыдай бригада түзүп иштесек майнаптуу болмок. Биздин бул кемчиликти шаарыбыздын чакандыгы жаап жатат. Антпесе мындай унаалар менен иштегенге такыр мүмкүн эмес. Бейтапты тез арада ооруканага жеткире албайбыз. УАЗ унааларында жылуулук жок, ичи да бензин жыттанып турат. Имаратыбыз да суук болуп, жада калса кызматкерлерибиз өздөрү сыркоолоп калышууда.

 

Маматжан МИЯНОВ, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору  ???:

“БААРЫНАН ДА ИМАРАТЫ ЭСКИ”

Тез жардамда эң негизги көйгөй имарат. Жыл сайын облустук өкүлчүлүк аркылуу жаңы курулуштардын тизмеси өкмөткө жиберилет. 3 жылдан бери тез жардам бөлүмүн куруу да тизмеге кошулат. Бирок жыйынтык жок. Быйыл да тизмеге кошулган. Азырынча жооп келе элек. Министрликтин тизмесинде турат. Бирок каражат бөлүнө элек. Мындай көйгөй көп жылдан бери болуп келген. Менимче Жалал-Абад шаары түзүлгөндөн бери эле тез жардамдын көйгөйү бар. Албетте унаалар жетишпейт. Жалал-Абад шаарында өзүңүздөр билгендей расмий катталгандан көбүрөөк калк жашайт. Жаңы талапка ылайык, реомобилдик унааларды сурап кайрылганбыз. Кыргызстан боюнча эле андай унаалар берилбейт деген жооп алган элек. Бирок облустук ооруканага заманбап 2 унаа берилген.

Жыйынтыктап айтканда Жалал-Абад шаарындагы тез жардам бөлүмүндө 30 кызматкер жана 4 унаа кызмат кылат. Унаалар эски, талапка жооп бербейт. Бейтаптарды өз учурунда жеткирүүсүнө эч ким кепилдик бере албайт. Жогоруда айтылган толгон токой көйгөйлөрдүн чечими азырынча белгисиз. Тез жардамды кеч жардам деп күнөөлөрдөн мурун, алардын кандай шартта иштеп жатканы, мышык ыйлаар абалы тууралуу да билип коюу кажет.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17