Аймак

Арбак – деген сөздүн чечмеси – “Ар – убакта жанында”дегенди түшүндүрөт

 9,942 Бардыгы /

Арбак - деген сөздүн чечмеси - "Ар - убакта жанында"дегенди түшүндүрөт Бул жашоодон көзү өтүп кеткен ата – апа, аке – карындаштар, ини- карындаштар, достор, классташтар, – баары тирүү, болгону алар энергия түрүндө, алар дагы өз жашоолорун улантып, өз кызматтарын ал жакта кылып жүрүшөт. Буларды биз Арбактар, – деп атайбыз. Арбак – деген сөздүн чечмеси – “Ар – убакта жанында” дегенди түшүндүрөт. Мындайча айтканда аталар дүйнөсүндө жашашат, Биз дагы асмандан жерге башка жактан түшө калбай, ошол эле дүйнөлөрдөн жаралып келип – кетип жүрөбүз. Ооба, биз дагы мына ошол дүйнөлөрдөн келебиз бул жакка. Ал эми аталар дүйнөлөрү көп, себеби, жер жашообуздагы туура же туура эмес кылган иштерибизге карата ал жакка барганда, ошол өзүбүз жараткан энергетикаларга жараша дүйнөлөргө бөлүнүп кетебиз. Ким туура жашап, туура кызматын кылып өзүн таануу аркылуу аң – сезимин канчалык бийиктете алса, алар бийик дүйнөдөгү жашоолорго көтөрүлөт. Ал дүйнөдөгүлөр бизге бизди көрүп турат же колдоочу, сактоочу катары жаныбызда эле канча дегени кошо жүрөт. Биз болгону алардын билдирүүлөрүн кабыл ала албайбыз, себеби биз аларга жабыкпыз, эгер аларга умтулган болсок, анда ортодогу парда ачык болмок. Бирок ошого карабай көзгө көрүнбөсө да аталар, бизди көп деген кырсыктардан сактап келишет. Эстеп көргүлөчү? — канча жолу кырсыктардын аркасында ажалдын оозунан аман каласыздар. Ооба, алар энергия түрүндө болушкандыктан ар кандай кубулушка өз жыштыктарын айлантып, көк – жал, жолборс же куш болуп, нечен кырсыктардан аман алып калышат. Муну жалганга чыгара албайбыз.
— Мына эми жаңы замандын жаңы нурларынын биздеги катуу жыштыкты койуулантуусунун аркасында көпчүлүктөр ата – тектери жана касиеттерин көрө баштайт. Алар бизди чоочуп калбасын,- деп көбүнчө түштөрүбүз аркылуу көндүрүүдө,
— Эмнеге муну жазып жатканымдын себеби, эртеңки жолугушууда, эч коркпогула, алар деле силер, болгону силер денеңер менен гана арбактардан айырмаңар бар. Колдон келсе аларды күчтөгөнгө, тазалаганга, тааныганга жана бир болууга, коркпой, үркпөй кабыл алганды билгиле. Арбак колдобойт, сактабайт – дегендин баары калп жана жалган. Албетте, арбак энергия түрүндө болгондуктан, ал эми катуу энергетикадан тургандыктан алардын колдоосун көрө албайбыз, экинчи жагынан биз аларды күчтөнтө албай алсыратып турабыз. Биз жерде бүт ата арбактын өзөгү болуп турабыз. Ар кимибиз өз ата – тегибиздин жердеги өзөгү болуп саналабыз. Эгер биз өзөгүбүздү күчтөй албасак, албетте алардын күч – кубаты алсыз болот. Туура түшүнгүлө. Аларга деген сый чын ниеттен, ак дилден болсун. Куран окуп койдум деп жадыбалдай жаттап алганындын кубаты тийсе тиет, тийбесе жок. Ал үчүн алардын бардыгын жана жаныңарда эле экенине чыныгы ишеним берүүңөр керек. Суу ичсеңерда чың дилиңерден аларга атап ниет кылсаңар мына ошонун нур кубаттары аларды күчтөндүрөт.
Арбак — тирүү, сен аны көрө албайсың,
Арам акыл – ойунду бөлө албайсың.
Андан көрөк, көөдөнүндү көктөткүн,
Акыретте арбак – адам экөөсүн бөлө албасың.

— Ооба, окурмандарым. Чындыкты өзүңөрдөң түртпөгүлө!!!

Бакыт Дубашев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17