Аймак

АЙМАКТАР КАНДАЙ ӨНҮГҮҮГӨ МУКТАЖ?

АЙМАКТАР КАНДАЙ ӨНҮГҮҮГӨ МУКТАЖ?

 8,462 Бардыгы /

 

2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Региондорду өнүктүрүү жылы” – деп жарыяланды. 15-февралга чейин Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана иш-чаралардын тиешелүү планы бекитилмей болду. Бизде аймактар кандай өнүгүүгө муктаж? Же болбосо аймактар кайсы тармактан аксайт. Бул жылы аймактарды өнүктүрүү жолунда бирдиктүү жаңыча бир система түзүлөбү, же кийинки жылдары да уланып кетчү түбөлүктүү иш аракеттерге кадам жасалабы азыр белгисиз. Же мурдагы “Тарых жана маданият”, “Ыйман, адеп жана маданият” жылдарындагыдай жалаң гана иш чаралар менен өтүп кетеби?

 Кыргызстанда республикалык мааниде 2, облустук мааниде 12, райондук маанидеги 17 шаар бар. Алардан 29 шаар өзүн-өзү каржылай алат. Ошондой эле жалпы 453 айыл аймак болсо, алардын 380 айыл аймак дотацияда. Башкача айтканда 73 айыл өкмөтү өзүн өзү каржылай алат.

 

Ажымамат ИСАЕВ, Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:

 “ОБЛУСТА 6 АЙЫЛ АЙМАК ГАНА ДОТАЦИЯДАН ЧЫККАН”

 

Жалал-Абад облусунун региондору кайсыл тармактардан аксайт жана дотациядагы айыл аймактардын саны азаябы?

 –Президентибиз тарабынан региондорду бардыгын тегиз, пландуу түрдө өнүктүрүү маселеси көтөрүлгөнү учурдун талабы болчу. Айрым эски түшүнүк менен кайсы бир аймактын өнүгүшү үчүн “ошол аймактан министр, депутаттар чыкса, жан тартат” деген пикирлер бүгүнкү күндө да жок эмес. Географиялык абалына карабай баарына тегиз кароо бул сыяктуу кайчы пикирлерден да арылтат деген ишенимдебиз. Облус боюнча 6 айыл аймак дотациядан чыккан. Алар Каргалуу, Ала-Бука, Көк-Таш, Алмалуу, Базар-Коргон, Каныш-Кыя айыл өкмөттөрү. Ар бир региондун өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Мисалы, тоолуу делген Чаткал району бүгүнкү күндө жакшы өнүгүүдө. Ал жерде облуста жок заманбап спорт сарайлар курулду. Бирок тоолуу шарты оор аймактын өнүгүп жатканы  бир четинен жакшы. Бирок алар азыр алтын кендери менен алдыга жылып келет. Кендер бир күн түгөнөт, биз түпкүлүгүн ойлоп иш кылышыбыз керек. Жергиликтүү шартына карай ал жерде мал чарбасы жана картөшкө өстүрүүнү өнүктүрсө жакшы болмок. Экинчиден Чаткал туризмге ылайыктуу аймак. Ал эми артта калып жаткан аймактар тууралуу айтсам өлкөдө 54 токой чарбасы болсо, алардын 27 си Жалал-Абад облусуна караштуу. Мына ушул токой чарбасы жайгашкан айыл өкмөттөр аксап келет. Бизде 250 000ге жакын калк токой чарбаларынын жеринде жашашат. Ошол эле убакта айыл өкмөтү болуп саналат. Мисалы, Кара-Алма, Кыз-Көл, Курманбек, Кызыл-Үңкүр, Арстанбап, Талды-Булак, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Кара-Жыгач, Жаңы-Жол айыл аймактары. Буларда жер токой фондусуна карайт. Жергиликтүү башкаруу мыйзамдарына ылайык айыл өкмөттөр токой фондусунун жерине ээлик кыла албайт. Аймактарды өнүктүрүүдө мына ушул сыяктуу маселелер каралыш керек.

-Региондорду өнүктүрүү жылына карата кандай иш чаралар каралган?

-Аймактарды өнүктүрүүдө таяныч точкасы катары белгиленген 20 пилоттук шаардын катарына Жалал-Абад областынын 5 шаарынын киргендиги, бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Аталган шаарлар Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Кербен шаарлары жана алардын географиялык, инфраструктуралык жайгашуусу областын баардык аймактарынын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзөт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларынын 2018-2022-жылдарга туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү Стратегиялык программалары иштелип чыгып, бекитилген. Ал эми калган 3 шаардын программаларын иштеп чыгуу иштери аяктоодо. Мисалга алсак, Жалал-Абад шаарынын программасында Сузак, Базар-Коргон райондорундагы айыл чарба продукцияларын терең кайра иштетүү боюнча класстер түзүү, экспортко чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү жана Сузак, Базар-Коргон райондору менен биргеликте туристтик инфраструктураны өнүктүрүү  иштери каралган.

Облустун  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн приоритеттүү  4 багыты бар. Эң биринчи өнөр жай, экинчиден айыл чарбасы, инфраструктура жана туризм багыты. Өкмөттүк деңгээлде чечилчү көйгөйлүү маселелер КРнын Өкмөтүнүн иш чараларына сунушталган.

 

ЭЛЕТТИКТЕР БУЛ ЖЫЛДАН ЭМНЕ КҮТҮШӨТ?

 

Замир МАСИРКУЛОВ, Жаз-Кечүү айылынын башчысы:

“ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ, АВТО ЖОЛУ ЖОК АЙЫЛ”

Кыргызстан боюнча баары бизди “свети жок айыл” деп таанышат. Бул маселе массалык маалымат каражаттарында айтылып, өкмөттүк деңгээлде да көп жылдан бери көтөрүлүп келген маселе. Ошондой эле район менен байланышкан авто жол да жок. Электр энергиясы болбогон. Бул көйгөй бизге түбөлүктүү болуп калгандай. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнө жыйында кайрылгам. “Мен протоколго киргизип, тиешелүү тапшырма берип кетем, кийинки президент сөзсүз бул көйгөйдү чечет” – деп убадасын берип кеткен. Быйыл үмүт менен, региондорду өнүктүрүү жылында жогорудагы маселебиз чечилет деп күтөбүз. 2017-жылы айылга алгачкы ирет 100 орундуу заманбап мектепке жетиштик. Анткени буга чейин мектеп да болгон эмес. Роза Отунбаева тарабынан уюшулган “Жайлоо балдар бакчасы” бир эки жыл жайында иштеди. Тилекке каршы азыр токтоп калган. Бала бакча куруу маселебиз кезекте турат. Мына ушундай шарт менен да тоолуу аймактарга кошулган эмеспиз. Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдилла Нишанов, Мирлан Бакировдор комиссия түзүп, тоолуу аймакка киргизүүнү сунушташкан. Бирок деңиз деңгээлинен бийиктиги жетпей калып калган. Ошентсе да катаал шарттагы аймакка киргизүүгө убада беришкен. Анткен менен азыр облус борборунда кар жок болсо, бизде бир метр кар бар. Ага байланыштуу районго чыкчу жолубуз ашуу аркылуу болгондуктан, жабылып калды. Ат менен өтүүгө да мүмкүн эмес. Эгер жол курулса Жаз-Кечүү айылынан сырткары дагы башка эки айыл пайдалана алмак. Мына ушул аймактарды өнүктүрүү жылында свет, жол көйгөйлөрү чечилээр деген үмүттөбүз.

 

Нурбек САМИДИНОВ, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы:

“ТУРУКТУУ ЖУМУШ ОРДУН ТҮЗҮҮНҮ ПЛАНДАГАНБЫЗ”

Негизи тармактар боюнча көйгөйлөр жок. Таза суу маселеси чечилген.  Быйыл өзгөчө жумуш орду жана бала бакча көйгөйлөрүнө басым жасаганбыз. Эң биринчи кезекте калк үчүн туруктуу жумуш ордун түзүү керек. Быйыл буюрса эки асфальт заводун курабыз. Бул калкты иш менен камсыз кылып гана тим болбостон, бюджетке да жакшы таасирин берет. Ошондой эле 100 орундуу бала бакча куруу боюнча долбоор каралган.

 

 

Кадырбек АКМАТКУЛОВ, Талды-Булак айыл аймагынын башчысы:

“АЙЫЛ АЙМАКТАР МАДАНИЯТ ҮЙЛӨРҮНӨ МУКТАЖ”

Менимче көпчүлүк айыл аймактарда маданият үйлөрү жок. Мен да өзүбүздүн аймакка маданият үйүн курууну көздөп жүргөм. Айыл өкмөттөр эле эмес, жада калса райондордогу маданият үйлөрү аксап барат. Кыргызстанда айыл аймактар маданият үйлөрүнө муктаж. Экинчиден көп жылдан бери айтылып келген бала бакча көйгөйү. Мына ушул негизги маселелер чечилсе, аймактар өнүгүүдөн артта калбайт. Ал эми жашоо шартынан таза суу көйгөйү биринчиде турат. Туура мигранттардын  көпчүлүк, дээрлик бардыгын айыл эли түзөт. Ал үчүн региондордо айыл чарбасы же дыйканчылыкты өнүктүрүү менен тим болбостон, туруктуу жумуш ордун түзүү да максатка ылайыктуу. Мисалы биздин аймак мал чарбасына ыңгайлуу. Андыктан сүт жана мөмө-жемиштерди иштетүүчү заводдорду же жөнөкөй эле иш каналарды айылдарга да курсак болот.

 

Нургазы ЖОЛДОШОВ, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы:

“МЕКТЕП, БАЛА БАКЧАЛАРГА КҮНӨСКАНА КУРУП БЕРЕБИЗ”

Былтыр АРИС программасы менен трактор, комбайн жана башка техникаларды алдык. Айыл чарбасында көп жылдык чөптөрдү эгүү менен иштөөнү пландап жатабыз. Мектептерге жана бала бакчаларга “күнөскана” куруп берүү иштерин караганбыз. Ал эми туризм багытында азырынча чоң иш аракет же план каралбаган. Бирок эс алуу багын калыбына келтирүү, балдар ойноочу аянттарды курууга эки миллионго жакын каражат бөлгөнбүз. Ошондой эле балдар үчүн лагерлерди куруу иштери пландалып жатат.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”  

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17