Аймак

ЖӨЛӨКПУЛ (ПОСОБИЕ) ДЕГЕН ЭМНЕ? Же аны кимдер алууга укуктуу

ЖӨЛӨКПУЛ (ПОСОБИЕ) ДЕГЕН ЭМНЕ? Же аны кимдер алууга укуктуу

 44,101 Бардыгы /

Жаш балдарга жөлөкпул ыйгаруу тууралуу жаңы мыйзам сунушталып, кайра артка кайтарылып алынды. Мыйзамдын чийкилигиби же коомчулуктан нааразычылык болдубу айтор азырынча белгисиз. Бирок жаңы мыйзамдын артка кайтарылганы көпчүлүктү кызыктырып, ошондой эле ал мыйзам иштейби же мурдагы системада калабы? деген суроо көңүл чордонунда турат. Кантсе да, мурда болбогон сүйүнчү акчанын берилери сүйүнүчтүү кабар. Буга чейин жөлөкпул кандай шартта берилип келгени тууралуу маалымат менен эски жана жаңыны салыштырып көрөбүз.

Жөлөк пул деген эмне?

Жөлөк башкача айтканда жардам акча. Кыргызстанда жөлөк пул ыйгаруунун эки түрү бар.  Мамлекеттик жана социалдык. Социалдык жөлөк пул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жетим балдар жана башка жардамга муктаждарга берилет. Ал эми мамлекеттик жөлөк пулга аз камсыз болгон башкача айтканда ар бир мүчөсүнө орточо бир айлык жалпы кирешеси 705 сомдон ашпаган үй-бүлөнүн 18 жашка чейинки балдарына чектелген акча кирет.

ЖӨЛӨКПУЛДУ КИМДЕР АЛУУГА УКУКТУУ?

Эски мыйзам боюнча: Социалдык кызматкерлер тарабынан ар бир үй-бүлөнүн кирешеси эсептелет. Киши башына бөлгөндө ар бирине 900 сомдон ашпаса жөлөкпул чегерилет. Мында ата-энелердин айлык маянасы, эгерде чоң-ата, чоң-энелери менен чогуу жашаса алардын пенсиясы, жер үлүшү болсо, андан түшкөн жылдык киреше да эсептелет. Белгилей кетчү жагдай үй-бүлөнүн казынасында кыймылдуу мүлкү болсо башкача атканда унаасы, мал-жандыгы болсо анда жөлөк пул ала албайт. Ошондо ар бир балага ай сайын 810 сомдон, эгиз болсо 900 сомдон 18 жашка чыкканча чегерилет.

Ал эми сунушталган жаңы мыйзам боюнча жогорудагы шарт абалына карабай Кыргызстандагы бардык үй-бүлөлөр жөлөк пул алууга укуктуу. Бирок жөлөкпул үч этапка бөлүнүп каралган. Сүйүнчү пул жаңы төрөлгөн наристе үчүн бир ирет гана берилет. Ал 2018-жылдын 1-январынан кийин туулган балдарга берилип жатат. Ошондой эле жөлөк пул бала 3 жашка чыкканга чейин айына 700 сомдон. 3 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн көмөк акча каралган. Бирок аны үй-бүлөнүн үчүнчү жана төртүнчү балдарынан баштап аласыз. Бир же эки балалуу үй-бүлөлөр ала алышпайт.

КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

Төмөндө аталган кагаздардын көчүрмөсү керектелет.

-Ата-энесинин паспорту

-Жашаган жеринен тактама

-Балдардын ОМС номери

– Жер үлүшү жөнүндө тактама (эгерде жер үлүшү болсо)

-РеоГАИден унаасы жоктугу тууралуу тактама

-Төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк

-Ата-энесинин ЗАГСы

-Жумушсуздугу тууралуу тактама (эгерде жумушсуз болсо)

-Салыктан тактама

-Социалдык фонддон тактама

-16-жаштан жогорку балдарга окуган жеринен тактама

Жаңы мыйзам боюнча жогорудагы бир катар документтерди топтоонун кереги жок.

 

 

МЫЙЗАМ АРТКА КАЙТАРЫЛДЫ, БИРОК СҮЙҮНЧҮ ПУЛ БЕРИЛЕ БЕРЕТ

Жөлөк пулдар боюнча жаңы мыйзам күчүнө киреби жокпу белгисиз, бирок сүйүнчү акча берилип жатат. Мыйзам убактылуу 1-апрелге чейин артка кайтарылды. Буга негизги себептердин бири аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү башкача айтканда мурда жөлөк пул алып жүргөн 30 миңдей бала жөлөк пул албай калышат. Бирок бул абал сүйүнчү пулга таасирин тийгизген эмес. Анткени сүйүнчүгө нааразычылыктар жок. Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова өз кезегинде тереңирээк талдап, жаңы бир механизмдерди кошумчалоо үчүн 3 айлык мөөнөткө артка жылдырылганын билдирген. Сүйүнчү пул боюнча эч кандай өзгөртүү болбошун айткан. Учурда Жалал-Абад шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгына 15 чакты документ келип түшкөн. Алар 15-февралдан кийин сүйүнчү акчаларын колуна ала алышат.

МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ ЖӨЛӨК ПУЛ АЛЫШПАЙТ

Чет өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп жүргөн кыргызстандыктардын балдарына мамлекет тарабынан жөлөк пул берилбейт. Акыркы расмий эсеп боюнча 740 миң кыргызстандыктар сыртта иштеп жатышат. Ал эми пособие алуу үчүн документтерди тапшырууда сөзсүз атасы же апасы келиши керек. Чоң ата, чоң-энелери кайрылса да болбойт. Ошондуктан көбүнчө мигранттардын балдары жөлөк пул албай келет. Сүйүнчү пул алуу үчүн да социалдык кепилдиктерди чектөө бөлүмүнө сөзсүз түрдө баланын атасы же апасы кайрылышы абзел. Мисалы учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча карасак. Жөлөк акча алуучулардын ата-энелери жер үлүшү бар же жумушсуз деп катталган болот. (Анткени айлык маяна киши башына бөлүп келгенде жок дегенде 900 сомдон туура келет). Жер үлүшү барлар документтерин бир жылда бир жолу, ал эми жумушсуздар 6 айда бир жолу жаңыртып турушу зарыл.

ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Айүмүт АКПАРАЛИЕВА, Базар-Коргон районунун тургуну:

“МУКТАЖДАР ЭМЕС, ЖОЛУН ТАПКАНДАР АЛЫП КЕЛИШЕТ

Жөлөк пул берүүдө толтура түшүнүксүз мыйзамдар бар. Үйүндө машинеси барлар, короосунда мал-жандыгы болсо албайт. Жумушта иштесе да албайт. Бир топ документтерди топтоп барышың керек. Эми карап көрөлү эч жерде иштебеген, жада калса короосунда малы жок адамдар андай документтерди чогултуп барып, жөлөк пул талап кыла алышпайт. Бирок эбин тапкандар мүлкү жок деп тактама жаздырып алып, жөлөк пул алып эле жатышат. Андайды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Чынында мурдагы, башкача айтканда азыркы иштеп жаткан жөлөк пул тууралуу мыйзамда чийкиликтер көп. Бул абалга карап баарына тегиз эле берилгени жакшы деп ойлойм. Бирок жаңы мыйзамда айтылган “үчүнчү баладан кийинкилерине”, “3 жашка чейин эле ала алат” дегендерине таң калдым. Тескерисинче жаш үй-бүлөлөр жардамга муктаж го. Кантсе да, адилеттүү деп мыйзамды иштеп чыгышкандан кийин, анын өз тартибинде иштелишин камсыздаш керек. Жөлөк пул боюнча мурдагы мыйзам өз тартибинде иштей алган эмес, эми жаңысы канчалык күчү жетет ким билет.

Таалай МУРЗАХМЕТОВ, окутуучу: “ЖАШОО ШАРТЫН ТОЛУК ЭСКЕ АЛЫШ КЕРЕК”

Бизде маянаны киши башына бөлүп эсептешет. Андай да албетте үй-бүлө адамдарына миң сомдон ашык да туура келиши мүмкүн. Бирок башка салыктарды, базар баасын, жашоо шарттарын толук эске алыш керек. Мисалы, мен жумушума байланыштуу балдарыма жөлөк акча албайм. Жакында жумуштан чыксам, анда алса болот экен. Төрт балама 3 200 сом жөлөк акча туура келип жатат. Ал балдардын мектепке дептер ручкасына, жол акысына жарап калат экен. Бир тарабынан жөлөк акчанын деле болгону жакшы.

Учурда Жалал-Абад шаарында 695 үй-бүлөдөн  2 064 бала жөлөк пул алат. Райондордо жөлөк пул алуучулардын саны көп. Жөлөк пулдар Социалдык мекемелердин социалдык кепилдиктерди чектөө бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылат. Жогоруда айтылган учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча маалыматтар Жалал-Абад шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери Гулмира РАИМКУЛОВА, Сапаргүл МОЛДОЖАНОВАлардан алынды.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17