Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНА КАРАШТУУ КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР ТОКОЙ КЫЗМАТЫ СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аукцион
Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы маалымдайт
Сынак Бешик-Жон айыл өкмөтү төмөнкү ваканттагы административдик муниципалдык бош кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамына негиз СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ
“КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ”ЖАҢЫ КЫЗМАТТАРДЫ КӨРГӨЗҮҮДӨ!
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУ ЖАНА КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ УКУКТАРДЫ КАТТОО БАШКАРМАЛЫГЫ МААЛЫМДАЙТ
КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Сузак райондук мамлекеттик администрациясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Продается полутораэтажный кирпичный жилой дом.
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ «ИБРАИМ-АТА» БАЗАРЫНЫН СООДА КОНТЕЙНЕРЛЕРИНИН ЭЭЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
Сынак
РАБОТА! В гостиницу Мол-Моль требуется девушка
Продаю дом 4-х ком. Цена:$15 000
Продается 3-х ком. квартира с мебелью в г. Джалал-Абад
InterMedService Эл аралык медициналык борбору өз кызматын сунуштайт
ТЕЗ АРАДА ҮЙ САТЫЛАТ
ЖАСАЛМА АКЧА МЕНЕН ШУГУЛДАНГАНДАР
ЖАЛАЛАБАТ ОБЛАСТЫНЫН ФУТБОЛ ФЕДЕРАЦИЯСЫ ФУТБОЛДУК ТУРНИР ӨТКӨРӨТ

ТАШБАЕВДЕЙ АКЫНДЫН, ТАРЖЫМАЛЫ ТҮГӨНБӨЙТ…

ТАШБАЕВДЕЙ АКЫНДЫН,  ТАРЖЫМАЛЫ ТҮГӨНБӨЙТ…

128 total views, 0 views today

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү акын Кармышак Ташбаев (15.01.1935-ж.-12.01.2018-ж) 83 жашында көз жумду.

 

Мезгил тулпар күч үрөп,

Учуп барат күтүрөп…

Тагдыр берген өмүрдү,

Бирден санап бүтүрөт.

Баскан жолду арытат,

Учсаң канат талытат.

Жүздөгөн жыл жашаган,

Арчаларды карытат.

     К.Ташбаев   

 

              АКЫРКЫ ЖОЛУГУШУУ

2016-жылдын 14-апрели, жаңылбасам ишемби күнү.  Таланттуу акындын үйүнө Ош шаарына бардым. Короосуна кирсем жымжырт. Эшиктери ачык. Кире бериштеги үйүнүн оң капталындагы эшигине баш баксам Кармышак аке уктап жатыптыр. Дароо эле ойгонуп кетти:

Саламатсызбы Кармышак аке, дегенимде

-Рысбайсыңбы?

-Ооба, менмин.

-Ден соолугуңуз жакшыбы?

-Шүгүрчүлүк.

— Өзүң эле келдиңби?

Жубайым Зымырат, балам Алтынбек менен чогуу келдик.

-Жеңең Гүлүмкан базарга кетти эле. Азыр келип калат.

-Сенин келе турганыңды Турабай досуң кабарлады эле.

-Мынчалык дүрбөлөңгө түшүп, жеңемди кайнаганыңыз кандай?

-Ансыз болбойт да.

Кармышак акени жөлөп -таяп  ордунан тургузуп сыртка алып чыктым. Өткөн кеткенден учкай сөз баштасам:

-Кухняны көрсөтүп коёюн. Жеңең келгенче байбичең чай даярдап турсун. Аны өзүм эле даярдап коём Кармышак аке. Ошентип чай кайнады. Бир куюмдан чай ичтик. Пиялага арак куюп сундум.

-Кармышак аке, бул уу эмес. Жалал-Абаддын эле арагы..

Сага ишенем иним, ыракмат, -деп алигини алып жиберди. Аңгыча жеңебиз Гүлүмкан базардан келип калды. Алып келгенинин бардыгын дасторконго жайды. Кармышак акеге анча-мынча суроо менен кайрылып жаттым. Анын жооптору дале көңүлүмдө, жүрөгүмдө. Кези келгенде кененирээк айтылар. Аңгыча эле досум Турабай Жороев, анын артынан ага удаалаш эле мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Акимбаев келип калды. Алар да мага окшоп кабар алганы, абалын сураган келишкен окшойт. Ошондо Орозбек агам:

Рысбай иним, сага чоң ыракмат. Ошто жашап жатып  Жалал-Абаддыктардан кеч калыпбыз. Андан көрө биз менен чогуу болуп, сыйыбызды көрүп кетиңиздер.

Ыракмат Орозбек аке! Мурда келген конок кийинки конокту жактырбайт, — десем олтургандар бирин бири карап калышты. Жеңем Гулүмкан Кармышак акенин үстү-башын ырастан койду. Ошондо:

Жеңе, Жалал-Абаддан алып келген калпакты жок дегенде бир күн Кармышак аке башынан түшүрбөй кийип турсунчу,- десем.

Ошондой  болот. Былтыр да, быйыл да агаңдан кабар алып олтурасың. Аныңа чоң ырахмат.

Ошол ошол болду Кармышак акени андан кийин көргөн да, баарлашкан да жокмун. Көзү өткөндө кабарлап койгон бир жан болбогонуна өкүнөмүн…

 

АЛГАЧКЫ УЧА БӨЛГӨНҮМДӨ

2013-жылдын Октябрь айынын орто чени. Кыргызча аттын кашкасындай таанымал акын, барпычы Түмөнбай Байзаковдун 90 жылдыгы Жалал-Абадда Барпы театрында болуп өттү. Үч сааттан ашуун эскерүү кечесинде залкар акын макталды, бир жагынан даңкталды. Бишкектен, Оштон коноктор келишип, эскерүү кеченин көркүн ачышты. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыжапар Жаныбеков коноктордун башын агартып  калпак, тон кийгизип барпылыктардын баркын көтөрдү. Оштон он чакты акын-жазуучулар барганбыз. Бардыгыбыз болбосо да жарымыбыз сахнада сүйлөдүк. Мен болсо “Куудул сөздүн маршалы” аттуу Т. Байзаковго арнаган ырымды окудум. Кечеден соң “Дастан” ресторанында чай беришти, сыйлашты. Оштон баргандар чогуу бир үстөлдө олтурабыз. Учаны Кармышак акеге тартышты. Жанында (оң жагында) мен олтурганмын. Мага Кармышак аке учаны бөлүштүр деди. Бөлдүм. Байкашымча уча он килодон кем эмес. Өмүрүмдө биринчи жолу уча бөлүшүм. Бир үстөлдө он бир адам элек. Дагы үч-төрт үстөлдө олтурган конокторго учадан ооз тийгизип коёюн деген ой келди. Анын үстүнө бир аз күүлөнүп алгамын. Көрсө, салт боюнча уча тартылган адамга жарымын калтырышым керек экен. Мен тескерисинче бардыгына тегиз бөлүштүрүп, К. Ташбаевге бир килодой эле калтырыпмын. Жалал-Абаддан Ошко келгенче калемдештерим мени көкөлөтүп мактап келишти. Терең ой жүгүртүп көрсөм жоомарттыгымды, марттыгымды көрсөтүпмүн. Ошко келип басмакананын ашканасында “учаны” “жууп” атканда Кармышак аке:

-Бир жагынан Рысбай иним туура кылды. Антпесе да болбойт эле.

Ошондо айткан сөздөрү күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бул жөнөкөйлүктүн, адамгерчиликтин белгиси. Эгер башка бирөө болсо акшырайып тиктемек, керек болсо тилдемек. Ошондон улам Кармышак акенин кең пейилдүүлүгүнө, байлыкка болгон терең түшүнүгүнө чексиз баа берип, бир жагынан талантына, экинчи жагынан топуктуу экендигине таазим этип келем. Бул устатым жөнүндөгү бир гана көз ирмем. Алдыда айтыла турган сөз, жазыла турган чыгармалар аз эмес…

 

АКЫНДАРДЫН КЕМЕНГЕРИ ДЕСЕМБИ?…

Ажалдын торунан эч ким чыга албайт,

Армансыз бул дүйнөдөн кете албайт.

Ак тилегин жаадырса да нөшөрдөй,

Ааламга бүт үнү деле угулбайт.

 

Акылдуубу, кеменгерби кезинде,

Ак кызматын өтөп келсе элине.

Келечегин өз элинин ойлогон,

Кыраандарды эске албайбыз эмнеге?

 

Ташбаевдин таарынычы ичинде,

Токтоолугу калды элдин эсинде.

Элдик акын болбодум деп кысылып,

Эзилбеди, кейибеди эч кимге!…

 

Баш көтөрүп басып жүрсөк пендебиз,

Баардыгыбыз кыргыздарга керекпиз.

Көксөсөк да көккө канат кагууну,

Көйгөйлөрдү бетке кармап келебиз.

 

Ташбаевди таарынтса да бийлигиң,

Ташыркабай деле болсо келебиз.

Таланттууну басынтсак да барктабай,

Туудай бийик дайым сезип жүрөбүз.

 

“Сагынуудан” наам алышып канчасы,

Сыйлык менен сыймыктардан баркталды.

Сезиминде жанган оту акындын.

Суу сепкендей өчүп азыр калабы?

 

Ордолуу Ошто, бүт аймакка угулган,

“Ордендүү Ошум” мекенимин унутсак.

Маңкурт болуп калбайбызбы замандаш,

Мажирөөлүк күчөбөйбү кыйындап?

 

Алп таланттын арманы ичте кеткендир,

Анын айтсам сөз келгенде себебин.

Ак кызматын эске албай койгондор,

Ар-намыска эрте-кечпи келерин.

 

Ыр чачыла чачып келсе калкына,

Ыроолосо жан дүйнөсүн жалпыга.

Жүрөгүнө бөксөөлүктү кептелтип,

Жетпедикпи чыгаан акын баркына?…

 

Кармышактын кадыры бар, баркы бар,

Кылымдарга улам-улам айтылаар.

Ырасында магниттей тартуучу,

Ырларында өчпөй турган жалын бар!

 

Экинчи өмүр уланганда жаңыдан,

Эбегейсиз  ченемдиктер табылат.

Элдик акын болбосо да кезинде,

Эл ичинде калыс сөздөр айтылат.

 

Какшасак, кайгырсак да канчалык,

Кармышактай акын азыр табылбайт!…

Туура сөздү тартынбастан айтканда,

Ташбаевдин арбагы да таарынбайт.

Рысбай ЖУМАБЕКОВ, акын жана журналист

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17