Аймак

ТАШБАЕВДЕЙ АКЫНДЫН, ТАРЖЫМАЛЫ ТҮГӨНБӨЙТ…

ТАШБАЕВДЕЙ АКЫНДЫН,  ТАРЖЫМАЛЫ ТҮГӨНБӨЙТ…

 3,473 Бардыгы /

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү акын Кармышак Ташбаев (15.01.1935-ж.-12.01.2018-ж) 83 жашында көз жумду.

 

Мезгил тулпар күч үрөп,

Учуп барат күтүрөп…

Тагдыр берген өмүрдү,

Бирден санап бүтүрөт.

Баскан жолду арытат,

Учсаң канат талытат.

Жүздөгөн жыл жашаган,

Арчаларды карытат.

     К.Ташбаев   

 

              АКЫРКЫ ЖОЛУГУШУУ

2016-жылдын 14-апрели, жаңылбасам ишемби күнү.  Таланттуу акындын үйүнө Ош шаарына бардым. Короосуна кирсем жымжырт. Эшиктери ачык. Кире бериштеги үйүнүн оң капталындагы эшигине баш баксам Кармышак аке уктап жатыптыр. Дароо эле ойгонуп кетти:

Саламатсызбы Кармышак аке, дегенимде

-Рысбайсыңбы?

-Ооба, менмин.

-Ден соолугуңуз жакшыбы?

-Шүгүрчүлүк.

– Өзүң эле келдиңби?

Жубайым Зымырат, балам Алтынбек менен чогуу келдик.

-Жеңең Гүлүмкан базарга кетти эле. Азыр келип калат.

-Сенин келе турганыңды Турабай досуң кабарлады эле.

-Мынчалык дүрбөлөңгө түшүп, жеңемди кайнаганыңыз кандай?

-Ансыз болбойт да.

Кармышак акени жөлөп -таяп  ордунан тургузуп сыртка алып чыктым. Өткөн кеткенден учкай сөз баштасам:

-Кухняны көрсөтүп коёюн. Жеңең келгенче байбичең чай даярдап турсун. Аны өзүм эле даярдап коём Кармышак аке. Ошентип чай кайнады. Бир куюмдан чай ичтик. Пиялага арак куюп сундум.

-Кармышак аке, бул уу эмес. Жалал-Абаддын эле арагы..

Сага ишенем иним, ыракмат, -деп алигини алып жиберди. Аңгыча жеңебиз Гүлүмкан базардан келип калды. Алып келгенинин бардыгын дасторконго жайды. Кармышак акеге анча-мынча суроо менен кайрылып жаттым. Анын жооптору дале көңүлүмдө, жүрөгүмдө. Кези келгенде кененирээк айтылар. Аңгыча эле досум Турабай Жороев, анын артынан ага удаалаш эле мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Акимбаев келип калды. Алар да мага окшоп кабар алганы, абалын сураган келишкен окшойт. Ошондо Орозбек агам:

Рысбай иним, сага чоң ыракмат. Ошто жашап жатып  Жалал-Абаддыктардан кеч калыпбыз. Андан көрө биз менен чогуу болуп, сыйыбызды көрүп кетиңиздер.

Ыракмат Орозбек аке! Мурда келген конок кийинки конокту жактырбайт, – десем олтургандар бирин бири карап калышты. Жеңем Гулүмкан Кармышак акенин үстү-башын ырастан койду. Ошондо:

Жеңе, Жалал-Абаддан алып келген калпакты жок дегенде бир күн Кармышак аке башынан түшүрбөй кийип турсунчу,- десем.

Ошондой  болот. Былтыр да, быйыл да агаңдан кабар алып олтурасың. Аныңа чоң ырахмат.

Ошол ошол болду Кармышак акени андан кийин көргөн да, баарлашкан да жокмун. Көзү өткөндө кабарлап койгон бир жан болбогонуна өкүнөмүн…

 

АЛГАЧКЫ УЧА БӨЛГӨНҮМДӨ

2013-жылдын Октябрь айынын орто чени. Кыргызча аттын кашкасындай таанымал акын, барпычы Түмөнбай Байзаковдун 90 жылдыгы Жалал-Абадда Барпы театрында болуп өттү. Үч сааттан ашуун эскерүү кечесинде залкар акын макталды, бир жагынан даңкталды. Бишкектен, Оштон коноктор келишип, эскерүү кеченин көркүн ачышты. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыжапар Жаныбеков коноктордун башын агартып  калпак, тон кийгизип барпылыктардын баркын көтөрдү. Оштон он чакты акын-жазуучулар барганбыз. Бардыгыбыз болбосо да жарымыбыз сахнада сүйлөдүк. Мен болсо “Куудул сөздүн маршалы” аттуу Т. Байзаковго арнаган ырымды окудум. Кечеден соң “Дастан” ресторанында чай беришти, сыйлашты. Оштон баргандар чогуу бир үстөлдө олтурабыз. Учаны Кармышак акеге тартышты. Жанында (оң жагында) мен олтурганмын. Мага Кармышак аке учаны бөлүштүр деди. Бөлдүм. Байкашымча уча он килодон кем эмес. Өмүрүмдө биринчи жолу уча бөлүшүм. Бир үстөлдө он бир адам элек. Дагы үч-төрт үстөлдө олтурган конокторго учадан ооз тийгизип коёюн деген ой келди. Анын үстүнө бир аз күүлөнүп алгамын. Көрсө, салт боюнча уча тартылган адамга жарымын калтырышым керек экен. Мен тескерисинче бардыгына тегиз бөлүштүрүп, К. Ташбаевге бир килодой эле калтырыпмын. Жалал-Абаддан Ошко келгенче калемдештерим мени көкөлөтүп мактап келишти. Терең ой жүгүртүп көрсөм жоомарттыгымды, марттыгымды көрсөтүпмүн. Ошко келип басмакананын ашканасында “учаны” “жууп” атканда Кармышак аке:

-Бир жагынан Рысбай иним туура кылды. Антпесе да болбойт эле.

Ошондо айткан сөздөрү күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бул жөнөкөйлүктүн, адамгерчиликтин белгиси. Эгер башка бирөө болсо акшырайып тиктемек, керек болсо тилдемек. Ошондон улам Кармышак акенин кең пейилдүүлүгүнө, байлыкка болгон терең түшүнүгүнө чексиз баа берип, бир жагынан талантына, экинчи жагынан топуктуу экендигине таазим этип келем. Бул устатым жөнүндөгү бир гана көз ирмем. Алдыда айтыла турган сөз, жазыла турган чыгармалар аз эмес…

 

АКЫНДАРДЫН КЕМЕНГЕРИ ДЕСЕМБИ?…

Ажалдын торунан эч ким чыга албайт,

Армансыз бул дүйнөдөн кете албайт.

Ак тилегин жаадырса да нөшөрдөй,

Ааламга бүт үнү деле угулбайт.

 

Акылдуубу, кеменгерби кезинде,

Ак кызматын өтөп келсе элине.

Келечегин өз элинин ойлогон,

Кыраандарды эске албайбыз эмнеге?

 

Ташбаевдин таарынычы ичинде,

Токтоолугу калды элдин эсинде.

Элдик акын болбодум деп кысылып,

Эзилбеди, кейибеди эч кимге!…

 

Баш көтөрүп басып жүрсөк пендебиз,

Баардыгыбыз кыргыздарга керекпиз.

Көксөсөк да көккө канат кагууну,

Көйгөйлөрдү бетке кармап келебиз.

 

Ташбаевди таарынтса да бийлигиң,

Ташыркабай деле болсо келебиз.

Таланттууну басынтсак да барктабай,

Туудай бийик дайым сезип жүрөбүз.

 

“Сагынуудан” наам алышып канчасы,

Сыйлык менен сыймыктардан баркталды.

Сезиминде жанган оту акындын.

Суу сепкендей өчүп азыр калабы?

 

Ордолуу Ошто, бүт аймакка угулган,

“Ордендүү Ошум” мекенимин унутсак.

Маңкурт болуп калбайбызбы замандаш,

Мажирөөлүк күчөбөйбү кыйындап?

 

Алп таланттын арманы ичте кеткендир,

Анын айтсам сөз келгенде себебин.

Ак кызматын эске албай койгондор,

Ар-намыска эрте-кечпи келерин.

 

Ыр чачыла чачып келсе калкына,

Ыроолосо жан дүйнөсүн жалпыга.

Жүрөгүнө бөксөөлүктү кептелтип,

Жетпедикпи чыгаан акын баркына?…

 

Кармышактын кадыры бар, баркы бар,

Кылымдарга улам-улам айтылаар.

Ырасында магниттей тартуучу,

Ырларында өчпөй турган жалын бар!

 

Экинчи өмүр уланганда жаңыдан,

Эбегейсиз  ченемдиктер табылат.

Элдик акын болбосо да кезинде,

Эл ичинде калыс сөздөр айтылат.

 

Какшасак, кайгырсак да канчалык,

Кармышактай акын азыр табылбайт!…

Туура сөздү тартынбастан айтканда,

Ташбаевдин арбагы да таарынбайт.

Рысбай ЖУМАБЕКОВ, акын жана журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17