Аймак

Менин көздөрүм…

 3,422 Бардыгы /

Менин көздөрүм ар бир жааган карга, ар бир жолу нөшөрлөп жааган жамгырга сүйүнөт.
Ар бир көргөн ташты да, талды да, куурайды да акыркы жолу карап жаткандай жанынан өтө берем.
Ар бир күнүм, ар бир жашап жаткан күнүм, эч качан кайталанбасын билем.
Ар бир айтылган сөз да акыркысы, ар бир сүйүүм, ар бир жек көрүүм да кайталангыс деп түшүнөм.
Бүгүн жолуккан адамдарыма качандыр бир жолугарымы ким билет???
Демек, эгер бирөөнү таарынткан болсом, андан дароо кечирим сурап коюшум кажет.
Адамдардын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп бербесем, анда менин эмнем адам???
Бирок, жек көрүүдөн Кудай сактасын, ар бир ачуу сөз албетте жүрөк тилет…
Ойлойм, бирөөлөрдүн жүрөгүн оорутуп алгандар качандыр бир жаӊылганын түшүнөт, билет.
Менин көздөрүм менден да акылдуу, жароокер, мээримдүү, ал баарына кубанат, сүйүнөт.
Менин жүрөгүм ар бир күнү кайталанбасын, ар бир ирет жүрөктүн согушу акыркысы деп билет…

Болот Таштаналиев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17