Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,540 Бардыгы / Эл турмушу дайымкыдай тынч өтүп жаткан. Согуш апаатынын жалыны кыргыз элин да чапчып өттү. Тынч жаткан элдин үрөйүн учуруп, төбө чачын тик тургузган кабар угулду. Согуш… Бул сөздү укканда үстүңдөн муздак суу куюп жибергендей болуп денең калчылдай түшөт. 1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия СССРге кол салды. Ага ойносо оюнга тойбогон өспүрүмдөрдөн баштап, солкулдаган жаш […]
3,541 Бардыгы / Эл турмушу дайымкыдай тынч өтүп жаткан. Согуш апаатынын жалыны кыргыз элин да чапчып өттү. Тынч жаткан элдин үрөйүн учуруп, төбө чачын тик тургузган кабар угулду. Согуш… Бул сөздү укканда үстүңдөн муздак суу куюп жибергендей болуп денең калчылдай түшөт. 1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия СССРге кол салды. Ага ойносо оюнга тойбогон өспүрүмдөрдөн баштап, солкулдаган жаш […]
ЭРДИКТЕРИ – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ САЛГАН
10.05.2018 / Автор aymak3,542 Бардыгы /
Эл турмушу дайымкыдай тынч өтүп жаткан. Согуш апаатынын жалыны кыргыз элин да чапчып өттү. Тынч жаткан элдин үрөйүн учуруп, төбө чачын тик тургузган кабар угулду. Согуш… Бул сөздү укканда үстүңдөн муздак суу куюп жибергендей болуп денең калчылдай түшөт. 1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия СССРге кол салды.
Ага ойносо оюнга тойбогон өспүрүмдөрдөн баштап, солкулдаган жаш жигиттерди алып кете баштады. Атаны – үй-бүлөсүнөн, баланы – энесинен ажыратты, канчалаган үй-бүлөлөр бүлгүнгө учурады. Алар жеңишти эртең эле алып келебиз деген ой менен жөнөштү, а бирок, жеңишке жетүү оңой болгон жок.1418 күн кан майданда жүрүп “мекен үчүн өлүмгө да даярбыз” деген ураан менен күрөшүштү. Алардын арасынан токтолуп өтсөк Дайыр Асанов артиллерист наводчик 4 сааттык согушта душмандын 8 танкын, 6 машинасын, 40 фашистти жок кылды, кавказ үчүн согушта Акын Садырбаев шамдагайлык кылып ага карата атылган душмандын 16 гранатасын тосуп алып кайра душмандарга ыргыткан, 17- граната анын колунда жарылып мерт кеткен.
Адамзат тагдырында эң көп кан төгүлгөн согуш болду, жалпысынан СССРдин 27 млн. жоокери набыт болгон. Кыргызстандан 360 миңден ашуун аскерлер барып, 80 миңден ашыгы кайтпай калган. 73 баатырга СССР баатыры деген наам ыйгарылса, 100 миңден ашууну ар түрдүү орден медалдарга ээ болгон. Бул да болсо жеңишти өтө кыйынчылык менен алганды далилдейт. Жеңиш фронттогу жоокерлердин гана эмес тылда аскерге керектүү ок-дары, гранаталарды, кийим – кечени, тамак –ашты даярдап берген аялдар жана балдардан эмгегинин ширелүүсүнүн натыйжасы. Алар эмне деген кыйынчылыкты көрүшпөдү, аялдар алсыздык деген нерсенин ордуна өздөрүн бийик тутуп демилгени колго алып, ”фронт үчүн” деген ураан алдында күжүрмөн эмгектенди. Башын өлүмгө байлап барып, эл жери үчүн күрөшүп, жаштык доорун сүрөөр мезгилде колуна курал кармап, душман менен тирешип, зор эрдик көргөзүштү. Өкүнүчтүүсү айрымдары ден-соолугунан ажыраса, көптөрү а түгүл кайтпай калган. Азыр да алардын саны эл арасынан суюлуп барат. Ардагерлерди көрсөң бырыш түшкөн бети азаптарга чыдап, келечек үчүн чын дилден күрөшкөнүнүн белгиси, көзүндө болсо “тынчтык гана болсун “ деген жалын балбылдап жанат. Алар алааматты эстегиси келбейт, сурасаң андагы жакын санаалаш досторунун көз алдында душман огунан жан бергени, жоокерлердин жарат алганы, танка, замбиректин атылган үндөрү элестеп көзүнө жаш толо түшөт.
Тынчтык үчүн бүт азапка чыдаган ,
Биздин чепти чачпай кайра кураган.
Силерсиңер сыймыгы СССРдин,
Силерсиңер сыймыгы бүткүл элдин.
Бизге бул тарыхтын улуу сабагы бойдон кала берет. Келечектеги муундарга жыргал жашоону камсыз кылган, канчалаган чоң аталар ак жеринен кан майданда окко учуп кетти. Аларды эсибизде сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин милдет. Эрдиктери кечээги тарых, бүгүнкү жыргал жашоо, эртеңки күнгө жол салган жаркын үмүт. Ыраазыбыз жаркын келечек , эркиндик тартуулаганы үчүн!!!
Карабаева Акылай, ЖАМУнун филология факультетинин студенти
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
-
28.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.