Аймак

ТЕРДЕН БҮТКӨН БАК

ТЕРДЕН БҮТКӨН БАК

 3,665 Бардыгы /

 

Абжалбек багбан бул секче болуп калган тоо боорундагы жайыкка эрте кеч келип көк шиберге кынтая жатып айланага көз чаптырып ойлуу олтурууну адатка айлантып алгандай. Бул мойноктун үстү деп аталган жер Көк-Арт дайрасынын түндүк чыгышына карай созулуп жаткан дайранын оң ыптасынан орун алган. Көк-Арт дайрасы так ушул жерге келгенде буулуп тосулуп суу бөлүштүрүүчү жайлар орун алган. Дайранын кирген кези май июнь айларына туш келип сайдын аркы өйүз берки өйүзүндөгүлөрдүн байланышы кыйындаган күндөр көп болот. Суу ылдыйлап барганда элди каптап көптөгөн түйшүктөрдү салчу. Жай келген сайын суусу тартылып азайып ушул тосмонун жогор жагынан топтолгон суу айылдарга бөлүнүп эгин талааларын сугарганга ылайыкташкан. Ушул өрөөндүн күрөө тамыры деп койсок да болот. Жээк бойлото өскөн сай талдар жалпыз, балкамыштар жана башка түрдүү чөптөрдүн мекениндей көк майсаң болуп турат. Ошондонбу айтор адам эмес бүтүндөй жан жаныбарлардын жайлаган мекенине айланат. Эрте жаздан кеч күзгө чейин жык жыйма болуп тынчыбайт. Жай аптабынын ыссыгына күйүгүп көл шал болуп тердеп турса да, күн кечтегенде Көк-Арттын тоо аралап келген муздак желине сергий түшүп жаны сер алып калат. Ошондуктан Көк-Арттын оң жээгинде жайгашкан айылдын эли азыр Көк-Арттын шамалы сергитет деп сыймыктанышат. Айрыкча күн тоо артына ылдыйлап калганда, Алтын сымал нурлары талааны бир укмуш түскө бөлөп кооз көрүнөт. Жашыл сары кызыл болуп, бөксө тоолордун сөлөкөтү жабылып заматта өрөөнгө көлөкө түшүп, күндүн нурлары серүүн тоолорунун баштарына оошуп андан ары бийик аска зоолорго сиңип жок болгондой сезилет. Каптап келген көлөкө бүтүндөй жарыктыкты жутуп алгандай акырындап инир кирип, жашыл талаа заматта кооздугун жоготуп караңгы түн каптап, магдыраап жатып тынчып калат. Тоого жакын айылдардын өзгөчөлүгү ушундабы деп койом. Абжалбек эрте туруп, амансынбы жаркыраган алтын нурлуу күнүм деп учурашат. Болгон иштин барын күн көтөрүлгөнчө бүтүрүп койчу. Күн улам жогорулаган сайын боксо тоолордун жайы ысык болгондуктан,аптап күчөп, айланадагы көк ирим жашыл талаалар, жашылданып Көк-Арттын муздак соккон желине баш ийип саламдашып жапырылып ийилишсе, айрыкча шалы талаалары зарыгып күткөндөй баштары палга тийгенче ийилишет. Ошол олтурган секиден күн  чыгыштан Уйрум баш жайлоосу андан ары Кызыл-Суу, Көк-Арт жайлоолору кел мында жайлап кумарыны ач дегендей заңкайышат. Согуш жылдарындагы андан кийинки оор күндөрү эмдигиче эсинен чыкпай көз алдына тартылат. Абжалбек апасы өткөндөн бери атасы экөө жалгыз жашоочу. Буга көнүп да калды. Бир жагынан эжеси жакын жерде жашагандыктан, ысык-жылыктан кыйналчу эмес. Эртең менен эрте туруп майда чүйдө үй тиричилигин бүтүрүп атасына чоң жардамчы болгон. Максатсыз көчөдө аркы терки басып жүргөндү жакшы деле көрбөйт. Эмгекчил болуп өсүп жатат. Жездеси колхоздун жылкысын бакандыктан, жай мезгилинде жайлоодо жардамдашып келчү. Жылкычы малчынын да оор турмуштарын көрүп турмуштун оңойу жок экенине көзү жетип калган. Жэздеси Туко менен ынак, айтор ага инидей жашап келет. Айткан сөздөрүн кынтыксыз аткарып жумуштарын бүткөрөөр эле. Дегиңкиси кичи пейил илбериңки бала, өзүнөн улуу адамдардын сөзүн эки кылчу эмес. Саламкөй ыймандуу саламынан эч айныбайт. Ошондонбу ким билет айыл  боюнча Абжалбек, Абжалбек деп улуу кичүү баары сыйлачу. Иши менен элге жаккан эмгекчил адам. Мындай адамдардан эл жеринин наамысын коргоп намыскөй азаматтар чыгып эл да ишеним артат экен. Өмүрүн берсин жамандык көрбөсүн деп улуу кичүү баары алкап турчу. Уулум эл башы болгончо, суу башы бол деген сөз бар. Бул да жок жерден чыкпаса керек. Суу бар жерде өмүр уланат балам деп атасы көп айтчу. Ата сөзүн кулагына илип жүрөгүнө сактаган экен мына эми эмгектин үзүрүн көрөөр кез келип калды. Шыбак менен кангактан башка эч нерсе өспөгөн жерге, билектей суунун жардамы менен көгөртүп, өжөрлөнө эмгек кылып келди. Канчалаган кыска ойлуу кара ниет адамдардан суунун баарын бакка буруп элдер суусуз калды дегендер болбоду. Суусу айланып кайра эле ошол чоң арыкка түшчү. Мындай сөз да жаттан эмес өздөн чыкканына өрттөнүп күйөсүн. Пенде да деп тим болосун.

Абжалбек мойноктун көчүшүн жалгыз гана бак эгин токтоторуна көзү жетчү.Бул да өзүнчө көп окуп көзү ачылгандыктын белгисидир. Бирок ага көп эмгек көптөгөн тер төгүлүүгө тийиш болоорунда сезчү. Ошондой болсо да жалгыз үй болуп көчүп келип иш баштады. Эмне деген сөздөр айтылбады. Улгайып калганда элден бөлүнүп ээлүү жерге барып эмне кылат дешти оозуна алы жетпегендер. Бирок Абжалбек көздөгөнүн бербей эмгек кылды. Мойнок көчүп жогору жак ылдый жак  каттоого мүмкүн болбой калган күндөр болгон. Аны да ар нерседен бир нерсеге жооруп ал жердин ээси бар, ал козголгондо жер көчөт. Көрүп келгендей жобурашчу. Ээси кара тайган экен  деп көбүртүп жабыртып жүрөктүн үшүн алчу. Ал жердин ээси эмгек эмгектин ээси адам экен го. Канчалаган адамдардын сообуна калды. Жол салып суу чыгарып, бак тиккен бул сооптун сообу экенин  биле жүрсөк кана. Эрте кеч,балакы жангактарга мисте алмаларга,чакалап суу куйуп жүрүп өстүргөн  бак көзгө сүйкүмдүү көрүнүп айлана төгөрөгү жашылдана баштагандан көрө албастардын котур таштары койкоңдоп ойной баштады. Эгер бүткүл дүйнөнү жашылдандыруу ойлору ишке ашпаганда Абжалбектин пегасы өчүп кылган иши таш капмак. Дүйнөлүк коомчулук колдоп, бул кишиден үйрөнчү нерсе көп экен, ыкмаларын жайылтуу керек дегенде кана, жаман ойлогондордун ойлору таш капты. Бул да болсо бакыт эле. Бактысын эмгектен кана тапты. Орто мектепти да эң жакшы деген баалар менен аяктап, агрономия бөлүмүнө тапшырып окуп жаткан жеринен жалгыз бой карыган атасын кароого эч ким жок, айласыздан ушул механизаторлуктун тездетилген курсун бүтүп айылына кайткан эле. Бели ката электе эмгекке тез аралашкан. Жакшылык жамандык бирге жүрөт деген ушул. Абжалбектин ынды өчүп духу түшө баштаганда пилигин көтөрүп  жалынын улап койду. Мындан ары жалындуу эмгек кана бактысын ачаарына ынанып калды. Жездеси Туко менен кавалерияга анда (РКК) деп койчу Улуу  Ата мекендик согушка улоо аттарга укурук салып, сүйрөлсө да чарчатып улоону таптап, жөнөткөн күндөрү эсине түшөт. Ошондон ойлоп коёт өжөрлүк  эмгектин башаты болууга тийиш деп. Жездеси кээде бош келсең айланы кетирип кыйнап койот чыйрак бол дечү.Туко жездесине ошол айткан сөздөрүнө ыраазы болуп кетет. Көзүң жетеби, башта. Көзүң жетпейби? Анда айлоп акыл калча деп калчу. Мындай кылса болот,тигиндей кылса болот деген увайсыган сөздөн качкын. Күндүн алтын нурлары мойноктун желкесине чачырап, эми кана айланада жашоо башталгандай болуп, Көк-Арт дайрасы үстү да саамга жымжырт боло түшкөндөй болот. Ал эми бет мандайдагы созулуп жаткан эгин талаалары күн көтөрүлүп ысып келе жатканын сезгендей бүгүн да ысык болот экен дегенсийт. Аптаптын илебин сезгендей бүтүндөй талаа эгин тигиндери бойго жеткен сулуу кызга сылык сыпаа баш ийгендей мойноктун сулуу адыры турду. Май айында мойноктун үстүн бүтүндөй кызгалдак гүлү ээлеп, төмөн жактан кызыл тукаба жапкандай көрүнөт. Кооздугунан баш айланат. Асман таза болгондуктан, мына бизда барбыз дегендей эки куш көктө ойун кумарына батып бир биринен ажырабай кубалашып кубаныч толкунуна батып кайкып учуп жүрдү. Кээде канаттарын какпастан кайкып учушуп жаштыктын бир кумарынан чыга албагандай, бир сыйкырлуу кумарлуу дүйнө алардын сезимдерин ойготуп тургандай бир бирине жанаша калып жалындуу отко күйгөндөй кайра ажырай калып, тик учушуп, кайрадан заматта бири бирин сагынгандай кумарлуу көздөрү менен бир бирине ыктап сулуулугуна тойбогондой суктанып карап калышат. Бул жалганда да баардык нерсени аяп, сүйүп мамиле кылбаса майнап чыкпасына көзү жеткендей. Эч нерсе өспөйт деген аптаптуу ысык адырдын бооруна тигилген түркүн түстүү бак дарактары, сизден жылуулук тартууланса бизден да кайтарым болот дегендей, Көк-Арттын керимсел желине ыргала жалбырактары дирилдеп, бир укмуш көрүнүштү тартуулайт. Абжалбек эми тиккен бактарынын ар бирин көздөн өткөрүп сүйлөшкөндөй болуп, суйсалып жыл өткөн сайын жаш кыздардай көркүнө чыга баштаганына кубангандай жалгыз аяк жол менен, мойноктун үстүноө үйүн көздөй түшүп бара жатты. Эрте турганга Алла Таала да ырыскысын чачат. Ушул сөзгө байланып күн көтөрүлгөнчө баардык ишин жайгарып жымсалдап койчу. Жашынан бирге өсүп, турмуштун ачуу таттуусун бирге татып калган аялынын эрте мененки нануштасына түшүп бара жатып атасынын айткан сөзү эсине келди.

– Канчалык  жакшы көрсөң да аялыңды көп  эркелете бербе деди көңүлүмдү муздатып, бабалардан калган сөз бар, сыйла бирок чаңын күүп, кагып турбасаң болбойт. Чымындатпай когонун күүп туруу керек.

– Муну да башкара билүү керек.

– Эмнеге?

– Бул сөздүн баркын кийин билесиң? Ошондо менин жомогумду эскересиң. Анан менин айтканымды эстейсиң. Чындап ошол күн качан болот деп жүрдүм. Кийин атам дагы бир сөз айтты. Кулагыңа түйүп жүр. Аял кишиге өтө аяр мамиле керек. Болобосо ал сени тили менен жеп мээңи чагып, сени бар же жок кылат. Эрди жер кылганда аял, бар кылган да аял экенин эсиңде болсун.

– Кантип эле ошончолукка барсын? Ал менин сүйүп алган жарым да, ал жылан эмес да. Бир жанымды онго жеткирген жакын адамымда?

– Ээ көк мээ, бул байыртадан бери турмуштан алынып элге сиңип жомокко айланган. Баарын сарасеп салып билип жүргөн жакшы.

– Жомок жок жерден жаралбайт. Чектен чыккан да аял, чепти бузганда аял болот. Муну кулагына түйүп жүр. Көрсө атам турмушту алдына ала көрө билген тура. Башынан өткөн табып деген ушул. Эми эстесем атам туура айткан экен. Биз баш кошкон түнкү жомок башка турмуш жомогу башка болуп, тили узарып баарын мен кылып жатам сенин барынан жогуң, эмнени кылдың десе аң таң болуп ичимен бышып калаарымды кайдан билдим. Ошондон  айткан тура атам байкуш. Баарын билип аялга аяр мамиле жасап сыртан бол. Аялды башынан башкар. Тилине чагылып калгандан кийинки башкарганынан майнап чыкпайт. Эсиңде болсун дегенин эстеп атамды аяп кетем. Аялды алып келгени эсептелүү эркектиги эсепсиз болот экен. Атамдын берген тереги болбосо үйүн бүтмөк эмес, мен бар экенмин мына сен адам болуп отурасың. Бирок Абжалбектики андай болбоду. Жалгызды кудай колдойт болуп, уулу тилден кудай сактады. Он баланы тарбиялап сен менге келишпеди, бирин бири колдоп өлөк жөлөк болуп өмүр сүрүп келишет. Турмуштун арабасын бирге тартып ойлогон ой максаттары да бир болду. Шыбак  колдон башка эч нерсе өспөйт деген жерди гүлдөтүп турушу бул ынтымактын гана үзүрү экенине ынанып калды. Абжалбектин оор басырык мүнөзү ар бир ишти ойлоп чечишинин майнабы чыгып ийгиликке жетти. Агрономиялык илими болбосо да турмуштан алды. Көрө көрө көсөм болду. Атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башыңда деген сөздүн чындыгы да калкып чыга баштады. Талыкпаган эмгек ооматка жеткирип жүзүңдү жарык кылат. Тигилген ар бир бактын түбүндө жасалган көлчөккө суу куюп чыгып денеси талыкшып чарчагандыктан уйку тартып кетти. Кынтая калып уйкуга кетти. Ал бул жолу түшүнүксүз туш көрдө. Түшүндө өзүнө тааныш эле талааны аралап барат. Күн эчак батып, каралжын тартып чыгыш тарабынан заңкайган тоолордун сөлөкөтү бажырайган жылдыздардан мунарык тартып араң көрүнөт. Мойноктун түштүк жагында талаанын бир жак онуру сурулуп барып чоң Көк-Арт дайрасына чайлашып барып бүтүптүр. Кептелген күздүн түнү созулуп, жылдыздар асманда жымыңдап мунарыктап араң көрүнөт. Талаа созулгандан созулуп кел келебер сенин баскан изиңди сагындык бир аралап өтчү багбан дегендей мелтиреп тынч уйкуда мемирейт. Ал баскан жалгыз аяк жолдун жээктериндеги куусан тарткан чөптөр,тикенектүү уйгактар боз тикенектер жашылданып кулпурушат. Өзүнө тааныш жакын эле тууганы мында бас жашыл чөп чарга аралашып кыйналбай такыр таштак менен бас дегендей ишарат кылып чакырат. Кой куураган таштуу кумакка баспагын бүтүн батып ооматың качат. Тоону ыктап таза аба боз тоону өздөштүр дегендей үндөр чыгат. Кой аларга теңелбе? Алар өзүнөн чыккан бакылдар. Эсине кел. Биз сиз менен биргебиз. Эч качан пендем маани бербей жашап келесиздер. Сен кимсиң. Мен деген эмгек болом. Бул ак эмгек менен жашап жаткан адамдын ички ой туюмунун серпилиши эле. Ал кандай жолго салып канчалык аралыка таштайт ал адамдын өзүнөн. Жаман ойлогондордун колунан жылмышып түшүп эмгекчил ак ниет адамдын колун майланыштырып дайым үзүрүн көрсө деп жашап келем. Мен эмгек! Мен эмгек! Уйку соонун ортосунда жатты. Ооматтуу адам кудайдын эң жакын пенделери экенинен ал күмөн санаган жок. Шайтанды мойнуна мингизип, эч нерсеге көңүл чаппай  оңой олжо менен шугулдангандардын бузукулардын өзүнүн жанында жүрүп кара ниет котур таштуулардын оюу ишке ашпай таманга жабышкан жука муздар кандай талкаланса өздөрү байкабай сезимдерди да ушул мүнөттө талкаланып кетти. Ушул уйку соонун ортосунда жакындарды душман деп да айталбайсың. Кыңыр ишин көрсөң да кың дебей тим болосуң. Абжалбек сен аларга теңелбе? Оомат эмгекти сүйөт, ушул ишинден тайыба. Алардын бараар жери чектелүү дегенде ойгонуп кетти. Өзү көгөртүп өстүргөн какыр талаанын ортосунда жатып ушул түштү көрдү. Жүрөгү лакылдап суусап да калыптыр. Чынында эле кечээ күнкү кылган  жамандыктары үчүн бүгүн жооп берип ары бери чуркагандардын иши оңунан чыкпай эки анжы ойдун кучагында жүргөндөр көп. Эмек кыл! Эмгек эрезеге жеткирип өстүрөөрүнө ынанып калдым. Түш да өңүндө болгон иштин чагылышыбы?

– Болбосо жаманга теңелбе? Алар баскан жолдордон кач дегендей аяндардын кириши ойлондурат. Оң жолду танда деген Алланын ишаратыбы? деп да ойлоп кетем.

– Сабыр кыл, баары жакшы болот дегениби? деп өзүмө өзүм суроо берем.

– Ошол жаман адамдардын кылгандарынан ооруп да калгам. Бул жерди мыйзамсыз алып иштетип менчигине басып алды деген доомат менен жакындарынын айынан сурак да берип келген. Бул жарыктыкта жакшы адамдар да бар экен. Терден бүткөн ак эмгек чындыктын жол көрсөткөн атасындай болуп чыга келди. Жөнөткөн текшерүүчүлөрү ал адамдын кылганы сыйлыкка татыктуу экен. Андай тикен баскан боз талааны гүлгө айлантуу ар бир адамдын колунан келе бербейт.

– Андайларды  колдоо гана керек деп жыйынтык чыгарып бергенден кийин бир аз тынчыган. Ошол күндөн бери жаманга теңелбе эмгек гана сенин жүзүңдү ачып ишиңди илгерлетерине көзүм жетти. Бирок өткөндү унутпа беш кол барабар эмес жамандында жакшы жагы болот. Өткөндөгү чет элдик жашылдандыруу коомчулугунан келгендердин арасында баягы эки жүздүү адам болуп жаткан эмгекти көрсө да көргүсү келбей эмне кылаарын билбей деми кыстыгып азыр эле даана көрүнүп турган, жалгыз аяк жолда кен талаа да таарып, көзүнө бүдөмүк көрүнүп гүлдөгөн талаанын арасында тургандарын көргөндө жаман адамдын ичи таарып өзүн жоготту. Денесин чындап калтырак басып, көзү көргөндүн жакшы жактарын эч кимге байкатпай тигил бийик тоолорго барып кечирим суроо үчүн келгенин бул ыймандай сыр экенин айтсамбы? же айтпасамбы? деп эки анжы ойдо турду. Сиздин улуу тоолорго жалгыздап келгениңиздин төркүнү бизге белгилүү. Сизди бул абалга жеткирген тиги кара ниет ичи тардык деген ооруу тууганыңыз болду. Болбосо ушундай иши журуп оомааты келип турган тууганыңызга да ушундай мамиле кыласызбы? Алда Алланын сүйгөн кулу. Мындай  ичи тарлык оорудан кандай айыкса болот. Эмгек менен гана келе жаткан адам, эгер кудуретиң жетсе ошол адамдан кечирим сура дегендей улуу тооолор зымпыйышат. Тез жөнө, кечикпе пендем бул сөздөр ичинен чыгып кулагына жаңырса да баргысы келбей, тунжурап  арасат жолдо тоо арасында тоңуп муздады. Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы? дегендей суроо  жок жерден чыкпагандай. Жакшы адамдардын жолун тоспой, эл арасында аман эсен эмгек кылып жүрсө мындай жаман оорудан арылабы эле? деген ой келет. Жамандык менен жакшылык адамдар менен кошо жашап келээринен күмөн санаган жок. Ал кимди какшатып кимди алдап, ар кыл түргө салып жүргөнүн эстеп катып турду. Жаман адам деген ооруга чалдыгып калгандыгынан тамыры терең кетип калгандыктан, мындай оорудан арылуу кыйын болду. Арга жок пендем колун менен кылганды мойнун менен тарт дегендей улуу тоонун муздак абасы  аз сага дегендей тоңдургандан тоңдуруп, тоонун караңгы түнү басып калды. Түшү оңолгондун иши оңолот болуп, Абжалбектин дүйнөсүнө бут тоскондордун иши кыйчалыштап жасаган иштери алга жылбай бир жерде токтоп тургандай болду. Өздөрүн душман санагандар беш күн тамак ичпеген адамдардай болуп, эмне кылаар айлаларын табалышпай шалдырашат. Жамандык арты жаман болоорун унутпа пендем деп канат им болосун. Болбойт билбейт деп жасаган жамандык иштери кайра өзүнүн өзөгүн өрттөп түтөп турду. Абжалбектин бою узун арык чырай шыңга бойлуу, колдору узун шадылуу болгондуктан ого бетер жамандык ойлогон адамга сүрдүү көрүнүп өзүнөн өзү чүнчүп, эл арасында жаман деген сөздөн башка эч нерсеге татыбады. Элден чыгат деген ушу эмгекчил адамды эл өзү сыйлап алат. Убагы келгеде мындан артык бакыт барбы? Терезеден каккылап жазда кирип келди. Кэчээ күнкү каптап турган ак кар тоо таяна качып күчүн жогото баштады. Терезеден арбайып күздө жоготкон жалбырактарын жоктогондой эгилген көчөттөрү жаздын келишин гана күткөндөй болуп мойноктун боорунан көрүнүп турду. Кар кетээри менен жерден баш көтөрө баштаган байчечекей гүлдөрү да биз бар дегендей ар кайсы жерден көрүнө калып балдардын сүймөнчүлүгүнө  айланды. Былтыркы күнкү чала бүткөн чайканасынын тазалап, курулуштарын бүтүрүүнөн алдында жүрдү. Май айы келип калгандыктан жакында бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроосун үнү кагылат. Жаштардын ушул жерге келип көңүл ачып кетээр жайына айландырып шарт түзүүнүн аракетинде жүрдү. Жакшы адамдын ойюна дайым жакшы ойлор келет. Өзүнчө кыңылдап  ичинен ырдагандай көңүлү шат жүрдү.

 

Эмгексиз тапкан байлык татыбас

Эмгек кылган адам арыбас

Өткөн күнүн ак болбосо

Келечек сени түбү тааныбас

 

Жогору жактын эшигин каккылап, менин эмгегимди баалап койгула деп чуркагандар канча.

Абжалбектин иштен колу бошобойт. Атымы койгула деп чуркаганга чолосу жок. Ошондой болсо да эл өзү Абжалбектин кафеси деп эч кандай эрежеси жок эле эмгектин ээсин атап жүрүштү. Ошентип ак эмгектин үзүрү болуп элдин сүйүктүү уулуна айланып, дагы бир Абжалбектин кафеси деп эл оозунда айтылып шамалдай таркап жайылып турду. Жаштардын сүйүктүү оюн зоок очогуна айланды. Абжалбек эмгектин адамы. Эл да ошондойлорго уктайт деген жездеси Туконун сөзү дагы бир жолу кулагында жаңырды. Ак эмгек гана эрезеге жеткирип жакшылык болооруна ынанып калды. Жакшынын артынан жакшы сөз ак эмгектин үзүрү калат. Эмне дейбиз эмгек жолун байсалдуу болуп ак жолундан тайыба дегенден башка сөз жок. Терден бүткөн эмгектин багы дүркүрөп өсүп быйыл да гүл ачты жемиши мөл болсун дейбиз. Бул ашмалтайы чыгып, буудайы топону аралашып калган чакчелекей болуп ким ким болгонун билбей турган заманда терең ойлоп сергек көз менен кароого убакыт келгендей. Материалдык байлыктын кулу болуп ички дүйнөсүн чиритип алгандарга инсап ыйман берсин. Тери кургабай эртеден кечке тынчыбаган баба дыйкандын дени сак иши ийгиликтүү болуп терден бүткөн бактын багы ачылсын дегенден башка сөз жок. Жерге канчалык тер төгүп эмгек кылсаң, ошончолук үзүрү болооруна көзүм  жетти. Эмгек кана элде калат. Жакшы ойдун кулу болуп жакшы сөзгө татыктуу бол бул жалганда…

Бекташов Изат, акын-жазуучу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17